Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя 21-майда болгон. Кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн жалданма фирманын өкүлүнөн пара талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.