Баткенде жаңыдан курулган убактылуу кармоочу изолятор ачылды

 Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


22-май күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Алмазбек Орозалиев Баткен облусуна иш сапары менен келип бир катар имараттардын ачылуу аземине катышты.

Иш сапарында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыдан курулган убактылуу кармоочу изоляторунун жана Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңыдан көчүрүлгөн имаратынын ачылуу аземине катышты. Бул аземде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл аксакалдары, коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү, ошондой эле өздүк курам болду.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыдан салынган убактылуу кармоочу изолятору Эл аралык Кызыл Крест коомунун колдоосу менен 2018-жылдын август айынан курулуш иштери курула башталган. Жалпысынан 18 жаранга ылайыкташтырылган бул убактылуу кармоочу жайы заманбап типте салынып, киргизилген шектүүлөр жана айыпкерлерге шарттар толугу менен каралган. Бул имараттын ачылышында Баткен ОИИБнын начальниги Аскарбек Аширалиев, Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Сангита Кёнинг жана ушул комитеттин өкүлдөрү, ардагерлер кеңешинин төрагалары сөз сүйлөштү.

Ал эми Баткен шаардык ички иштер бөлүмү облус өзүнчө макам алгандан кийин 2008-жылы түзүлгөн. Баткен шаардык ички иштер бөлүмү тейлеген Баткен областынын борборунда 29 411 калк жашайт, жалпы аянты 51,8 км. кв. түзөт.

Баткен шаарында облустук, райондук жана шаардык макамдагы 200 гө жакын мекеме-ишканалар жана 15 ар түрдүү билим берүү мекемелери жайгашкан. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен ШИИБнын өзүнө караштуу административдик имараты жок болгондуктан, Социалдык фонддун имаратында убактылуу келишимдин негизинде жайгашкандыктан ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Ал имарат Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын балансына өтпөгөндүктөн, быйылкы жылы Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов мэриянын балансында турган, башкача айтканда мурда Баткен райондук социалдык коргоо бөлүмү отурган имаратты 2019-жылдын февраль айынан баштап Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө ыйгарды. Имараттын капиталдык ремонту Баткен шаарындагы ишкерлер тарабынан колго алынып, жалпысынан 600 000 (алты жүз миң) сом сарпталды.

Ачылуу аземинде КР ИИМнин орун басары милициянын полковниги Алмазбек Орозалиев имараттын капиталдык ремонтуна салым кошкон ишкерлерди КР ИИМнин сыйлыктары менен сыйлады.

 

Баткенде жаңыдан курулган убактылуу кармоочу изолятор ачылды: 1 комментарий

  • Май 29, 2019 в 11:15 дп
    Permalink

    Позор эле, чон заводдун ачылышы болгондо лента байлап, туалет курсанар да лента байлап министри чакырып, аш той жасагыла.

Комментарии запрещены.