Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири

Биздин өлкөбүздүн калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, “Аймактар үчүн Таза Суу” Форумуна катышып жатып билдирди.

Анын айтымында, Акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо — приоритетүү багыт катары  аныкталды. Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

«Бүгүн Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд. 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны — кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат. Мындан тышкары, ЕБРР, ЕС жана Швейцария Өкмөтү тарабынан 2019 — жылдан баштап, шаарлардан тышкары, айыл жерине да инвестиция тартуу жаӊыдан башталганы турат», — деп билдирди С.Жээнбеков.

Ошондой эле Мамлекет башчысы, айыл жергесин таза суу менен камсыздоого Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар кайрымдуулук фонду, Ас-Сафа жана Ас-Салам фонддору жакындан жардам көрсөтүп жатышканын кошумчалады.