Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды.

Маалыматка ылайык, Динара Сагинбаева 16-майда Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган. Анын жактоочусу сотко кайрылып, үй камагана чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген. Жактоочунун өтүнүчүн Биринчи Май райондук соту кечээ, 22-майда канааттандырган.

Белгилей кетсек, Сагинбаева Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган болчу.