Китепсиз акын да, падыша да жаралбайт

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Китепкана кызматкерлеринин ХI республикалык форуму 17-майда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уланды. Форум А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси менен коштолуп, КРнын Президентинин, Жогорку Кеңештин төрагасынын куттуктоолору айтылып, китепкана кызматкерлерине Президенттин ысмы чегерилген алтын сааттар жана Жогорку Кеңештин, министрликтин сыйлыктары тапшырылды. Аны менен катар Улуттук китепкананын тарыхын камтыган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Руханий казына болгон Улуттук китепкана 85 жылдык тарыхында өзүнүн агартуучулук  миссиясын  аткаруу  менен ата  мекендик  жана  дүйнөлүк  маданияттын казыналарынын ичинен өзгөчө орунду ээлеп, илим, билим жана маданиятыбыздын өнүгүүсүнө зор салымын кошту. Азыркы мезгилде китепкана көөнөрбөс бай мурас болгон негизги фондду сактоодо жаңы технологияларды колдонуу менен алардын электрондук көчүрмөлөрүн жасоо, электрондук китептерди сайтка жайгаштыруу сыяктуу заманбап иштерди аткарууда. Өлкөнүн илим,  билим,  маданиятын  өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин алга жылдырууда ачык санариптик сервистерди өркүндөтүүдө жана кызмат көрсөтүүдө мобилдүү ролду ойнойт.

– Бул маараке китепкана коомчулугу үчүн эле эмес, бүтүн өлкөнүн турмушу үчүн да маанилүү окуя, – деп айтылат Президент С.Жээнбековдун куттуктоосунда.  –Бул жерде уникалдуу китептер сакталууда. Китепкана интеллектуалдык жана дүйнөлүк классика болгон адабияттарды жайылтууга мүмкүндүк берди. Улуттук маданиятты сактоого жана өркүндөтүүгө, илимий жана агартуучулук миссияны аткарууга баа жеткис салым кошту.

– Китеп – адамзатынын байланышындагы көөнөрбөс мурастардын бири, – деп айтылат Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоосунда. – Ал адамды өз башатына баш багууга, жандүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып байкоо жүргүзгөндү билдирет. Китеп адамдарды байланыштырат деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов белгилеп өткөндөй, китеп адамдын чыныгы досу жана окутуучусу, акылдуу кеңешчиси жана ишеничтүү жардамчысы. Андыктан билим улагысы келгендер адамзат тарыхын жана келечегин сактаган улуу казына. Ал эми ошол улуу казыналар сакталган жай бул – китепканалар болуп эсептелет.

Албетте,  технология  өнүккөн  доордо баалуулуктар кандай гана өзгөрүүлөргө учурабасын китептердин жана китепканалардын мааниси дагы арта берерине шек жок. Бирок китептерди электрондоштуруу менен заманбап колдонуу ыкмаларын жайылтуу учур талабы.

– Улуттук китепкана Франция өлкөсүнүн Кыргызстандагы негизги өнөктөшү болуп саналат, – деди Франциянын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу ЭлчисиМикаэл РУ. – Ноябрь айында Улуттук китепкана  менен  Франция  өлкөсүнүн ортосунда  маданий  борбор  ачуу  боюн-ча меморандумга кол коюлган. Ал борбор жабдылгандан бери эки өлкөнүн бири би-ри менен маалымат алмашкан борборуна айланган.

–   1934-жылдын  31-майында  Кыргыз АССРнин  китепкана  ачуу  боюнча  токтому чыгып, ушул эле жылдын август айында ачылган, – деди КРнын Маданият, маалымат жана турзим министри Азамат Жаманкулов. – Китепкананын ачылышы өлкөбүздүн маданиятында эң чоң окуя болгон. Улуттук китепкана өзүнүн бай фонду, көп түрдүү кызматтык маалыматтары, өлкөнүн башкы интеллектуалдык жана маданий борбору катары электрондук технологиялар менен ресурстарды  камтыган  натыйжалуу  долбоорлор менен иштеп жаткан заманбап китепкана катары белгилүү. Улуттук китепкананын фондунун жалпы көлөмү 6 миллион бирдикте туруп, алар уникалдуу жана мазмуну боюнча универсалдуу, дүйнөнүн 90 тилиндеги чет өлкөнүн жарандарынын басылмалары болуп саналат.

– Бул китепкана маалыматтын гана алтын сарайы эмес, дүйнөлүк акыл эстин уюткусу чогултулган билим ордосу, – дейт КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова.– Маданият очогу катары элибизге, мамлекетибизге абдан чоң кызмат кылып келе жатат. Китепсиз акын дагы, баатыр дагы, падыша да жаралбайт. Мына ошол улуулук байырлаган соолбос булак бул китепканачы деп сыймыктануу менен айтабыз. Улуттук китепкананын тарыхында өз ишин мыкты билген, чыныгы кесипкөй китепканачылар эмгектенишкен. Биз мыкты адистерибиздин эмгегинин натыйжасында өнүккөн өлкөлөрдөн калышпай иш алып баруудабыз. Учурда 112ден ашык мамлекеттин китепканалары менен кызматташабыз. Элчиликтер менен иштешебиз. 30дан ашык эл аралык долбоорлорду ишке ашырдык. Улуттук китепканада 14төн ашуун чет өлкөлүк маданий борборлор иштейт. Мындан сырткары биз илимий деңгээлде эл аралык иш-чараларды  өткөрүүдө  активдүү  катышып келебиз.