Билим казынасы

Быйыл Алыкул Осмонов атындагы КРнын улуттук китепканасы 85 жылдыгын белгилөөдө. Ал 1934-жылы Кыргыз АССРнин эл комиссариаты советинин чечими менен ачылган. Ал учурда китепкана фондунда 16 миң экземпляр китеп чогултулган. В.И.Лениндин жубайы Надежда Крупскаянын демилгеси менен фондду түзүүгө Советтер Союзунун чоң-чоң китепканалары өз салымдарын кошкон.

1938-жылы республикалык  китепкана  тарабынан фонддун негизинде эки китепкана  уюштурулган.  Алар Н.К.Крупская атындагы Борбордук шаардык китепканасы жана мамлекеттик коомдук китепкана болгон. Ал эми 1939-жылы Мамлекеттик  коомдук  китепканага Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы боюнча Н.Г.Чернышевскийдин ысымы берилген. Улуу Ата-Мекендик согуш башталган жылдары бул китепканага башка жактан 800дөн ашуун ири томдогу китептер эвакуацияланып,  алар  кыргыз  жана орус тилдеринде гана эмес 85 тилде китептер болгон. Согуштун биринчи жылдарында китепкана иши токтоп калбастан, 3 ооруканада жана 4 аскердик уюмда атайын китепканалар уюштурулуп, китепканачылар 3000ден ашуун окурмандарга  кызмат  көрсөтүшкөн. Согуш мезгилинде көптөгөн ишканалар, илимий жана маданий мекемелер Кыргызстанга көчүрүлүп келгенден кийин, китепканадагы окурмандардын саны дагы өскөн. Мисалга алсак, согуш башталганга  чейин  китепканадагы  окурмандын саны 250гө жетсе, согуш учурунда 600-700 адамды түзгөн. Мындай  масштабдуу  өсүүдөн улам библиографиялык сурамжылоо бөлүмүн ачууга туура келген. Окурмандардын ишин жеңилдетүү үчүн 1942-жылы 9 миңден ашуун карточкадан  турган  картотека түзүлөт. 1960-жылдары республикалык китепкана жаңы имаратка көчүрүлгөн. 1964-1965-жылдарда окурмандардын саны өтө тездик менен өсүп, алар 45845 адамга кызмат көрсөтүшкөн. 1984-жылы Н.Г.Чернышевский  атындагы китепкана  атайын  адистештирилген жаңы (азыркы) имаратка көчүрүлүп, ага В.И.Лениндин ысымы  ыйгарылды.  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-октябрындагы №486 токтомуна ылайык китепкана Кыргыз Республикасынын Улуттук  китепканасы  статусун алган.

Учурда Улуттук китепкана Кыргызстандагы бардык китепканалардын ишин координациялаган, китепкана  ишинде  инновациялык технологияларды киргизген, ошондой эле илимий-методикалык борбор болуп эсептелет. Китепкана фондунда 6 млн. басылма, маалыматтык ресурстар бар. Жылына 300 миңге жакын окурмандар тейленип, 1 млн. басылма пайдаланууга берилет. Окурмандарды тейлөө менен гана чектелбестен, жыл сайын 700гө жакын массалык иш-чаралары өткөрүлүп турат. Китепкана бардык тармактар боюнча басылмаларды берет, библиографиялык суроо-талаптарды аткарат, суроолор боюнча адабияттардын тизмесин түзөт жана актуалдуу электрондук ресурстардан пайдаланууну  камсыздайт.  Түрдүү тармактар боюнча дифференцияланган 16 окуу залында 1000ден ашык окурмандык орун бар. Орто эсеп менен күн сайын 600дөн 1000ге чейин окурман тейленет. Фонддо 90 тилдеги адабият бар. 2008-жылы китепкана фонду 20 миңден ашык китепке толукталган, анын 13 миңи илимий жана 1 миңден ашыгы адабий китептер. Мындан тышкары китепканага КМШ мамлекеттеринин илимий чөйрөсүндөгү илимпоздордун диссертацияларынын көчүрмөлөрүн жана Россия Федерациясынын мамлекеттик китепканасынын диссертацияларынын электрондук китепканасын колдонууга келишим түзүлгөн. Анын фондунда илимдин ар багыты боюнча 170 миңден ашык кандидаттык жана доктордук илимий иштер бар.

Жыл сайын китепканага орто эсеп менен 20-25 миң нуска түрдүү басылмалар алынат анын ичинде карта, нота, кол жазмалардын, сейрек кездешүүчү китептердин, сүрөт басылмалардын, диссертациялардын, гезит-журналдардын, патенттик  жана  нормативдик-техникалык документтердин атайын түрлөрүнүн, укма, көрмө материалдардын жыйнактары бар. Маалыматтык иликтөө аппараты 40тан ашык карточкалык жана электрондук формадагы каталогдордон жана картотекалардан турат. Электрондук каталогдор ресурсуна: китептердин электрондук каталогу, мезгилдүү басылмалардын электрондук каталогу, «Кыргызстан» электрондук каталогу, Кыргызстандын китепканаларынын бириктирилген каталогу, чет тилдердеги адабияттардын электрондук каталогу ж. б. кирет. Китепкананын библиографтары Кыргызстандын улуттук библиографиясын түзүүгө орчундуу салым кошушкан. Илимий-көмөкчү библиографияда бардыгы 160 миңге жакын документ катталса, анын 38 миңден ашыгы кыргыз тилинде.

Улуттук  китепкана  дүйнөнүн 40тан ашуун ири китепканалары менен кызматташат, анын ичинде Россиянын мамлекеттик китепканасы, Ельцин атындагы Президенттик китепкана, Россия Улуттук китепканасы, Россиянын мамлекеттик илимий-техникалык китепканасы, АКШ Конгрессинин китепканасы, Малайзиянын, Ирандын, Япониянын, Франциянын, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук китепканалары бар.

КРнын Китеп палатасы Улуттук китепкана фондуна Кыргызстанда басылып жаткан китептерден бир нускадан берип турат. Мындан тышкары жеке авторлор да китепканага эмгектерин белек кылган учурлар да бар.

МАКСАТБЕК кызы Мырзайым, КРнын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокумменттер архивинин жетектөөчү архивисти