Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн медиа форумунун ачылышына катышты

Бүгүн, 24-майда Бишкекете ШКУ өлкөлөрүнүн “Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу” аталышындагы медиа форум өтүп жатат. Аталган иш чараны ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Белгилей кетсек, медиа форум Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулууда. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ Катчылыгынын, алдыңкы катардагы ЖМКлардын өкүлдөрү, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа эксперттери, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр чакырылган.

Форумдун жүрүшүндө «ШКУ өлкөлөрүнүн медиа ресурстар каражаттары аркылуу ШКУнун платформасын динамикалуу илгерилетүү» жана «ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын өз ара эффективдүү аракеттешүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү» темалары боюнча сессияларды өткөрүү күтүлүүдө.

Эске салсак, Бишкекте ШКУ алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин башчыларынын, Тышкы иштер министрлеринин, Маданият жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары өткөрүлдү. Ошондой эле жакында ШКУга мүчө мамлекеттердин Бизнес форуму жана Аялдар форуму болуп өттү.

Кошумчалай кетчүү жагдай ШКУга Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан мүчө болуп саналат. Ал эми Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу макамында. Диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан жана Түркия.