Эми экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-майджа Президент Сооронбай Жээнбековго Экономика министри Олег Панкратовду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизген.

Белгилей кетсек, буга чейин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.