Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш долбоорунун үчүнчү фазасы- узундугу 69,7 км. Эпкин-Башкууганды (89,5 км. – 159,2 км.) участогу, БААЭК 1 жана БААЭК 3 транспорттук коридорлорунун ортосун бириктирүү жолу долбоору ишке ашырылууда. Ишти 2022-жылга карата аяктоо пландаштырылган.

Өкмөт башчы масштабдуу инфратүзүмдүк объекттин маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса көрсөттү.