БУУнун Баш катчысы Кыргызстанга келет

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш 11-июнда Кыргызстанга келээри аталган уюмдун сайтында кабарланды.

Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Анда соң Ош шаарына барып, 2010-жылда болгон Ош окуяларына карата уюштурулган иш-чарага катышат.

Иш сапар Борбор Азияны кыдыруунун алкагында болмокчу. Гутерриш Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга келет. Ал аталган мамлекеттердин башчылары менен да жолугуп, бир катар маселелерди талкуулайт.

Маалыматта, Астана шаарында БУУ башчысы Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын отурумуна катышаары жана анда чыгып сүйлөөрү айтылган. Ашхабадда, 13-июнда БУУ жетекчиси Борбор Азиянын терроризм менен күрөшүүсүнө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынына катышат.