Лукашенко Казакстандан Беларуска мунай жеткирүүнү сунуштады

Беларус президенти Александр Лукашенко өлкөгө мунай жеткирүү боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги жазды.

Лукашенко Казакстандын Беларустагы элчиси Ермухамет Ертысбаев менен жолугушуусунда Минск мунайды кайра иштетүү заводдору үчүн мунай булактарын диверсификация кылууну каалай турганын айтты. Өз кезегинде казак элчиси Буларусту мунай менен камсыз кылууга даяр экенин, бирок бул үчүн Орусия менен макулдашуу керектигин белгиледи.

Апрелде Орусия Беларуска «Дружба» кууру аркылуу мунай жеткирүүнү токтоткон. Буга анда булганган мунайдын табылышы себеп болгон.

23-майда Transpetrol компаниясы орус мунайы «Дружба» кууру аркылуу Словакияга кайрадан ташыла баштаганын билдирди. Бул куур аркылуу мунай Казакстан менен Орусиядан Польша жана Германия өлкөлөрүнө дагы жеткирилет.

Ушул жуманын башында «Белнефтихим» мамлекеттик компаниясы өлкөгө мунай жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн дагы эки ай талап кылынарын билдирген. Компаниянын маалыматына караганда, учурда Беларуста 1,2 миллион тонна булганган мунай бар.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуяны өлкөнүн жана анын мунай инфраструктарысынын аброюна келтирилген «өтө олуттуу зыян» деп атаган. Орусиянын «Транснефть» мунай компаниясы мунайдын булганышы үчүн анча чоң эмес жеке компанияны айыптады.