«Кыргыздар» 20 томго жетти

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


«Супара» этнографиялык комплексинде алмустактан азыркы күндөргө чейинки кыргыз элинин басып өткөн жолу, тарыхы, санжырасы, этнографиясы тууралуу көлөмдүү эмгектерден баштап, а тургай кыргыздар тууралуу алакандай маалыматтар камтылган «Кыргыздар» китебинин 20 томдугунун бет ачары болуп өттү.

2 млн. ашуун сөздөн турган, 300дөн ашуун автордун илимий эмгектери камтылган 20 томдукту Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдер түзсө, белгилүү тарыхчылар Р.Жолдошев менен Т.Асанов редакциялашкан.

Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев Президент С.Жээнбековдун атынан «Кыргыздардын» 20 томдугун түзүүдө албан эмгек жумшашкан жазуучу К.Жусуповго жана депутат К.Иманалиевге ыраазычылык билдирип, «Кыргыздар» менен студент кезден тааныштыгын эске алып, түзүүчүлөрдүн эмгегинин ат көтөргүстүгүн белгилеп кетти.

Тарых  илимдеринин  доктору А.Асанканов кыргыз элинин улуу жана көөнөрбөс тарыхын элге жеткирген 20 томдуктун түзүүчүлөрүнүн эмгегине жогору баасын берүү менен атуулдуктун өрнөктүү миссиясын аткаргандыктарын белгиледи.

Ааламдашуу доорундагы баалуулуктардын бири эне тилге жана тарыхка болгон мамиле экендигин айткан Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев рухубуз бөксөрбөсүн деген изги тилегин билдирди.

«Кыргыздар» 20 томдугунун түзүүчүлөрүнүн бири жазуучу Кеңеш Жусупов «Бул демилге кийинки муунга сабак. Бул ошолорго тартуу» экендигин  айта  келип, 20 томдуктун  жаралуу тарыхына токтолду. Алгачкы  басылыштарында 40-50 миң нуска менен «Кыргыздар» жалпысынан 100 миң нуска менен жарык көргөн. Кошуна казак эли өз тарыхын жаштар үчүн 100 томдук кылып жазууну мүдөө кылганын кыйытып айтты.

«Кыргыздардын» бет ачарынын жүрүшүндө «Тилекмат аке» эл аралык сыйлыгы жана төш белгиси менен сыйланган саясат таануу илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Бул менин өмүрүмдөгү эң чоң сыйлык» деп белгилөө менен, жети акесиз кыргыз тарыхын элестетүү эч мүмкүн эместигин, жети акенин бири – Тилекмат өз мезгилинин дипломаты да, парламентарийи да, чечени да, кара жылды как жарган калысы, алысты көрө билген көсөмү, элди туура жолго сүрөгөн даа-нышманы да болгонун баса көрсөттү. «Кыргыздардын» 20 томдугунун автору биз эмеспиз. 20 томдукка 300дөн ашуун автордун эмгеги кирди» деди Каныбек Иманалиев.  Түзүүчүлөрдүн атынан  Президент С.Жээнбековго  бир куржун  «Кыргыздар»  берилип,  жылуу каалоо айтылып, Президенттик аппараттын  жетекчиси Д.Эсеналиевге  тапшырылды.