Фестиваль балдарды, жалпы элди кубанычка бөлөдү

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


«Отунбаеванын демилгелер» фондунун балдар искусствосу фестивалы шаардын борбордук аянтынан борбордук сейил бакка чейин камтыды. Фестивалды аталган фонддун түзүүчүсү экс-президент Роза Отунбаева ачып, маданият, искусство мамлекеттин, элдин жүзү, элдин, руханий, интеллектуалдык жактан өсүп өнүгүшүнүн орошон булагы экендигин баса белгилеп, өзгөчө жаш муундарды, сабаттуу, билимдүү болууга чакырды. Буйруса балдар фестивалы жалаң эле Бишкек шаарында өткөрүлө бербей, Таласта жыл сайын өтүп турарын билдирди. Ошондой эле фестивалды уюштуруу ишинде чоң көмөк көрсөткөн Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ал  эми  Өкмөттүн  ыйгарым  укуктуу өкүлү Марат Мураталиев өрөөндүн 2000ге чукул балдарын камтыган эң сонун фестивалды  уюштуруп берген Роза Исаковнага, ал жетектеген фонддун жамаатына ыраазылык билдирди.

Борбордук аянтта КР Президентинин «Манас» мамлекеттик симфониялык оркестри бир нече саат классикалык дүйнөлүк жана улуттук музыкалык чыгармаларын аткарып, миңдеген көрүүчүлөрдү тамшандырып руханий, эстетикалык ырахат тартуулады. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын артындагы борбордук сейил бакта япондордун барабан кагуу өнөрү балдарды да, чоңдорду да өзүнө тартып турду.

Роза Исаковна сейил бактан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме», «Кыямат» романдарынан окуучулар койгон оюндарды көрүп, ыраазы болду. Ошондой эле улуттук оюндардын бири болгон «Хан таламай» оюнун балдар, кыздар менен бирге ойноду.

Чынар дарактын түбүндө, аппак боз үйдө ыйгарым укуктуу өкүл М.Мураталиев, Кыргыз эл мугалими Бектур Исаков, белгилүү педагог Кыдыралиев ж.б. белгилүү инсандар балдарга көркөм китептерден үзүндүлөрдү окуп беришти.

Шаңдуу музыканын коштоосунда борбордун чок ортосундагы сахнада ыр, бий тартууланып, күүлөр ойнолуп, катышуучулардын алкоосуна ээ болуп жатты. Ал эми кырка тизилген жумурткадай аппак боз үйлөрдө балдар искусствонун бардык түрлөрү боюнча өз өнөрлөрүн карап турган адамдарга тартуулап жатышты. Күндөн коргоочу чатырлар менен боз үйлөрдө балдар алектенчү искусствонун төмөндөгү түрлөрү: Эбру, граттаж сүрөт тартуу, колдон жасалуучу 3D открыткалар, керамика/чопо, скульптура, санарип муун, шахмат (мында Азиянын чемпиону Айжан Съездбекова келген) Жапон барабандары, оймо мастер-классы жана башка көптөгөн, заманбап искусство менен элдик кол өнөрчүлүктү, батыш менен чыгышты бириктирип, жуурулуштурчу нерселер фестивалдын катышуучуларына тартууланды.

Балдары менен фестивалга келишкен ата-энелер, жалпы көрүүчүлөр ушундай саамалыкты уюштуруп, артыбыздан жетилип келе жаткан муунга көрүлгөн камкордугу үчүн «Роза Отунбаева фондусуна» жана таланттарын көпчүлүккө тартуулаган балдарга ыраазы болушту.

Түштөн кийин Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драмалык театрдагы поэзия кечеси да чыныгы руханий майрамга айланды. Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекетттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүрканов, жаш акындар Алтынбек Исмаилов, Акбар Кубанычбеков, Ырыскүл Изатова эки саат бою өз чыгармаларын жатка, көркөм окуп беришип поэзиянын керемет дүйнөсүнө көрүүчүлөрдү бөлөштү. Ал тургай Ырыскүл Изатова, Акбар Кубанычбеков, Алтынбек Исмаилов ыр, поэзия менен көркөм спектакль койгондой өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кыргыз тилинин, көркөм сөздүн чексиз көрөңгөсүнүн кереметин сөз гүлдөрү менен аземдешти.

Анатай Өмүрканов улуу акын Сүйүнбай Эралиевдин жана өзүнүн ырларын окуп, поэзиянын ыргактарына чабытатты. Белгилүү акын Тургунбек Бекболотовго арнап жазган ыры өзгөчө жүрөккө таасир калтырып, чыныгы таланттын көзү өткөнүнө беш жыл өтсө дагы поэзия күйөрмандарынын, чоң акындын жүрөгүндө жашап жүргөнү айкын көрүндү.

Роза Исаковна кеченин аягында сөз сүйлөп, кече мыкты таланттардын, адабияттын, поэзиянын күчү менен керемет көз ирмемдерге айланганын, адабият, искусство гана адамзаттын жан дүйнөсүн аруулантып, байытып көркөм дүйнөгө сугарып тураарын айтты.