Нурлан ДҮЙШӨБЕКОВ: «Чет өлкөдөгү көргөзмөлөргө катышып, Кыргызстандын атын чыгаргым келет»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Сүрөт: Лимон.кж сайтынан автордун уруксаты менен алынды

Нурлан бош убактысы болгондо сүрөт тартканды жакшы көрөт. Бирок, ал сүрөттү кадимки карандаш, гуашь, акварель менен эмес, кофе менен тартат. Нурландын кофе жыттанган сүрөттөрү коомчулуктун назарын буруп, кызыгуусун жаратууда…

— Нурлан, кофе менен сүрөт тартуу идеясы кайдан жаралды?

— 3 жыл мурда окуудан сырткары кошумча жумуш издеп, кофейняга ишке орношуп калгам. Ошол жерде иштеп жүрүп, кардарлар үчүн кофенин үстүнө сүт менен сүрөт тартып баштадым. Барган сайын кофенин жытына, даамына кызыгуум жаралды. Бир күнү кофе менен кагаздын бетине сүрөт тартып көрүүнү чечтим. Алгачында, ал эмгектеримди эч кимге көрсөтчү эмесмин. Эргүү келгенде тартып, кайра катып койчумун. Кийин кесиптештерим байкап калып, тарткандарымды мактап, мага аябагандай дем-күч берип коюшту. Ал тургай бир-эки жолу чакан сүрөт көргөзмөмдү уюштуруп беришти.

— Мурда деле сүрөт тартчу белең?

— Кичинекейимден эле сүрөт тартам. Чоң скульпторлордун, таланттуу сүрөтчүлөрдүн арасында жүрүп чоңойгом десем да болот. Анткени, атам Алаев Дүйшөнбек Т.Садыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясында иштечү. Мени дайыма жумушуна ээрчитип алар эле. Сүрөткө болгон кызыгуум ошондо эле ойгонуптур. Атам да өз учурунда көп нерсени үйрөткөн экен.

— Атаңдан өткөн өнөрдү алып кетүү үчүн, кесиптик билим алгандырсың?

— Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде экономика тармагы  боюнча билим алдым. Салык жана салык салуу жагын аяктадым. Ал эми жогоруда айткан кофейняга 2-курста окуп жүргөндө баргам.

— Демек, ошондон бери кофейняда иштейт экенсиң да?

— Жок, ортодо бир аз убакыт графикалык дизайнер болуп иштеп жүрдүм. Бирок, кайра эле кофейняга кайтып келдим. Жакында эле досум экөөбүз биригип, өзүбүздүн кофейнябызды ачтык. Учурда кардарларыбызды көбөйтүү жана аларды даамдуу кофе менен камсыз кылуунун үстүндө кызуу аракеттенип жатабыз.

— Сага телефон чалганымда, башка жумушта элем дедиң, дагы кыйсы жакта иштейсиң?

— OXFORD мектебинде иштейм. Ал жакта графикалык дизайн боюнча сабак берем.

— Демек, англис тилин да мыкты билет турбайсыңбы?

— Ортодон өйдө. Мектепте окуп жүргөндө эле жакшы окучумун. Кийин бир нече жолу атайын курстарга барып, кошумча билим алгам. Ал эми OXFORD мектебинде орус жана англис класстары бар. Мен орус класстагыларга сабак берем.

— Сүрөт тартуудан сырткары, дагы эмнеге кызыгасың?

— Графикалык дизайнга кызыгам. Кезкезде китеп окуйм. Убактым болгондо жаш балдар үчүн сүрөт тартуунун ыкмалары тууралуу мастер-класстарды өтүп турам.

— Келечекте кандай ой-максаттарың бар?

— Жана айткандай, буга чейин чакан эле көргөзмөлөрдү өткөрүп келгем. Алдыңкы убактарда чоң көргөзмөмдү өткөргүм келет.  Андан  сырткары,  чет  өлкөдө  өткөн көргөзмөлөргө Кыргызстандын атынан катышууну самайм.

— Буга чейин катышып көрүүгө аракет кылдың беле?

— Ооба, мурдагы жылы март айларында Лондонго жөнөткөм. Бирок, тилекке каршы почта менен кеч жетип,  катышууга  жетишпей  калгам. Ошол эле жылы Нью-Йорк шаарында кофе менен тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү  өтүп, ошого  катышкам. Сүрөт тартуу менин хоббим гана экени-не карабастан, ушуну менен эле чектелип калгым келбейт. Келечекте чоң масштабдагы  иш-чараларга катышып, Кыргызстандын  атын  чыгаргым келет!