Асылбек МАРАТОВ, төкмө акын:«Бийик ар-намыс – өмүрдүн маңызы»

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Сөздүн баасы, күчү, анын терең мааниси – төкмө акындык өнөрдө айкын көрүнгөн. Бүгүн дал ушул улуу өнөргө жаңыча боёк кошуп, анын түпкү бийик жолун сактап калууга далалат кылган таланттуу инсандар бар.

 – Асылбек, төкмө акындык өнөрдүн татаалдыгы сизди ойлондурабы?

– Ойлондурат. Чоң изденүүнү талап кылат. Жети атамдын тарыхын карасак, бешинчи атам кадимки залкар олуя акын Арстанбек Буйлаш уулу. Демек, бул улуу өнөрдүн мага берилиши – Кудайдан жана түпкү ата-бабабыздын жолунан десем туура болот.

– Айтылуу талант Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдыгына арналган эл аралык  чоң  айтышта сизди көргөнүбүз да жөн жерден эмес турбайбы?

– Сөздүн маңызы ушул жерде. Мектепти аяктап, шаарга келген кезим. Ошондо Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдыгына арналган эл аралык чоң айтышка таенем жетелеп барып, акындарга тааныштырган. Дал ошол сахнадан “Улуу тоолор” деген күүнү черткем. Садык Шерниязов агабыз мага комуз белек кылып, аны эл алдында Элмирбек Иманалиев агабыз тапшырган. Мезгил тулпар сымал окторулуп, улам көзгө илээшпей өтсө да, мен үчүн жагымдуу ошол көз ирмем көңүлүмдө сакталуу. Ошол күндөн тарта акындыкка ык коюп, өнөр сапарында келе жатам.

– Изденүү, таасир алуудагы сиздин жолуңуз?

– Элибизде эзелтеден калган бийик нарк-нуска, ширелишкен акыл, туюм, устаранын мизиндей кылып талантты таптоо өңдүү терең философия орун алган. Биздеги устаттын жолун улаган улуу нуска мына бүгүн да өз жемишин берүүдө. Элмирбек Иманалиев менен Аалы Туткучевдин чыгармачылык супарасы мендеги таасирди күчтөндүрүп, шыктанууга, изденүүгө, алдыга умтулууга негиз берет. Анан сөзсүз адабий-көркөм чыгармалар, дүйнөлүк сөз берметтери такшалууга, тереңдөөгө көмөк болот.

– Кандай учурда курч мүнөздөгү кызыктуу айтыш орун алат?

– Сөзсүз түрдө өзүң менен теңтайлаша ала турган же өзүңдөн да күчтүү акын менен бетме-бет келсең өкүнбөйсүң. Айтыш болгон сайын дасыккан, чебер төмкө акындар менен эл алдына чыгууну тилек кылам. Алар айткан ойду ары карай тереңдете улап, өзүнчө бир кооздук берип, көрктөндүрүп, тамаша куруп, айтор мыкты айтыш жаратууга эң сонун шарт түзөт. Ой-туюму күчтүү төкмө акын менен айтышууда өзгөчө бир ырахатты, көңүл толкуткан эргүүнү сезесиң.

– Кайсы бир айтышта жеңилүү ызасын тарттыңыз беле?

– Жеңилүү ызасын тартпаган төкмө акын жок деп айта алам. Ар бир акын финалга чыгууну самайт. Бирок, ага жетүү жолу өтө узак. Орто жолдон кулайсың, өбөктөп, тура албай, алдастайсың. Жүрөгүңдө таарыныч пайда болот. Өзүңдү-өзүң жектейсиң. Ал эмес ошол бойдон айтышка чыкпай эле кетеберүү да оюңа келет.

Мен да бир канча жолу тандоо турунан кулап, көп ыза болдум. Аймактарда өткөн айтыштарда калыстар тобу мени басып койгон учурлар да болду. Көрсө, аймактарда уюштурулган айтыштарда ким кожоюн болсо, “байге да аныкы” деген система бар экен.

–  А сиз ошол “системага” туш болуу менен аны жеңилүү катары кабыл алдыңызбы?

–Жок! Жашоодо көндүм болгон көз жумду “системага” убактылуу жеңилген, бирок өзүнүн ар-намысы, уяты, репутациясы алдында бийик болгон учурлар бар. Бул мен үчүн баарынан маанилүү.

Деги эле ташкындаган күчтүү талантты майтаруу, сындыруу да мүмкүн эмес. Жарык чачып турган күндү тосуп, калкалоого болбойт. Анын нурлары жер бетине төгүлүп, улам өз жарыгын чача берет. Ошол өңдүү бир ууч калыстар тобу алдыга умтулган өзгөчө өнөрү бар таланттарга бөгөт боло албайт.

– Атактуулук же кызматтык бийиктөө сизди кызыктырабы?

– Дүйнөгө түркүк болчу ким бар?! Бүгүн айтылган чындык сөз – эртеңки келечектин пайдубалы.

Өмүр бою баш көтөрбөй иштеп, “акты ак, караны кара” деп чындык сөзүн айта албай, кошомат менен балыктай үнсүз болуп, бактысыз жашап кеткендер канча.

Деги эмнеден коркобуз?! Хандан, бектен кайра тартпаган кайрат менен ар дайым калыс ойду айтып, кашкөйлүк менен туура жолду көрсөтө билген мүнөз кан-жаныбызга сиңгенде гана өлкөбүз тез эле өнүгүү сапарын басып өтмөк.

Кызмат, байлык, кызыкчылыктар – мунун баары убактылуу. Кирсиз жан дүйнө, ак дилден, чын ниеттен мекенге, коомго кызмат кыла билүү – эрдикке тете иш.

Менимче, кандай ишти аркалаба, эң башкысы, эч кимге кол жоолук болбоо керек. Өзүңдүн үнүң, өзүңдүн жүзүң ар бир иштен көрүнүүгө тийиш. Жүрөгүң “калыстык, чындык” деп күйүп, ошол үчүн ооруп, ошол үчүн азап тартып турбасаң, анда сенин адамдыгың, бийиктигиң кайда?!

– Азыркы мезгил ыргагында бул наристенин ойлору сыяктуу…

– Акын жүрөгүндө жашаган ойду айтат. Анын деми, талантынын күчү ушунда. Түпкүлүгүндө ички дүйнөсү таза, адилет баам менен жүргөн адам кырдаалдарга карабастан, дал ошол өзөктү, бийиктигин сактап калат деп ойлойм.

– Сахнанын сүрү, улуу күчү да акынга дем береби?

– Миңдеген адамдын алдына чыгып, комузда кол ойнотуп, атаандашыңа орундуу жооп кайтарып, ошол жердеги кырдаалды төгүп ырдоо – татаал да, сыймыктуу да.

Сахнанын сүрү, күчү аркылуу жүрөктөн каймактуу ойлор калкып чыгат.

– Кандай адам сулуу жана жылдыздуу?

– Көңүлүндө адамгерчилик уялаган, айланасына жакшылык тилеп, жарыгын чачкан, кыска өмүрдө маңыздуу жашоо-го умтулган адамдар сулуу жана жылдыздуу.