Токон МАМЫТОВ: “Улуттар аралык мамилелерде кылдат мамиле жасаганды үйрөнөлү”

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Жүрөктүн үшүн алган 2010-жылдын июнундагы каргашалуу жаңжалдын болуп өткөнүнө быйыл 7 жыл. Апрель окуясынан кийинки элдин эсин эки кылган жаман окуя баарыбыздын эсибизде калды.

– Токон Болотканович, июнь окуясын иликтеген эксперт катары, жасаган ишиңиздин айрым айтылбай кеткен жагдайларынан эскерип берсеңиз?

– 2010-жылы күзүндө парламенттик шайлоо өтүп, биринчи отурумга чогулушту. Биринчи спикер шайланып, андан кийин комитеттер түзүлдү. Депутаттар июнь окуясын парламенттик комиссия түзүп иликтебесек болбойт деген чечимге келишти. Ошентип 5-6 комиссия түзүлүп, иштерин башташты, алар бирибирине туш келбеген фактылар менен ар кандай жыйынтыктарын чыгарып жатышты. Баарыбызга белгилүү болгондой эл аралык комиссия төрагасы Киммо Кильюнен болгон Кыргызстанды күнөөлөп койгон.

Ошентип 5 фракциядан 5 депутат чыгып, жалпы 25 мүчөдөн комсиссия шайланды, төрагалыкка мени шайлашты. Жаңы жылдын алды болгондуктан январдын аягында толук кандуу иштей баштадык. Май айында маселени алып чыккыла дешти. Депутаттар бөлүнүп алып иштей баштадык, биринчи күндөн жергиликтүү бийлик жана эл менен жолугуп, кыдырып чыктык, кыскасы тийиштүү болгон материалдарды топтодук. Аягында отуруп жыйынтыктоочу корутунду жаздым. Башка дагы материалдарды берип жатышты, өтө деле чоң материал болгон жок. Ал эми Киммо Кильюнендин комиссиясынын жыйынтыгы кийинчирек чыкты. Мен ага, сиз азыр иштеп жатасыз, жолугуп туралы, силерде болгон маалыматтар менен алышып беришип туралы дедим, жолукканга аракет кылдым, бирок тилекке каршы болбоду. Чалсам ар кайсы шылтоо менен качып жүрдү. Парламенттен дагы качты. Жазганын көрсөтпөсө да жолугуп коюш керек эле, бул эл аралык элчи болгон киши үчүн туура эмес болду. Кайнатасынан качкан келиндей болуп качып жүрдү, 3 ай кубаладым артынан.

– Ошондо эл аралык комиссиядан бирөө эле беле?

– Жок, башка дагы комиссиялар болгон, бирок алар биригип иш кылышкан эмес. Киммо Кильюнендин комиссиясына убактылуу Өкмөт тарабынан кайрылуу болгон, келип иликтеп бергиле деген. Ошентип калыс болгула десек, кайра бизди күнөөлөй башташты. Айрым өкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп жүрөт, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн айрымдары менен да жолукканы кетти дешти, ким менен жолукканы белгисиз болду, аны айтышкан жок убагында. Аларга жолугуп отчетун деле көрсөткөн дешти. Бир ирет мен айттым, сиздин бир чоң катаңыз, парламент менен тыгыз иштешкен жоксуз, мен комиссиянын жетекчиси катары жакпасам дагы, эмне үчүн жолуккан жоксуз дедим, мойнун шылкыйтты.

– Улуттарды касташтырган жаңжалдын өзөгү качан, кантип түзүлгөнү иликтенгенби?

Жер титирөө жергеталдыктарды козгоду

– Өзбек менен кыргыз кырылышты дегенге мен каршымын, бул жерде жаңжалды тутандыргандар баягы саясатчы сөрөйлөр, мурдагы бийликтеги адамдар. Эки президенттин учурунда эле өзбектердин картасын, өзгөчө шайлоо убагында, парламенттик, президенттик, жергиликтүү шайлоолорго аябай колдонушкан көзүрдөй эле. Көзүр карта колдо турат деп, тескери улутчул саясат жасашкан. Өзбек менен кыргыз улутунун сыртынан тон бычып, ар түрдүү амалдарды, махинацияларды пландап келишкен.

Ошол убактагы өзбектин төбөсү көрүнгөн кыйындарын алдап, кредит берип, бизнесин коргоп, жер бөлүп берип, чет өлкөлөргө делегацияга шайлап, Москва, Ташкент, Америкага чейин алып барып пайдаланышкан. Саясатчы сөрөйлөргө элдин, өзбек жана кыргыз элинин кызыкчылыгынын кереги жок болчу, алар айланасындагы өз кызыкчылыктары менен улутту ойлобой, карапайым элди эске албай эле, мынча өзбектен мынча добуш алып берем, ордуна бул заводду бересиң деп, соода менен саясый оюнга айлантышкан. Муну жеке президент эмес, айланасында жүргөн жооптуу кызматкерлер, губернатор, акимдер, укук коргоо жетекчилери, милиция, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар атайын тапшырма берип жүргүзүп келишкен.

– Кадыржан Батыровдун атагы дагы ошол окуядан кийин чыкты, ага чейин ал ким эле?

– Экинчи президентибиз К.Бакиев 2008-жылы Кадыржан Батыровду өзбек уюмунун жетекчилигинен бошотуп, айрым бизнестерин тартып алган. Салахидиновду ордуна шайлап, “Акжолдон” депутат кылышкан. Бирок Батыровго өзбек маданияты дагы, тили дагы, дини дагы кереги жок болчу, жеке кызыкчылыгы биринчи орунда турду. Менин оокатымды алып бергиле деп ачык айта албай, элди мен диниңерди, адабиятыңарды, диниңерди коргойм, эркиндик берем, автономия кылам дегендей алдаган. К. Батыров, өтө куу болгон. Анда акча болгону менен саясый бийлик жок болчу. Базары, окуу жайы, бизнеси бар, бирок, бийлиги жок, ошон үчүн бийликке умтулган. Өзбектер менен соодалашам деп элди алдап, көпчүлүктү эмес, алдаса 100-200 адамды алдап, анан Убактылуу өкмөттү дагы пайдалана баштады, аягында таасири жетпей жатканда, саясий соода жүргүзө баштады, саясий сойкулук кылып, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетти.

– Аны менен соодалашпай, башка чара көрсө болот беле?

–Болот эле, азыркы премьер, ошондо Оштун губернатору С.Жээнбеков, мэр болуп, укук коргоо органдары менен биригип, айрым сепаратисттерди, Иномжон Абдрасулов деген Кадыровдун оң колун камаганда, алар элди чогултуп келип өрттөйбүз дешип, качырып, чыгарып кетишкен. Ал убакта айрымдары күндүз убактылуу өкмөткө иштеп, түнкүсүн мурдагы бийликке иштеп калышкан.

– Өзбек эли Кадыровдун артынан жаман аталып калыштыбы?

– Мисалы, К.Батыровго алданып кеткендер мыйзам бузууга барышты, адам өлтүрүштү. Өзбектин баары эле эмес, айрымдары калган эл турмушун ойлоду. Өзбек эли менен жолукканда айтышты, билгенбиз Кадыровду, балдарды чыгарбай үйдө отурдук дешти. Айылдан өзбектер көчөгө чыкпай калганда сөгүп, айылайылды кыдырып, уюшкан бандиттерди пайдаланып, айрымдарын сабатып, акмакчылыкка барган ал.

Өзбектер каптап келатканда, заводдогу 19 кыргыз баланы сактап калышкан, кыргыздар да сактаган, кыргыз жигиттер ачууланып келишкенде, өзбек экенине карабай мал сарайына, жер төлөсүнө киргизип сактап калган. Акмактары да болгон, бул жерде кыргыздар бар деп көрсөтүп, өлтүртүп койгон. Бирок, көбүнчө бирин-бири сактап калган. Эл өзү кандуу окуяны өз колу менен токтоткон. Мен токтоттум деген чиновниктер болду, анын баары калп, эл өзүн-өзү токтоткон.

Өзбек менен кыргыз согушкан жок. Ошондо Төө-Ашууну ашып жаштар баратканда, жолдо бир дагы өзбек улутундагы жаранга тийишкен жок. Эгер өзбекке каршы болсо, жолдо баратып эле айылдагыларды кырбайт беле. Бул жерде айрым акмактардын уюштурганы жана К. Батыровдун айланасындагы 5-6 адамдын кылганы болгон. Убактылуу өкмөттүн дагы оюна келген эмес ушундай болот деп.

К.Батыровго жол чийип берип, тигини мындай кыл деп турган адамдар болгон. Менде ал тууралуу факт жок. Убагында Б.Асанов бир топ маалымат бар, К.Батыровдун артында ким турат кийин айтып берейин деди, кийин айткан жок, чалып жолугуп да сурап, чай ичип дагы сурадым, кийин деп коюп бир да факт айткан жок. Балким жөн эле кадыр-барк табам дедиби, билбейм.

– Улуттук коопсуздук кызматы ошол учурда эмне иш менен алек болгон?

«Манас», кошок, жар-жар…

– Парламенттик комиссияга Р.Отунбаеваны чакырдык, ошол кездеги жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев да келди. Дүйшөбаев жазуу түрүндө жана оозеки маалыматтарды дагы берди. Ошондогу улуттук коопсуздуктун пресс катчылары “мынча боевик кармалды, араб өлкөсүндө М.Бакиев боевиктер менен жолукту, снайпер кармалды, чет өлкөлүк бандиттер кармалды, улутун айта албайбыз” деп жатышты. Анан комиссия мүчөлөрү мага айтышты, УКМКнын төрагасын чакыр деп. Ал киши айтты, булардын баары далилдеген жок деди. Сен өзүң маалымат бердиң, боевиктер келатат деп, ошонун баары калппы дешип депутаттар дагы катуу сынга алышты. Биз Убактылуу өкмөттүн жетекчисине алдын ала 9 маалымат бергенбиз деди. Биз Роза Исаковнага: сиз бул маалыматтарга эмнеге чара көргөн жоксуз  дедик, ошондо Роза Исаковна барыбызды өчүрдү: силер ошол маалыматты окуп көргүлөчү, араңарда генералдар отурат, төбө чачыңар тик турат, ал маалыматта Ош базардагы эки аялдын ушак сөзү деди. Чын эле ал маалыматтар Р.Отунбаева айткандай такталбаган болуп чыкты.

– Анда алар деле тиги чагымчылдарды коргоп жүрүшкөнбү?

– Себеби, анда улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилигине жаш лейтенанттан баштап, экинчи президенттин балдары аркылуу дайындалып, тандалып келишкен, алар кантип анан жаңы өкмөткө иштемек эле? Алар эч кимге маалымат бере алышкан эмес, алар түнкүсүн мурдагы бийликке иштеп, күндүз Убактылуу өкмөткө иштешкен. Алар атайын ошондой иштерди жасашкан. Кийин Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери бошотулуп, жаңылар келди, алар деле көчөдөн келген адистер болуп чыгышты. Акылы, билимдери, тажрыйбалары кем болгондуктан, бул маселени чече алышкан жок.

– Ошондо Чүйдөн чыккан майда козголоңдорду тез эле басып коюшту эле, Ошто эмне үчүн андай болгон жок?

– Туура, козголоңдун башы Чүйдө Маевкада башталып кеткенде убактылуу өкмөт токтом кабыл алып, А.Атамбаевди түндүккө жооп бересиң деп токтом чыгарышкан. Ошол эле учурда түштүккө токтом чыгып атат И.Исаковго, баарын жумуштан ала алат, жетекчилердин баары баш иет деп, эки кишинин бирөөнө бийлик берип, бирине бийлик бербей шайладыңар дедим, мен Атамбаевди мактаган жокмун, бирок Убактылуу өкмөт бияктагы окуяны тезирээк тынчтыкка алып келип чечип салды. Эмне үчүн түштүктөгү окуяны баса алышкан жок? Себеби, ыгын, жолун, шарттарын билбей барып чечебиз деп, аягы баш аламандыкты күчөттү. Ал эми Чүйдө улуттук коопсуздуктун тажрыйбасы эске алынды. Негизги планында сепаратисттер өзүбүзчө автономдуу мамлекет түзөбүз дешкен да. Бул жактагы максаттары ишке ашпай калып Аксы, Ала-Букадан барышып ал жерде эл чогулуш өткөрүп, токтоп калышкан, айла жок анан Ошко, Жалал-Абадга барышкан.

– Жаман улут болбойт, эки эл эриш-аркак жашоо кечире беребиз, өзбек улуту дегенде эмнени айтаар элеңиз?

– Өзбек элинин меймандостугун, биринчи эмгекчилдигин мактап кетсек болот. Жер тытып жанын баккан эл, бул жагына баа берсек болот. Баарын эле сепаратист деп айта албайм, баары эле Батыровго алданып калган жок да. Өзбектердин карысын да, жашын да угуп көрдүм. Биз эч жакка бата албайбыз, көнө албайбыз, кете албайбыз дешти. Кыргыз байкуштун деле 1 сотых жери бар, меники да ошондой. Бир арыктан суу ичебиз, базарыбызда, мазарыбызда бир дешти.