Бектемир МУРЗУБРАИМОВ: «Канткенде чыныгы кыргыз боло алабыз?»

– Бектемир агай, Сиз 80 жашка карай баратасыз. Бул жашты байыркы кытайлар “философиялуу жаш” деп коет экен. Анткени адам ушул жашка келгенде дүйнөнүн, ойлоонун, көз караштын гармониясына жетет дешет. Деги эле Сизди бул жаштын өзгөчөлүгү эмнеси менен ойлонтот? Акыл менен ойдун, аалам менен адамдын гармониясын туюндуруп жаткан жаштын Сиз сезген артыкчылыгы эмнеде?

– Албетте, жаш өйдөлөгөн сайын адамдын дүйнөгө болгон көз карашы, түшүнүгү, жашоо принциби өзгөрүп, жаңыланып отурат тура… Ошондуктан элибиз: “Кары билгенди баары билбейт”, “Кары – карынын сөзү дары”, – деп, карыга, улууга болгон сый-урматты өзүнөн кийинки муунга өткөрүп келген. Чындыгында эле, улуусун сыйлагандын иши өргө жүрсө, улуусун кордогондун жасаганы көргө түртөрүн турмуштан көп эле көрүп жүрбөйбүзбү. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун маңкурт жөнүндөгү жазганы эле улууну, өткөндү унутуунун акыбети эмне болорун адамдын аза боюн дүркүрөтүп, акылын айран кылып сүрөттөп бербедиби! Кезегинде залкардын манкуртун окуп алып, төбө чачыбыз тик турса, ушу кезде бул “феномен” кадимкидей кулач жайып баратканы зээн кейитет. Залкардын залкарлыгы алдыдагы боло турган абалды эрте көрө билгенинде, сезе билгенинде окшобойбу.

Жогорудагы суроого жооп берүүдөн алдын “адам” деген түшүнүктүн маанимаңызына өз көз карашымды билдирсем. “Адам” – илимий көз караштан алсак, Жердеги материалдык жана руханий маданияттын өнүгүшүнөн жаралган, жашоонун ар түрдүү формалары менен генетикалык жактан байланышкан, эмгек куралдарын жасоого жөндөмдүү, сөзгө, ойлонууга жана аң-сезимге ээ биосоциалдык жандык, тарыхый процесстин субъектиси. Ал эми диний түшүндүрмө боюнча, Аллах жараткан пенде. Ал адамга тил, акылэс, ыйман берген.

Адамдын табияты бир эле учурда, генетикалык процессти камтыса, бир эле учурда философиялык маанини да камтыйт. Бирок Адамдын адамдыгы – анын аң-сезиминде.

Эки түшүнүктү жакындатып турган нерсе – бул адамдын тилге, ойлонууга, өзүнө керектүү жабдыктарды жаратууга жөндөмдүүлүгү. Атеизм үстөмдүк кылып турган учурда дин, Кудай, анын пайгамбарлары, окуусу таптакыр жерилип, “адам эмгектин натыйжасында маймылдан жаралган”, – деген түшүнүк адамдардын аңсезимине сиңирилип келген.

Бүгүн абал башкачараак. Чындыгында эле, аалам чексиз болгондой эле, ааламдын сыры да чексиз экендигин илим да, илимпоздор да моюнуна алышууда. Бир даанышмандын “Динсиз илим – коркунучтуу, илимсиз дин – түркөйлүк”, – дегени менин көңүлүмө жагат. Илим тактыкка, далилге негизделсе, дин ыйманга, ишенимге негизделген. Демек, адам динди, илимди эриш-аркак алып жүрсө, эч бир зыяны жокко деп ойлоймун.

Улам өмүрдүн ашуу-белдерин ашкан сайын көз карашың, дүйнө түшүнүгүң, мүнөз-пейилин, кылык-жоругуң өзгөрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп билем. Бул жарыкка эмне үчүн келдим, жашоонун маңыз-мааниси эмне, ушунча өмүр сүрүп эмне иш аткардым, атанын, Ата-Журттун күткөнүн жасай алдымбы, алдыда эмнелерди жасоо колуман келет? Заманыбыз кайда баратат, элибиздин эртеңи кандай болот, бийлик менен элдин бири-бирине болгон ишеничи кандай, эмне үчүн “жепжутарлар” көбөйүп жатат, себеби эмне? – деген сыяктуу суроолор түйшөлтөт экен.

Адам катары, инсан катары ушул соболдорго жооп издейсиң, мээ чыңалтасын. Адам качан адам болот деген коңгуроо собол жандүйнөмдө конгуроо кагып тургандай туюлат.

Чынын айтканда, мурунку бир мезгилдерге салыштырмалуу азыр адамдардын жашоосу жакшырып баратат. Ырас, жумушсуздуктан улам жаштарыбыз жер кезип, ата-энесин, мамлекетин да багып келет. Бирок баары жетиштүү туруп, анан ошого шүгүрчүлүк келтирбей, бир мансапка келип калса акча, дүнүйө, бийлик үчүн мыйзамды да, уят-сыйытты унутуп, түктүү билектерин элдин ырыскысына матырып жаткандардын көптүгү жүрөгүмдү оорутат, булар үчүн байлык баарынан жогору туруп калган. Андан да тактап айтсак, азыр алар – миллиондоп акча уурдай албай калгандыгы үчүн капалуу. Туура, Батышта деле, Чыгышта деле байлыкты көздөгөндөр, ага жанын берүүгө даярлар бар, бирок алар акыл-эсин иштетип, кара жанын карч уруп, мээнети менен жетүүгө аракет кылышса, биздикилер өз элинин, өлкөсүнүн байлыгын талап-тонойт. Мына анын ачык далили, эл өкүлү, биринчи вице-прьемердин жасагандары.

Биз, бу жашоодо, пейил деген улуу түшүнүктү унутуп калдык. Пейил – бу нравалык ички абийир, пейил – адамдыктын таразасы. Элибизде “Пейлиңден көр!” деген улуу сөз бар, эмнени көрсөк, эмнени башыбыздан өткөрсөк, эң оболу өзүбүздүн пейилибизден көрөбүз. “Пейилди оңдо”, “Пейилиңди бузба”, “Пейилди сакта”, “Пейилди кең сал” деген ата сөзү бүгүн кимди ойлонтот да, кимди тынчсыздандырат?!.. Мунун баарын кашайып унутуп баратпайбызбы. Жашоонун жакшысын да, жаманын да пейилден көрөбүз. Бу – айныксыз Чындык!

Мына ушуга окшогон ыплас кылыктан арылуу үчүн эмне кылуу керек? – деп ойлойм да, эң башкысы, кыргыздын тээ атамзамандан бери келе жаткан улуттук аң-сезимин, кулк-мүнөзүн, каада-салтын калыбына келтирүүдөн, Улуттук идеологияны иштеп чыгуудан, формалдуу эмес, реалдуу түрдө ишке салуудан башка жолду көрбөй турамын.

Ал эми Улуттук идеологиянын булактары – бул биздин элибиздин тарыхы, тили, адабияты, макал-лакаптары, салттары, үрпадаттары, оозеки чыгармалары. Түшүнгөн адамга элибиздин ар бир макал-лакабы – бул өзүнчө таалим-тарбия мектеби. Мисалы: “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба”, “Абийириңди жашыңдан сакта”, “Сөзүң өлгөнчө, өзүң өл”, “Коенду – камыш, эрди намыс өлтүрөт”, “Бөтөн элде султан болгончо, өз элиңде ултан бол”, “Тууган жердин топурагы – алтын”, “Баатыр элим дейт, бакыр элин жейт”. Эгер ушул айтылгандар бала кезинен кулагына куюлуп, акыл-эсине сиңирилсе, анда бүгүнкүдөй “жеп-жутарлар” эмес, элим, жерим, Мекеним деген ыймандуу жаркын инсандар өсүп чыгарына толук ишенемин.

Биз ушул моралдык баалуулуктарды таптакыр быт-чыт кылып алдык. Ал баалуулук кылымдар бою элибиздин тагдыры, жашоосу, кайгысы, капасы, улуулугу менен философиясынан калыптанган.

Негизи, адамдык адеп-ахлактын жоктугу, ыймансыздык – бул экономикалык кризистен да коркунучтуу. Залкар Айтматовдун акыркы “Тоолор кулаганда” романында байлыкты “пир туткандарда” тууган да, дос да, Ата-Журт да болбосун кашкайтып көрсөтүлбөдүбү. Элибиз “Тооң кулабасын”, – дейт, ал тоо –символ, ал – ыйман, адеп, намыс, абийир, уят.

Жашың жогорулаган сайын өзүңдү эмес, элиңди, элиңдин келечегин ойлонуу сезими күчөйт экен. Билген акылыңды бөлүшкүң, азбы-көппү элиңе кызмат кылгың келет экен. Ошондуктан акылман элибиз “Карысы бардын – ырысы бар”, – дейт турбайбы.

Карынын карылыгы артында калган угуттуу сөзүндө, оюнда, көз карашында, пайдалуу калтырган эмгегинде. Акылды өзүбүз менен алып кетпей, уруктай келечекке калтырып кетишибиз лаазым. Эл акылы тамчыдан, эр намысы эстутумдан куралат…

– Сиз бу турмушта татаал, ары сыймыктуу жолду басып өттүңүз. Жөнөкөй айылдык карапайым адам академик деген өтө жогорку наамга жетти. Албетте, бул басып өткөн жолдун аралыгында Сиздин титандык түйшүгүңүз жатат. Бирок ушул кыйынчылыктарды жеңүүдө Сиз кайсы сапатты баса белгилегиңиз келет?

– Бу суроо мага ата-энемди, туулган жеримди, мектептеги күндөрүмдү… дагы көп нерселерди эске салат. А дегенде ата-энем жөнүндө айткым келет. Алар жөнөкөй, ак эмгеги менен күн көргөн, бизди да ак эмгекке тарбиялаган, эл алдында жер карабай турган кылып эрезеге жеткирген карапайым асыл жандар эле. Менде азыр кандай ийгиликтер, жетишкендиктер болсо, ошолордун себепчиси ата-энем деп эсептеймин. Киндик каным тамган Ничке-Сай айылы тууралуу эстегенде, көз алдыма мектепте окуган күндөрүм тартылат. 1-класска баардык окуучулар сыяктуу 6-7 жаш курагымда баргам. Ал кезде билим берүү тармагында талап каттуу коюлгандыктан, начар окуган балдар класстан класска көчпөй калса, жакшы окугандар класстан класска аттап кетишчү. Мен да мектепте жакшы окугандыктан, 1-классты аяктаар менен 2-класстан аттап, 3-класска көчүрүлгөм. Азыр ойлосом, ар кимдин өз аракетине жараша баалоо жакшы натыйжа берген экен. Бир жыл ордуңда калган окуучу кийинки жылы жакшы окуганга тырышып, мектепти жакшы баалар менен аяктачу эле. Ал кезде дене-тарбия сабагына жакшы көңүл бурулчу. Жогорку билимдүү мугалимдер жок болсо да, армияда кызмат өтөп келген агаларыбыз дене-тарбия боюнча сабак беришчү. Ким сабактан кечиксе, мектептин төмөн жагында жайгашкан сайдан мектепке чейин сойлотуп чыгарчу. Кыштын күнү мындай жазаны аткаруу жеткен азап эле. Ошондон улам баарыбыз мектепке кечикпей келгенге аракет кылчубуз. Албетте, азыркы учурдун көз карашынан алганда, бул антипедагогдук иш болуп саналышы ыктымал. Бирок бул жасалган катаалдык бизди тартипке чакырып, оң таасирин тийгизгендигин турмуш өзү ырастап жатат. Шарттын оордугуна карабастан, маданий иштерди уюштуруп, ата-энелерди чакырып, драмаларды, оюн-зоокторду көп эле көрсөттүк. Азыр деле “Алтын кыз” драмасын коюп, Жапардын ролун аткарганым эч бир эсимден кетпейт. Ийгиликтин башаты, менин оюмча, турмушта максат коюп жашоо, эмгекчилдик, туруктуулук, изденүүчүлүк, чыгармачылык жана адамдын өзүндө “Бул менин колумдан келет?” – деген бекем ишенимде.

Адам эң оболу өзунө ишенмейин, эчтекеге жетише албайт!

– Сиз үчүн турмуштун маңызы эмнеде?

– Мен үчүн жашоонун маңызы, балким кимдир бирөөгө кооз сөз болуп эсептелер, бул – эл-жериме кызмат кылуу. Элибиздин турмушунун жакшырышына, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу. Аң-сезимдүү өмүрүмдүн баары мына ушул максатка жумшалды. Илимий иликтөөм да, жетекчилик жана депутаттык иш аракетимде да ошол максатымдан, багытымдан жазган жокмун. Азыр деле бул жолумдан адашпоого аракет кылып келемин. Ал канчалык акыбетин берди. Ага эл – калыс, эл – тараза. Ошондуктан кыргыз адабиятын баштоочуларынын бири Аалы акын: “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”, – деп таамай жазган.

Бийлик тазарса, эл өкүлдөрү чындап эл көйгөйлөрүн ойлосо, өлкөбүз өнүгүп, ар бир үйдө барчылык, молчулук болсо, жаштарыбыз уяттуу, карыларыбыз нарктуу, башчыларыбыз ыймандуу болушса, чыныгы демократия, айкындуулук, адилеттик орносо, эл башына келгендер кара башынын кызыкчылыгы үчүн элди садага чаап жибербесе, ушуга өзүмдүн азбы-көппү салымымды кошсом деген ой-тилек менин жашоомдун маңызын түзөт.

Негизи, элибиз: “Үмүтсүз – шайтан”, – деп коюшат эмеспи. Менин бул максаттарым акырындап болсо да ишке ашат, элибиздин турмушу бүгүнкүдөн да жакшырат деген бекем ишеничтемин.

– Агай, Сиз тереңдик мүнөздүү инсансыз. Сиздин көз карашыңыз мага гана эмес, жалпы замандаштарыбызга да кызыктуу деп ойлор элем. Сиз табигий илим өкүлүсүз, бирок адамдык табиятыңызда гуманитардык ой-жүгүртүүгө, көз карашка жакынсыз. Деги эле адам турмушун химия илимисиз элестетүүгө болор беле? Сиздин илимиңиздиң өзгөчөлүгү жана дүйнөлүк салымы эмнеде деп ойлор элеңиз?

– Деги эле адам турмушун химия илимисиз элестетүүгө болор беле? Бизди курчап турган материалдык дүйнөнүн бардыгы жаратылыш болуп эсептелет. Жаратылыштагы чексиз көп кубулуштарды изилдөө, түшүнүү колдонуу милдети физика, биология, география сыяктуу табигый илимдерге, айрыкча химия илимине жүктөлгөн.

Жаратылышта, ааламда (космосто да) эмне болсо ошонун баары химиялык бирикмелерден, т.а. заттардан турат (жандуу да жансыз да жаратылыштын бардыгы).

Жашоо-турмушубуз үчүн эң керектүү аба, суу, тамакаш, кийим-кече, жашай турган үй, транспорт каражаттары, дары-дармектер химиялык бирикмелер болуп саналышат. Кыскасы, адам баласынын турмушун химиясыз элестетүү мүмкүн эмес.

Адамдын өзүнүн организми 99,9 пайыз 11 химиялык элементтен турат. Анын 96,25 пайызын төрт элемент түзөт – көмүртек, суутек, кычкылтек, азот, ал эми 3,7 пайызын 7 элемент-кальций, фосфор, калий, күкүрт, хлор, натрий, магний түзөт. Бар болгону 0,1 пайызын микро жана ултрамикроэлемент деп эсептелген 13 элемент т.а. бор, фтор, кремний, ванадий, хром, марганец, темир, кобальт, жез, цинк, селен, молибден, иод түзөт.

Жыйынтыктап айтканда, адам организми (жаныбарлардыкы деле болжолдуу адамдыкындай) 24 химиялык элементтен турат. Ушулардын (элементтердин) нормалдуужетиштүү санда болушу, организмде сакталышы адамдын ден-соолугун мүнөздөйт…

Адамдын организми жалпысынан 60 пайыз суудан, 34 пайыз органикалык заттардан, 6 пайыз органикалык эмес заттардан турат.

Адамдын жашоосунун булагы суу, ал эң сонун эриткич. Айтайын дегеним таза сууну убагында ичүү, тамактанууну да туура жолго салуу менен адам өзүнүн денсоолугун толук көзөмөлдөп колго алса болот. Адамдын денесинде эң кызыгы гелий бар, ал – Күндүн курамында да бар, демек ар бир адам өзүндө Күн касиетин алып жүрөт, ошол Күн касиетибиз менен биз бирибирибизге нур чачып, жолубузду, адамдыгыбызды нурлантып турсак, адамдык улуу гармонияга жетээр элек. Эң өкүнүчтүүсү көпчүлүк, өзүндөгү Күн сапатты көрбөй, өчүрүп алган. Аны жүрөктөн өткөрүп, жүрөктөргө жеткире билишибиз керек… Мына ушул сапатта – Адамдын адамдык түбөлүктүүлүк мыйзамы жашайт…

Менин илимий изилдөөлөрүм 2000-жылга чейин негизинен биологиялык активдүү бирикмелерди синтездөө, касиеттерин изилдөөгө байланышкан. Убагында синтезделген бирикмелердин айрымдары Эмгек Кызыл Туу ордендүү “Катта-Талдык” мал чарба станцияда сыноодон өтүп СССРдин айыл-чарба министрлигинин уруксаты менен бекитилип, СССР ГОСстандартында каттоодон өтүп, ал препараттын техникалык шарты иштелип чыгып, 1985-жылдары Жалал-Абаддын солефосфат заводунда чыгарылган. Бирок СССРдин кулашы менен бул келечектүү препараттын колдонулушу токтоп калган. Азыркы мезгилде болсо биздин илимий багытыбыз Кыргызстандын кен-байлыктарын жана өндүрүштүк калдыктарын кайра иштетүүгө байланышкан.

– Жараткандын бир аты – “дос”, – дейт. Бул сөздүн мааниси жана маңызы эмнеде? Бүгүнкү түшүнүктөн алып карганда, ошондой эле статистика маалымдагандай, азыркы күндө адамдар арасында “дос” деген сөздүн да, заттын да баркы кетип бараткандай туюлат. Адамдар эмне үчүн барган сайын өзүмчүлдүктүн микродүйнөсүнө тартылып баратат? “Достун” Сиз үчүн касиети эмнеде?…

– Туура, “Аллахтын бир аты – Дос”, – деп айтылып жүрөт. Бирок мунун маанисин аңдап-сезгендер, силер белгилегендей, тилекке каршы, азайып бара жатат. Илгери ата-бабабыз көрүнгөндү эле “дос” дей берген эмес. Дос болуунун өзүнүн жөрөлгөсү болгон. Кучакташып, төшкө төштү тийгизип, ысык-суукта бирге болобуз, бири-бирибизге өйдөдө – өбөк, ылдыйда – жөлөк болобуз, – деп антташып, дос болушкан. Курманбек менен Аккандын достугу буга мисал. А түгүл жигит менен кыз да дос болушкан. Ак Саткын мууздалган Мырза уулдун башын кучактап:

“Алманын гүлү күбүлсүн, досум,
Адамдар бизден түңүлсүн, досум…
Теректин гүлү күбүлсүн, досум,
Тирүүлөр бизден түңүлсүн, досум…”, – кошок кошкон. Булардан көрүнгөндөй, “Дос” атоосу сүйүүдөн, ж.б.сезимдерден жогору турган. Анткени ал – Аллахтын аты.

Менин да өтө сыйлаган, урматтаган досторум бар. Биз бул ыйык да, улук да аталышка татыктуу болуу үчүн аракет кылып келебиз. Мен “Түбөлүк достук болбойт, түбөлүк кызыкчылык болот”, – дегенге анча эле кошула бербейм. Достук да, кызыкчылык да болот, бирок мага “Дос” баарынан жакын, мен үчүн биринчи, эң башкы орунда турат.

– Сиз өмүр бою билим жаатында жашадыңыз. ХХI кылымдын парадоксу эки түшүнүктү бири-бирине дисбаланс койду. Ал – сабаттуулук жана сабатсыздык. Канчалык өнүгүү прогресси илгерилегенине карбастан, дүйнөдө сабатсыз адамдардын катмары да көбөйүүдө. Бул маселенин сыры эмнеде деп ойлор элеңиз?

– Силердин бул сурооңорго жооп берүүдөн мурда, “сабаттуулук” жана “сабатсыздык” деген түшүнүктү аныктап алуу туура го деп ойлоймун. Совет дооруна чейин, совет доорунун алгачкы учурларында сабаттуу деп кат тааныган адамдарды аташкан. Негизи, бүгүнкү илим-билимдин бийиктигине жетишибизге Совет бийлигинин салымы эбегейсиз. Жашына, улутуна, жынысына карабай, баарына тегиз билим берген. Бул чындыкты унутпашыбыз керек. Ал эми бүгүн болсо Кыргыз Республикасында кат тааныбаган адам жокко эсе. Баары мектептен, жок дегенде, 8-класска чейин окушат. Демек, “сабаттуу”, “сабатсыз” дегенге учурдун көзү менен карообуз абзел. Ушул өңүттөн алганда, менин түшүнүгүмдө сабаттуу сабатсыздар көбөйүп кетти. Пара

докс. Сабаттуу сабатсыз – бул эмне? Бул – диплому бар, бирок өз кесибин жакшылап өздөштүрбөгөн, билими, адистиги туруп өз элине пайдасы тийбеген көрпенделер, ошондой эле билимдүү, бирок ыйманы жоктор. Мындайлардын коомго пайдасынан зыяны көп. Залкар Чыңгыз Айтматов “Тоолор кулаганда” романында ушулар жөнүндө жазган. Бизге коңгуроо каккан. Тоолор кулаган жок, ордунда эле, бирок сабаттуу сабатсыздар бийликтин бардык бутагында отуруп алышып, өз кызыкчылыктары үчүн Ата-Журтун гана эмес, ата-энесин да сатууга даяр экендигин “Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук”, – деп жазып кетпедиби. Тилекке каршы, ага маани берген, ага ой жүгүрткөн окурмандар өтө эле аз болгону мени өкүндүрөт.

Билим эң башкы байлык, ал мээнин байлыгы, Кумтөрдүн алтыны эртең түгөнөт, а мээбиздеги билим байлыгы эч качан түгөнбөйт. Физикалык байлыктан, акыл байлыгы баарынан жогору турат, ал – билим! – Билим – нур, билимсиздик – караңгы. Бул ойду кандай чечмелеп берер элеңиз? – “Билимсиз дүйнө – караңгы,билимден адам жаралды”, – деген акындын бир сабы эсимде калыптыр. Чындыгында эле, китепсиз, мугалимсиз азыркы жашообузду элестетүүгө болбойт. Адам билими аркылуу Жер чегинен

чыкты, билими аркылуу Жер түбүн изилдеди, бүгүнкү биздин жетишкендиктерибиздин бардыгынын себепкери – бул билимди жана илимди берген мугалим. Билим, илим адам баласына аба менен суудай, тамактай эле керек. Тилекке каршы, билимдүү, илимдүү адамдар анчалык керектелбей, эпчилдер, жагымпоздор, капчыктуулар татыктуубу, татыктуу эмеспи анысына карабай эле майлуу-сүттүү кызматтарга барып, элдин ырыскысына уялып-этпей эле беш колун салып жеп жатпайбы. Ишенген кожолорубуздун көпчүлүгү суракта же качып-бозуп жүрүшөт. Башкасын айтпай эле коеюн, Билим берүү жана илим министрлигинде министр болуп чоочун, күтүүсүз эле адамдар иштешти. Азыр деле бул министрликтин атына сын-пикирлер арбын. Бирок, ага кулак салган жетекчилер жок болуп жатпайбы.

– Агай, Сиз үчүн ыйман маселеси өтө маанилүү экендигин билебиз. Азыркы күндөрү “ыйман бузулду”, – деген сөздөрдү күнүмдүк турмушта көп угуп калабыз. Дегинкиси, кыргызда – бул өзгөчө түшүнүк, өзгөчө моралдык постулат эле да… Жогорудагыдай ойлордун пайда болуп, сөздөрдүн айтылышы кооптондурбайбы? Адам баалуулуктары эмне себептен деградацияга учурап жатат деп ойлойсуз?

– Элибизде “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”, – деген улуу сөз бар. Бул сөз мезгилдердин канча сынагынан өтүп, бүгүнкү күнү да өз маанисин жоготпой, а түгүл маани-маңызы тереңдеп, тууралыгын ырастап келет. “Ыйман” десе эле динге барып такагандар көбөйүүдө. Менимче, бул – бир жактуу түшүнүк. Эгер өзүңдүн дареметиңди билип туруп, колуңдан келбеген ишке жармашсаң, бул – ыймансыздык. Өзүңдүн наныңды ак эмгегиң менен актап жебесең – бул ыймансыздык. Ата-энеңе, бир туугандарыңа, санаалаш жакындарыңа колуңдан келген жардамды бербесең – бул ыймансыздык. Бүгүнкү күнү мындайлар жамгырдан кийинки козу карындай көбөйдү. Биз канча революция жасабайлы, канча президенттерди алмаштырбайлы, жогоруда мен санаган дарттардан арылмайын, кургуйга кулаганыбыз кулаган. Азыр эрин укпаган аял, аялы менен эсептешпеген эркектер, атаэнесин сыйлабаган уул-кыздар, улууну укпаган жандимилер көбөйдү. Анын акыбети – сазга тыгылган өлкө, жоо чапкандай көртиричилик үчүн эл-жеринен безип кеткен жаштар.

Ата-бабабыз сыйлаган дөөлөттөрдүн тепселишинин, жерилишинин эң негизги себеби – бул улуттук идеологиянын иштелип чыкпагандыгы, четтиктерге суктанып, аларды ээрчигенибиз, кыргыз экенибизди, ата-бабаларыбыз туу туткан ыйыктарды унутканыбыз.

Менимче, биздин бүгүнкү күндө өз башыбыздан кечирип жаткан бардык азап-тозокторубуздун башкы себептери тээ, мындан 30-35 жыл илгери эле пайда боло баштаган социалисттик идеалдардын деформациялануу мезгилине байланыштуу болсо керек деп ойлойм. Анткени биз ошол учурдан баштап коом мүчөлөрү, айрыкча, жаштар арасында таалим-тарбия иштерин жүргүзүүнү кандайдыр бир деңгээлде акырындык менен колдон чыгара баштаган элек. Ал эми кийинки кездерде, өзгөчө сенектик убагында адамдардын руханий дүйнөсү ан сайын тайыздап, натыйжада бүгүнкү акыбалга жетип олтурабыз. Адамзат коомунда кылымдап калыптанып, муундан-муунга өтүп келген татынакай салт-санаалардан, ички моралдык-нравалык байлык, мүлктөн ажырай баштоонун өзү инсандагы ыйман экологиясынын жакырдануу процессине алып келип такады окшойт.

Ал эми өзүнүн адепки ыйман-дүйнөсүнөн кур жалак калган пенде тез эле эң улуу ыйык касиеттерден ажырап, ар кандай ыплас иштерге барышы ыктымал экендигин бүгүнкү турмушубуз ырастап жатпайбы.

Адамдагы ыймансыздыкты жараткан негизги факторлор кайсылар? Менин баамымда, аны пайда кылган башкы күч – билимсиздик, ач көздүк, дүйнөкордук, мансапкордук. Пендедеги билимсиздик деп мен сөздүн түз маанисиндеги дилдин, жан дүйнөнүн тайыздыгын, пастыгын түшүнөм. Бул категориядагылардын катарына, өйдөдө белгилегенимдей, жогорку окуу жайын бүтүп, дипломго ээ болгону менен, бирок жан дүйнөлөрү сокур, мезгилден, доордон артта калгандарды да кошом. Мындайлар бирин-эки болсо мейли эле, тилекке каршы, басымдуу көпчүлүктү түзүп жатпайбы. Бул сымал билимсиздиктин өзү – барып келип эле жалпы элибизге терс салакасын тийгизип, маданий деңгээлибиздин төмөндүгүн айгинелөөдө. Ал эми кайсы жерде калктын маданий-социалдык өсүп-өнүгүүсү артта болсо, ошол жерде ар кандай коомдук терс көрүнүштөр пайда болуп, адамдар, алардын айрым социалдык топтору күтүлбөгөн, жагымсыз, жаман жосундарды чыгарып жибериши ыктымал.

Маданий деңгээлдин төмөндүгү кандайдыр бир белгилүү убакка чейин адамдардагы болгон ар кандай акыл-эстүүлүктү артка түртүп, айлана-чөйрөдөгүлөрдүн баарына карата болгон жек көрүүчүлүк сезимин күчөтөт. Албетте, мындай ыңгайлуу моменттен ар бир кара ниет, мансапкор-карьерист, коррупционер, паракор, бюрократ, улутчул экстремисттер өз максаттарына ылайык пайдаланышаары шексиз. Ички маданий тайыздыктын дагы бир коркунучтуу жери – пендени дүнүйөкордукка, “вещизмге” алып барып такагандыгы.

Мындай кезде коом мүчөлөрү массалык түрдө бири менен бири дүнүйө-мүлк жыйноо жагынан сокур атаандашып, бардык “тилек-үмүтүн” ошого багытташышат да, дилдин, ыймандын тазалыгы, актыгы туурасында кам көрүшпөй, аны биротоло көңүлдөрүнөн чыгарып коюшат. Натыйжада, улуттук салт-санаа, ар-намыс сыяктуу эң ыйык түшүнүктөр унутта калып, адам ар кандай ыплас жол менен болсо да байлык-акча жыйноонун жолуна түшөт. Ал эми дүйнөкор адам эч убакта башкаларга жакшылык кылбайт, айлана-тегерегиндегилерге жан тартып, аларды аео кудуретине да эгедер боло алышпайт. Өзгөлөрдүн тагдыры андайлар үчүн тыйынга да арзыбайт. Алардагы негизги девизин: “Мен аман болоюн, калганын мага десе алаамат болуп, сел алып кетсин!” – деген өңдүү антигуманисттик идея түзөт.

(Уландысы бар)