Жумшак күч жана идеология

Азыркы мезгилде дагы бир жолу идеологиянын зарылдыгы курч экени сезилди. Өткөн кылымдын 90-жылдарында Советтер Союзу таркап кетип, социализмдин түркүгү кулагандан кийин коммунисттик идеологиянын ордуна ар түрдүү идеология келди. Бир жагынан Батыштын массалык маданияты “темир көшөгөнүн” нары жагынан келип, мурда биз көрө албай кызыгып жүргөн кинолорду, эротикалык журналдарды барактагандар, бир жагынан сакал коюп, узун дамбал кийгендер, бүт денесин кара кийимге чүмкөп, азыркы цивилизацияны жерип, үркүп жүргөн динчилдер, ар түрдүү секталар келип, ушул сыяктуу ар кошкондор өлкөбүздө ажырым пайда кылып, замана астын-үстүн болуп жатат.

Диний үгүттөрдөн башы айланган биздин эле кыздар Кыргыз  Республикасынын  гимни жаңырганда ордунан турбай, “Куранда мындай нерсе жазылган эмес”, – деп жатканын элибизге, мамлекетибизге каршы жасалган идеологиялык  диверсиянын  натыйжасы деп билсек болот. Куран жөнүндө айтып, түшүндүрүп жаткан молдолор дүйнөдөгү бардык нерсе жөнүндө Куранда жазылбаганын, мисалга автобус, троллейбус, мобильник, компьютер жөнүндө маалымат жок экенин айтып, өз элиңе, мамлекетиңе каршы чыкпагын деп коюшса болмок. Мындай кадам биздин арабызда диний радикалдар, фанаттар, башкача айтканда дин дегенде башка эч кандай сөзгө, кепке келбей, мээси тегеренген, зомби абалына келген жан кечтилер пайда болуп жатканынан кабар берет.

Идеологияга кайрылуунун көп себептери бар. Алардын бири глобалдаштыруу процесси. Интернет жана башка коммуникациялардын, илимий-техникалык прогресс менен саясий процесстердин таасири астында дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер, элдер бир казанда кайнап, темир жана башка металлдар эрип, бири-бирине  кошулган  сыяктуу процесстер жүрүп жатканда биз өз элибизди, өз маданиятыбызды сактап кала алабызбы деген ой көп элдерде болуп жатат.

Алга озуп чыккан, өнүккөн мамлекеттер бул процессти пайдаланып кийинки кезде “жумшак күч” деген термин менен белгилүү болгон аракеттерди колдонуп, дүйнө жүзүн багындыргысы келет. Жок дегенде өз таасирин күчөтүүнү көздөшөт. Алсак, Япония дүйнө жүзүнө өз маданиятын жайылтып жатканына күбө болуудабыз. Биз баарыбыз тең дзюдо, каратэ, кимоно, кендо, харакири, суши дегендерди билебиз. Ал эми Японияда болсо комуз, бешбармак, күрөш, чапан, чепкен дегендерди билишпейт. Япон маданиятын дүйнөгө жайылтуу менен алар япон товарларына жол бошотуп жатышат. “Тоёта”, “Хонда”, “Мазда” аттуу автомашиналарды сатып алып жатканда башка элдердин өкүлдөрү дзюдо, каратэ, кимоно, кендосу бар, “экономикалык керемет” жараткан укмуш элдин товарларын сатып алып жатабыз деген ойдо болушат. Ал эми ошол эле адамдардын кыргыз, түркмөн, тажик жөнүндө эч кандай кабары жок болушу толук ыктымал.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө бир жакшы сөз бар. “Тарыхта дүйнөнү багындырган эки Чыңгыз чыкты, бирөө кылыч менен, экинчиси калем менен”, – деп

айтылган. Абдан жакшы сөз. Ошол сыяктуу азыр айрым мамлекеттер катуу күч, башкача айтканда аскер менен, танка, самолет, курал-жарак менен геосаясат жүргүзүп келишсе, айрымдары ушундай “жумшак күч” менен өз таасирлерин күчөтүпжатышат.

Туура,  идеология  өркүндөп-өсүүнүн өбөлгөсү экенин тарыхтан билебиз. Советтер Союзундагы социализмдин кыйраганы идеологиянын начардыгынан болду. Ошол эле мезгилде коммунисттик Кытайда идеология туура болуп, реформалар ырааты менен жүргүзүлгөн үчүн алар азыр АКШны да кууп жетип, дүйнө жүзүнүн биринчи державасы болууга аз калды.

Ушундай шартта “Кыргыз Туусу” бул маселеге кайрылганы, жазуучулардын, коомдук ишмерлердин, маданият кызматкерлеринин жыйынын чагылдырганы абдан жакшы болду. Бул баян “Унутта калган улуттук нарк-дөөлөт” деп аталат (КТ №33, 2019 ж.). Унутта калды дегенге мен кошула албайм. Унутта калган жок, бирок унуттурууга, бизди фанатик зомби кылууга аракеттер арбын болуп жатат.

Мисалы, мен теледе акыл үйрөтүп жаткан Чубак ажыга: “Улуу Ленин атабызга куран окуса болобу”, – деп, бул киши биздин жакынкы тарыхты, биздин элибизге чоң жакшылык кылган адамга кандай мамиле жасай турганын билүү үчүн ушундай суроо узатсам, ал Ленин жөнүндө абдан терс пикирин билгизди. “Ленин каапыр болгон, каапыр болуп өлдү”, – деди. Эгерде динчилдердин баары ушундай ойдо болсо, келечегибиз кандай болот? Биздеги илимдүү, билимдүү адамдар, илимдин докторлору, академиктер эмне үчүн унчугушпайт? “Козулардын тунжуроосу” (“Молчание ягнят”) деген кино бар. Биздин интеллигенция ошол козу болуп калганбы деп, ага да кейип кетем.

Ошол жыйында сүйлөгөн Бексултан Жакиевдин айткандарына мен кошулам. Алсак, биздин кыздар эч качан паранжа жамынган эмес, турмушка чыкканда гана жоолук салынган.  Жаңы  келген  келинге жоолук салгандын ЗАГСта документке мөөр койгондой эле таасири болгон.

Каада-салттарды китеп кылып чыгаруу керек казактар менен грузиндерден  артта  калбай.  Андан тышкары биздин салттарды адабий чыгармаларда чагылдыруу зарыл. Касымаалы Жантөшев “Каныбек” романында Каныбек Акжалды уурдап качып бара жатканында Урум менен Турумдун айтканы сыяктуу жазыш керек.

— Сен байдын баласы эмессиң, этти кыя кеспей чорт кестиң, -деп айтат чоң атасы Каныбекке.

Корейлердин телесериалдарында алардын салты абдан жакшы баяндалат. Биздин КТРК дагы ошол сыяктуу телесериалдарды уюштурууга тийиш.

Токтогул ЖУМАДИЛОВ, Бишкек шары