Орозбаевдин үй-бүлөсү соттордон адилеттүү чечим күтөт

Жазып алган Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Эсиңиздерде болсо, 9-май күнү Бишкек-Торугарт жолунун 109-чакырымында “Хонда Одиссей” жана “Субару Аутбег” унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 4 киши каза болгону маалым болгон эле.

Бир үйдөн үчөө…

Эң  өкүнүчтүүсү  –  мына ошол каза болгон 4 адамдын үчөөсү бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Тагырак айтканда, алар 1970-жылы туулган Орозбаев Нурлан, жубайы Казакова Жыпаркүл (1970-ж.) жана келини Жусупбекова Милана (1988-ж.). Маалыматтар боюнча, Орозбаевдер келини Милананы 3 ай мурда кыргыздын салты менен алып келип, 30-мартта уулунун заманбап үлпөт тоюн беришкен. Башыбызга баш кошулду деп кубанып, жетине албай жүрүшкөн. Ал эми ошол кырсык баскан күнү алар Байтикке конокко барышкан. Туугандары жаңы келинди отко чакырышкан экен. Ал жакка үчөөнөн сырткары, Нурлан Орозбаевдин 10-класста окуган уулу Орозбаев Жоомарт жана 3 жаштагы кичинекей кызы Нурлан кызы Айчүрөк дагы барган. Бактыга жараша экөө аман калышкан. Бирок, оор жаракат алган кызы Айчүрөк 9-майдан бери эсине келбей комада…

Алар үлгүлүү жубайлар эле

49 жашында капилеттен келген кырсыктын айынан каза болгон жубайлар турмушта жокко чөкпөгөн, барга көппөгөн, бири-бирин толуктап, бири-бирин колдоп турган, үлгүлүү түгөйлөрдөн болушкан. Орозбаев Нурлан – өзүнүн айылдаштарына жөнөкөйлүгү, сылыктыгы, кичипейилдиги менен жакчу. Ал бир туугандарынын эң кичүүсү болгон. Н. Орозбаев Чоң-Кемин өрөөнүнүн сүтүн жыйнап, аны Токмокко өткөрүп, жума сайын элдерге сүтүнүн акчасын таратып берип, ак жана так иштеген инсан болгон. Ал эми жубайы Казакова Жыпаркүл улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөткөндү билген, адамгерчиликтүү инсан эле дешет жакындары. Эми маркумдардын артында 3 уул, 1 кызы жетим калды.

Кырсык кандайча болгон?

Жогоруда  айтып  өткөндөй, кырсык Бишкек-Торугарт жолунун 109-чакырымында болгон. “Хонда Одиссей” унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, өз жолу менен келаткан “Субару Аутбег” менен бет маңдай сүзүшкөн. В 9870 V мамлекеттик номерлүү “Одиссей” унаасын Раджапов Улук аттуу жаран башкарып келатканы жана анын ошол учурда мас абалда экени белгилүү болгон. Бирок, кийинчерээк, “Одиссейдин” каза болуп калган жүргүнчүсү Жумабекова  Жылдызга  (1989-ж.) күнөө артып, рулду ал башкарып келаткан деген версия чыккан. Бул кырсыктан кабары  бар  жарандар  жана  күбөлөр,  “Хонда  Одиссей” автоунаасын эркек киши жана мас абалында башкарып,  ал  тургай  обгонго чыгып ашып кеткенин жана көп узабай кырсыктаганын социалдык түйүндөргө жазышууда. Бирок, күнөөлүү күнөөсүн каза болгон кызга оодарып, өзү суудан кургак чыгууга аракет кылууда. Ал кырсык болгон күндүн эртеси ооруканага барып, комага түшүп калган түр көрсөткөн.

Далилдер далил болбой калганда

“Биз  сөөктөрдү  жерге  берип,  антип-минтип 13-майда Кемин райондук ИИББна барсак, Метеров Рустам деген тергөөчү кабыл алды. Ал бизге эч иш козголбогонун айтып: “Рулда кыз болгон экен. Эки унаанын тең айдоочулары каза болду. Иш ушуну менен жабылат” ,-деди. Иш козголмок тургай далилдер тазаланып жок болуп кетиптир. Дегеним, маркум кыздын телефонун ачып анын рулда эмес, жүргүнчү тарапта отуруп, жолдо катар селфи жасап келатканы маалым болгон. Андан сырткары, “Одиссейдин” жүргүнчү отура турган тарабы жараксыз абалга келген. Эгер Жылдыз унааны башкарып кетип бараткан болсо ал аман калмак. Ошондой эле ал кыздын атасы да кызынын унаа айдай албаганын айтууда. Кеминде жүк ташуучу унааларды тарткан тараза бар. Ошонун тушундагы камерага түшкөн видео тасмаларды да өчүртүп салышыптыр”,- деген Аскар Беделбаев (маркум Нурлан Орозбаевдин бир тууган агасы) экспертиза үчүн алынган Раджапов Улуктун канын Караколго жиберип ийишкенине ачууланат. Мындан башка, Раджапов Улуктун ошол күнү достору менен “Народный” дүкөнүнө мас абалда кирип-чыгып, ошол бойдон унаасын башкарып кеткени видеого түшүп калган. Бирок, тергөөчү Метеров Р. алардын ким экенине кызыккан да эмес.

«Крышасы» күчтүүбү?

Раджапов Улук буга чейин дагы 2-3 сапар жол кырсыгына катышканы белгилүү болгон. Бирок, кылмышкер жазасын алуунун ордуна апакай болуп чыга келген. Аскар Орозбаевдин айтымында, У. Раджаповдун атасы бир учурда Кемин райондук ДЭУ кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Ал эми агасы Кемин районунда мурда аким болуп иштеп кеткен. “Мына ушул адамдар азыр да күнөөлүүнү күнөөсүз кылып, кылмышты жаптырып салуу аракетин болушунча көрүп жатышат”, — дейт маркумдун бир тууганы. “Ушул убакка чейин мен адилеттүүлүк бар деп жүрчүмүн. Көрсө, адилеттүүлүк түп тамыры менен жоголуп, коррупцияга белчебизден батып калыптырбыз. Биздин акыркы тилегибиз – күнөөкөр колу менен жасаганын мойну менен тартса, өз жазасын алса”,- дейт А. Беделбаев. Учурда аталган кылмыш иши Кемин райондук ИИБнен Чүй облустук ИИБна өткөн.