Макалага үн кошуу: Китеп – менин акылым

Китеп – менин акылым,
Китеп – менин жакыным,– деп мектепте окуган элек. Азыр болсо китепти жана аларды жазган жазуучуларды мурдагыдай баалабай калганын байкап жатабыз. Ушул мааниде жазылган макаланы (Болотбек Таштаналиев “Кайтарма кеп…” КТ № 33 2019) окуп, сезимдерим аз да болсо толкуп-ташып, чайпалып, ушул макаланы жазып, үн кошуп отурам. Ма-кала жакшы жазылган. Бир гана ашыкча жери бар экен. Садык Шер-Ниязды сындабай, андан көрө унчукпай отурган башка депутаттарды жөөлөп кетсе болмок.

Макалада “…маданият тууралуу сөз кылганда адабиятты унутуп калабыз… мамлекет маданиятка бөлгөн 2 миллиарддан адабиятка бир тыйын да каралбайт. Бишкектеги мурдагы көп кинотеатрдын бирин жазуучулардын үйү кылып… чымчыктын да үйү бар экен, акын-жазуучулардын гана үйү жок экен” деген көйгөйлөр баяндалган.

Бул жазылгандарга толугу менен макул болуп, Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт бүт баары жазуучуларды колдойбуз деп демилгеси күчтүү болгон күндө да маселени чечүүнүн жолдору анык эмес. Бир жолу жазуучуларга 1 миллион сом бөлүп беришкенде аны кантип бөлүштүрүүнү биле албай, катуу ызы-чуу болгону эсибизде. 10 миллион сом болгондо алар бири-бирин кырып салабы деп жүрөк түшкөн. Иши кылып каражатты жазуучуларга берген күндө да, андан ары кандай бөлүп бере турганы кыйын иш. Биринчиден, бюджеттик классификацияга атайын өзгөртүү киргизүү зарыл. Экинчиден, бул каражатты кандай максатка жумшай турганыбыз дагы так белгиленген эмес. Ар бир жазуучуга бирдей бөлүп берсек дагы туура эмес болуп чыгат. Адилеттүү бөлүштүрүү оңой эмес. Театрды жазуучуларга берген деле болбойт. Кайсы жазуучу эле чарба иштерине камбыл болуп, ошол театрды уратып салбай жана кирешесин көбөйтүп башкара алат? Жазуучу орошон ойлорго кирип кеткенде эле театр кароосуз калат.

Акындарга, жазуучуларга жардам берип, жөлөк-тирек болобуз десек, анда эң негизги маселе – китеп сатууну чечүү керек. Ошондо дароо көп маселе чечилет. Алсак, Гарри Поттердин автору азыр миллиардер болду. Ал эч кимден жардам күтпөйт, тескерисинче өзү башкаларга жардам бере алат. Же болбосо россиялык жазуучу аял Александра Маринина 3 жылдын ичинде 18 роман жазган да ар бир романына 20-30 миң доллар гонорар алган.

Бизде болсо абал башкача. Китеп аз нускада басылып чыгып жана сатылып жатат. Орто эсеп менен 500 нускадан. 6 миллион кишиге бул өзү тоок чокугандай эле деген кеп. Жалпы элге бул аздык кылат, ал эми жазуучунун өзү үчүн бул анын оокат кылганына жетиштүүбү? Эсептеп көрөлү. Эгерде аз айлык алган киши 5000 сомго жашап жатса бир жылда анын тапканы 60 миң сом болот. Эгерде жазуучу китебин басмадан арзанга, б.а. 50 сомго басып чыгарса, ар бир китебинен өзүнө 50 сом гонорар десе, сатуучу 30 сом алса, китеп 130 сомго сатылса 60 миң сом бир жылга табыш үчүн 1200 нуска менен басып чыгарыш керек. Анча китепти эл сатып албайт да, орточо 500 нускадан басып чыгарып жатышат. Ал эми бир китепти жазыш үчүн жазуучу, же акын бир нече жыл эмгектенет. Демек акыл деген, жазуучу менен акындын эмгеги текейден арзан болуп калган.

Албетте, баары эле 500 нускадан чыгарган жок. Көбүрөөк басып чыгарып сата алгандар дагы бар. Алсак, Бердикожо Бийназаровдун бир китеби 15 миң нуска болуп чыккан. “Найман” деген ырлар жыйнагы 3 миң нуска менен чыккан.

Жакында “Мир” телеканалынан Тажикстанды көрсөтүштү. Аларда китептер өтө аз санда 100-200 нуска менен чыгып жатыптыр. Бул өзү китептер жоголуп бара жатат дегенди билдирет. Демек, маданияттын, искусствонун булагы соолуп бара жатат. Алардын ордуна бир гана дин калат, адамдардын жүзүнө гана эмес, карегине, аң сезимине капкара паранжа чүмкөлгөн заман келет.

Китеп сатуу кыйын маселе болуп жатат. Бизде алаканды кең ачып китеп сатып алган кишилер аз. Ал эми той десе топурагандар, арак десе алкынгандар арбын болуп жатат.

2018-жылы Кыргызстанда жан башына, демек бешиктеги балдарды, белдери бекчейген, көздөрү чекчейген чалдарды кошуп эсептегенде ар бир кыргыз жараны 13 литр арак ичиптирбиз. Жарым литр арак 50 сом дегенде 13 литр арак 1300 сом болот. Ал эми жан башына канча сомго китеп сатып алганбыз деген суроого так жооп таба алган жокмун. Айрым эксперттердин айтканы боюнча 1 сомго китеп сатып алганбыз.

Ал эми Улуттук статистика комитети бул маалыматты  жашырып,  китептер  менен целлюлоза-кагаз өндүрүшүн кошуп салып бир сап менен берип салган. Башкача айтканда биз ардактаган өлбөс-өчпөс китептер жумшак жерибизди жумшак сылап аарчыган даарат кагаздары менен бирге болуп калган. Бизде целлюлоза-кагаз өндүрүшү боюнча даарат кагаздары эле бар. Мунун өзүн УСК КМШнын 12 мамлекеттеринин өкүлдөрү чогулуп ушундай чечим кабыл алган деп түшүндүрүп жатат. Ошондой чечим кабыл алган 12 жиндинин бири биздин өкүл болуп калганга таң каласың да, жакаңды кармайсың.

Мунун өзүн мазактоо, орусча айтканда “кощунство”  десек  болот.  Ушундайларды көргөндө төмөнкү ыр саптары эске келет:

Дүйнөдө эмне калды, азап калды,
Ыйык сезим шылдыңдаган мазак калды.

Китептерди көбүрөөк сатуу, жан башына жок дегенде 50 сомго сатуу үчүн бир топ аракет зарыл.

Биринчиден,  китептерди  пропагандалоо иштери жакшы болууга тийиш. Азыркы телеберүүлөр, радиоберүүлөр жана гезиттеги маалыматтар чынын айтсак начар эле болуп жатат. Теледе атагы чыккан акындарды, жазуучуларды чакырып алышып алар менен божурашып 1 саат маектешишет. Аларга деле каршы эмесмин, бирок басмадан чыгып жаткан китептер жөнүндө мукабасын, баасын көрсөтүп, автордун өмүр баяны, китептин мазмуну жөнүндө кыскача маалымат берген атайын телеберүүлөр абдан зарыл.

Экинчиден, адабий китептерге КНС азайтуу зарыл. Мен бир китебим чыкканда “Нуска” китеп дүкөнүнө барып, мага 80 сом, силерге 20 сом, китептин баасы 100 сомдон ашпасын дегем. Бирок карасам китебим 115 сомдон сатылып жатыптыр. Ошондо типографияга 50 сом, мага 30 сом, дүкөнгө жана КНСке 35 сом болуп жатат. Мен койгон баадан 31 пайыз көп болду. Эгерде мен китебимди 200 сом деп бааласам, анда дүкөн 300 сомдон сатмак. Анан кантип элибиз китеп сатып алсын?! Китеп жазгандарды муунтуп, жоготуп жаткан кербези болуп жатат.

Жазуучулардын ишин, абалын жакшыртуу үчүн мыкты жетекчи керек. Жазуучулардын өздөрү бул ишке жарабайт. Далайлар мени менен талашып, Совет доорунда жазуучулар өздөрү эле союзуна төрага болуп далай ийгиликке жетишкен деп айтышат. Бул туура эмес. Чындап келсе Совет доорунда жазуучуларды Сталин, андан кийин КПСС БКнын Саясий Бюросу жетектеп келген. “Жазуучу адамдын жан дүйнөсүнүн инженери” деген белгилүү учкул сөздүн автору болгон Сталин жазуучуларга кам көргөн.

Бул маселе боюнча Маданият министрлигинде атайын бөлүм ачуу зарыл. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин да бул ишке түздөн түз тиешеси бар. Дагы көп ойлор бар, бирок азырынча ушуну менен чектелейин.

Токтогул ЖУМАДИЛОВ, Бишкек шары