Алмаздын айдың талаасы

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Негизи журналисттер – тез-тез эл аралап, алгылыктуу жаңылык болсо аны жалпыга жарыялоого ашыккан журт болобуз. Эл аралап турбасак буулугуп кетмейибиз да бар эмеспи. Бул жолу Чүй облусунун борборго жакын Төмөнкү–Чүй айыл аймагына багыт алдым. Максатым ушул чарбанын иши менен таанышып келүү болчу. (Ал тууралуу гезиттин кийинки сандарында кеңири сөз кылабыз). Азыр айтайын дегеним чарбага бараткан жолдогу талааларда дыйкандардын жерден башын албай иштеп жаткандыгы болду. Көрүп туруп көңүлүң көтөрүлбөй койбойт. Алардын бирине токтоп, иштери менен тааныштым.

Көз алдымда Сары-Өзөндүн берекелүү талаасы керилип жатты. Бир жеринде жаңы эле баш алган буудай желге термеле кылкылдайт. Буудай талаасынын четинде бир топ адамдар сап-сап болгон жөөктөргө түшүп, бирде кетменди кериле шилтей, бирде отура калып бирдеме отоп жатышкансыйт. Жакын барып, өзүмдү тааныштырып, сүрөткө тартып алдым. Бирок, алардын мени менен сүйлөшкөнгө деле чолоосу жок окшойт, “– Талаанын ээси ушу жигит болот, ушул жигит менен сүйлөшүңүз”, – дешип, күнгө күйгөн, маңдайы жарык жаш баланы көрсөтө беришти.

Аты-жөнүн Хамыт уулу Алмаз деп тааныштырып, Төмөнкү Чүй айылынын тургуну болорун айтты. Бул жерге калемпир айдап, азыр суюлтуу, отоо иштерин жүргүзүп жатышыптыр. Көздөрү күлүңдөгөн, бардык кыймылынан эмгекке бышкандыгы байкалып турган тири-карак жаш жигит мындай деди: “– Жеримдин аянты 1 гектар. Жыл сайын калемпир айдайм. Азыр суюлтуп, отоп, түбүн жумшартып жатабыз. Быйыл деле буюрса түшүм жакшы болот деген ойдомун. Жылына 350-400 миң сомдой киреше  табам.  Күзүндө  кардарларыбыз ушул жерден эле алып кетишет. Өзүбүз дагы базарга алып чыгып калабыз”.

Байкаганым аркы жакта иштеп жаткандар да жаштар көрүнөт. Алмаздын айтымында аларга саатына 70 сомдон төлөйт экен. Көрсө, айылдык жаштар өздөрүнчө бригада түзүп алышып, жер ээлери менен келишим түзүп, жерин иштетип беришет тура. Чынын айтсам бул жаштарга да кубандым. Жаштайынан жер иштетүү, дыйканчылык деген  эмне  экенин  билип  өскөн мындай  жаштардан  көптү  күтсө болот.

Алмаздын калемпирлери жерден боюн көтөрүп калыптыр. Бир кылка жөөктөргө отургузулган, бир дагы отоо чөп жок айдың талаа көзгө да сонун көрүнөт. Калемпирлер өзүнөн өзү минтип койкоюп өсүп калбаптыр. “Талас” сорту аталган калемпирдин бул түрүн Алмаз адегенде үрөндөн өндүрүп, өнүп чыккандан кийин ар бирин көчөттөп атайын идишке көчүрүп, анан талаага алып чыгып ар бирин кол менен отургузат экен. Үрөндү өндүрүп, көчөттөп даярдаганга эле эки айга чейин убакыт кетет дейт. Башкача айтканда Алмаз жаз келгенге чейин калемпирдин  көчөттөрүн  өстүрүү же сакталган калемпирлерин сатуу менен алек болуп, колу деле бошобойт.

Сөзүнө караганда Алмаз орто мектепти аяктагандан кийин, окуусун деле улантпаптыр. “Жогорку окуу жайында окуган жоксуңбу”,- десем, “агай окусам окумакмын, бирок аны бүтүп алып, жумуш издеп же кайсы бир жерде 15 миң сомдун  көзүн  карап  жүрмөк  белем. Мага дыйканчылык эле жакын, канчалык маңдай тер төксөң ошончолук  мээнетиң  кайтат” дейт.

Анын  айткандары  ырас эле. “Эр эмгегин жер жебейт” эмеспи. Жалындаган 22 жаштагы  Алмазга  ийгилик  каалап, эл ичинде ушундай жаштардын  көп  болушун  тилеп, маанайым  көтөрүлө  жолумду уладым.