Милиция кызматкери пара менен кармалды

Пара алып жаткан жерине милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 21-майда Ички иштер министрлигине С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ИИОнун кызматкерлери тарабынан пара талап кылынып жаткандыгын билдирген. Жогоруда көрсөтүлгөн материал 21-май күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндөгү (пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери, УКМКнын Башкармалыгынын тергөө бөлүмү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштөгү материалды кароонун алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

27-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин милициянын аймактык пунктунун биринде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ШМБнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү К.Т. менен А.Ч. аттуулар 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышкан. Мурда алар 30 000 акча каражатын талап кылышкандыгы аныкталган. Кармалган милиция кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына жеткирилип, тергөө
амалдары жүрүүдө.