Казакстан: Шайлоонун ачык-айкындуулугу камсыздалмакчы

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын 9-апрелинде өлкөнүн калкына кайрылуу аркылуу Казакстан Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо өтө тургандыгын кабарлады. Ушул күнү ал шайлоонун 9-июнга белгиленгени жөнүндө жарлыкка кол койду.

Президенттик шайлоо республиканын турмушундагы чоң саясий окуя экендиги талашсыз. Анткени мамлекет башчы өлкөнүн өнүгүү жолун аныктайт, өкмөткө милдеттерди жүктөйт, ички жана тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын белгилейт. Ошентип, казакстандыктар арага отуз жылдай убакытты артка таштап, жаңы Президентти шайламакчы.  .

Алдыдагы шайлоо көз карандысыз Казакстандын тарыхында атаандаштыкты жараткан өнөктүк болгону турат. Бул жолу мамлекет башчысы кызматына жети талапкер ат салышууда. Биринчи ирет өлкө башчысы болууга аялзатынан талапкер чоң «байгеге» кошулду. Ал  – «Ак жол» партиясынын өкүлү Дания Еспаева. Чындыгына келгенде, Казакстан саясатта эркек адамдар басымдуулук кылган чөлкөмдө экендиги маалым. Деген менен, көп жылдардан бери Казакстан гендердик теңдикти жакшыртууга  жана бизнес менен саясатта аялзатынын ролун көтөрүүгө аракет кылып келе жатат. Биз учурда мындай аракеттердин жемишин көрүп жатабыз.  Ошондой эле, Еспаева айымдан башка да саясатта төбөсү көрүнгөн айымдар бар. Атап айтканда, алар – Парламент Сенатынын төрайымы, Премьер-Министрдин орун басары, Билим жана илим министри. Казакстан Парламентинин төрттөн бирине жакыны «назик жандуу» депутаттар.

Алдыдагы шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү – шайлоо жараянынын атаандаштыкта жана адил өтө тургандыгы. Бул шайлоолордун адилеттүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуучу демократиялык институттардын өнүккөндүгүнө байланыштуу болууда. Шайлоонун мурдагыларга караганда башкача боло тургандыгы байкалууда. Элге маалым болгондой, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев эл аралык жогорку стандарттарга ылайык келе турган ачык-айкын шайлоону камсыз кыла тургандыгына убада берди. Бул убаданын чын дилден айтылгандыгына мисалдарды келтирүүгө болот. Муну жыйырма жылдан бери Өкмөткө карата оппозициялык көз карашта жүргөн Амиржан Косановдун президенттикке талапкерлигин коюп жатканы тастыктап турат. Мамлекет башчы кызматына талапкерлердин бардыгы, анын ичинде Косанов да өздөрүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүн ачык өткөрүп, шайлоочулардын добушун көбүрөөк алуу үчүн күрөшүп жатышат.

Казакстан шайлоону байкоочулар үчүн ар дайым шарттарды түзүп келген жана алардын конструктивдүү эскертүүлөрүнө көңүл буруп турган. Бул жолу 10 эл аралык уюмдан 1000ден ашуун байкоочулардын келүүсү күтүлүүдө, ошондой эле чет элдик мамлекеттердин өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүнө назар салмакчы. Казакстан Өкмөтүнүн чакыруусу менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ОБСЕнин) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жана башка уюмдардын  өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт. Учурда алардын миссиялары өлкөнүн бардык аймактарына жайгаштырылды.

Алдыдагы шайлоо Казакстан үчүн гана эмес, биздин кошуналарыбыз жана дүйнөлүк өнөктөштөрүбүз үчүн да маанилүү деп билебиз. Себеби, Казакстан глобалдык олуттуу маселелерди чечүүгө активдүү катышкан өлкө. Алардын бири катары Сириядагы жаңжалды жөнгө салууга үлүшүн кошуп жатканын айтсак болот. Ал эми экономикалык өңүттөн караганда, өлкөбүздүн Өкмөтү Казакстандын инвестициялык климатын жакшыртууда чечкиндүү чараларды кабыл алууда, чөлкөмдө инвестициялык жагымдуулукту түзүүдө биринчиликке ээ болууга умтулууда. Бул Кыргызстан үчүн да маанилүү деп эсептейбиз. Азыркы убакытта казак-кыргыз карым-катнаштары өз ара пайдалуу негизде илбериңки өнүгүп жатат.

Бүгүнкү күндө Казакстан Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык жана инвестициялык жетектөөчү өнөктөшү болуп эсептелет. Эгемендик жылдарында Казакстан Кыргызстандын экономикасына 1,5 млрд. АКШ доллары көлөмүндө инвестиция салганын белгилеп койгон оң. Учурда казакстандык инвесторлор тоо-кен өнөр жайында, банк секторунда жана экономиканын башка да тармактарында кызматташууда. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге 2015-жылы киргени маалым. Бул өлкөгө экономикалык жактан өнүгүүгө түрткү берип, уюмдагы бардык өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү өстүрүүгө өбөлгө түздү.

Шайлоонун жыйынтыгы 16-июнга чейин расмий түрдө жарыяланат. Шайлоо өнөктүгү аяктап, шайланган президент кызматына киришкен соң, эл аралык кызматташтыктын жаңы этабы башталары белгилүү. Казакстан менен Кыргызстандын алакасы мурдагы ырааттуулугун сактап, жаңы белеске чыгат деген ишенимдебиз.

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги да шайлоого даярдыктарды көрүүдө. Шайлоо күнү элчиликте №264 шайлоо участогу иш жүргүзөт. Дипломатиялык өкүлчүлүгүбүз шайлоодо добуш берүүчүлөргө бардык зарыл шарттарды түзүүдө. «Казакстан Республикасындагы шайлоолор жөнүндө» мыйзамына ылайык, чет өлкөлөргө жеке чакыруу менен, кызматтык, ишкердик же туристтик сапар менен келген Казакстандын жарандары учаскалык шайлоо комиссиясына кайрылып, Казакстандын жарандык паспортун көрсөтүү аркылуу өз тандоолорун жасаса болот. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.00дөн 20.00гө чейин.

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги