Кыргызстандын Британиядагы элчиси кызматына Байсаловдун талапкерлигин тармактык комитет жактырды

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына  Эдил Байсаловдун талапкерлигин жактырды.

Белгилей кетсек, Эдил Байсаловдун талапкерлигин ТИМ сунуш кылган болчу.