Чет өлкөлүктөрдүн жакшы пикири – туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө

ШКУга мүчө мамлекеттерден келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын медиафорумунун катышуучулары 25-майда Ысык-Көл облусунда болушту. Меймандардын кыргыз маданияты менен таанышуусу Бактуу – Долоноту айылындагы ат майданында башталды. Анда кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү, тамакаштары көрсөтүлүп, иш-чара “Кыз куумай”, “Тыйын эңмей”, “Салбуурун” жана “Көк – бөрү” сыяктуу улуттук оюндар менен коштолду.

Андан кийинки иш-чара көгүлтүр Ысык-Көлдүн үстүндөгү саякат менен уланды. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков меймандар үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн, ошондой эле, кыргыз элинин үрп-адаты, каада -салты, маданиятын көрсөтүү үчүн болгон күч аракеттер жумшалгандыгын билдирди. Ар бир өкүл өз мекенине барганда Кыргызстан жөнүндө жакшы коомдук пикир жаратуусу биздин туристтик деңгээлибизди көтөрүүбүзгө жакшы шарт түзөт деп кошумчалады ал. Монголиядан келген “МОНЦАМЕ” маалымат агенттигинин орус редакциясынын башкы редактору Дэлгэрмаа Юмсурэн “Кыргызстандын таза абасы, жаратылышы мени арбап алды. Чындыгында мен алгачкы ирет келип жатам. Болуп көрбөгөндөй таң калдым. Кыргыз элинин маданиятын алыстан уккам. Биз көчмөн эл экендигибизди, түп тамырыбыз бир экендигине толук ынандым”, — деген пикирин билдирди. Мындай пикирлерди Индиядан, Пакистандан жана Тажикстандан келгендер да айтышты.