ШКУнун беделин көтөрүүдө ЖМКлардын ролу чоң

 Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


24-майда Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн “Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу” аталышындагы Медиафоруму болуп өттү. Иш чара Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ Катчылыгынын, алдыңкы катардагы ЖМКлардын өкүлдөрү, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа эксперттери, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр катышышты. Анда медианы өнүктүрүүнүн заманбап трендин жана ШКУнун жалпы маалымат мейкиндигин өнүктүрүү маселесине бирдиктүү мамилеси талкууланды.

С. Жээнбеков: Кыргызстанда ЖМК үчүн жабык тема жок

Аталган медиафорумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн айрым жерлерине токтолуп, урунттуу учурларын келтире кетели.

ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу экенин билдирген өлкө башчы: “ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт. Сөз дайым курч курал болгон: сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат. Сиздер билгендей, бул жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда. Кыргызстандын төрагалык кылуусунун алкагында биздин өлкөлөрдүн ар кандай деңгээлдеги байланыштары тыгыз болгон”, — деп билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан төрагалык кылган бул жылда, өлкөдө коргоо министрлери, тышкы иштер министрлери, маданият министрлери жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо кеңештеринин катчыларынын жыйындары сыяктуу маанилүү саясий иш-чаралар, ишкерлик чөйрөнүн форуму жана аялдар форуму өттү. Ал эми башкы ишчара – ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңеши үстүбүздөгү жылдын июнь айында өтөт. Мына ушул чоң окуяны утурлай медиафорумдун дагы өтүп жатышы өзгөчө кадам. Анткени Шанхай Кызматташтык Уюму жылдан жылга өзүнүн стратегиялык позицияларын бекемдеп, дүйнөдөгү эң абройлуу Уюмдардын бири болуп калды. Уюмга Индия менен Пакистандын кошулушу менен ШКУ глобалдуу маселелерди чечүү үчүн ири дүйнөлүк трансаймактык бирикмеге айланды. Бүгүн ШКУнун жоопкерчилик аймагы –3 млрд. адамдан ашуун калкы бар Евразиянын территориясынын 60 пайызынан көбүрөөк жери. ШКУга мүчө мамлекеттер биригишип, бүт дүйнөлүк дүң продукциясынын төрттөн бир бөлүгүн чыгарат. Ал эми эл аралык коомчулуктун алдында уюмдун беделин көтөрүүдө ЖМКлардын ролу чоң экени талашсыз. Мына ушуларга токтолуп өткөн Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда пресса үчүн жабык тема жок экенин белгиледи.

“Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү. Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат. Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы – биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган. Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Бизде журналисттердин аркасы менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукка дароо маалым болуп турат. Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот”, — деди С.Жээнбеков.

Анткен менен Уюмдун ишмердүүлүгү, анын биргелешкен потенциалы көп тараптуу кызматташтыктын жана жетишкендиктердин жыйынтыктары, пландары жана келечеги жөнүндө маалыматтын деңгээли дүйнөдө гана эмес, ШКУ өлкөлөрүндө дагы салыштырмалуу төмөн. Ошондуктан бул Медиафорум пикир алмашуу жана бирдиктүү маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу үчүн уникалдуу аянтча болуп калат деп күтүп жатканын жашырбаган Президент: “ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМК катализатор боло алат. ШКУ бирдиктүү маалымат аймагында позитивдүү контентке ээ экендиги абдан маанилүү. Бул үчүн бардык негиздер бар – саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда күчтүү жаратмандык менен иш алып барылууда. Мындай шартта ШКУга кирген мамлекеттердин медиа коомчулугунун конструктивдүү диалогунун ролу өзгөчө өсүүдө”, — деп билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчы белгилегендей, ШКУнун жаңы деңгээлге өсүүсү жана глобалдык чакырыктарга ээ экендигин эске алуу менен трансформациялоодо ЖМК ролу маанилүү. ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМК катализатор боло алат.

“Кыргызстан ШКУнун өнүгүшүнө бараандуу салым кошууда”

Ошондой эле Медиафорумдун ачылышында ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовдун кайрылуусун анын орун басары Айзада Субакожоева окуп берди. Анда, форум журналисттердин түздөн-түз байланыш түзүп, профессионалдык тажрыйба алмашууга жана ШКУ алкагында ЖМК тармагында иш жүзүндө кызматташуу боюнча бирдиктүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү жана ШКУ мейкиндигинде учурдагы жана пайда болуп келе жаткан процесстерди талдоо үчүн зарыл экени белгиленген.

«ШКУ Катчылыгынын талдоосу жана анализи көрсөткөндөй, жылдан жылга Уюмдун дүйнөлүк маалыматтык мейкиндиктеги эл аралык позициясы бекемделгени байкалууда. ШКУга болгон кызыгуу күчөп, мүчө мамлекеттердин сиздер тааныштырып жаткан алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан, өз убагында, калыс чагылдырылууда. ШКУ түзүлгөн учурдан бери 18 жыл аралыгында Уюмдун адекваттуу образын түзүүдөгү ЖМКнын ролу баалуу», — деп белгиленет кайрылууда.

ШКУнун Башкатчысы баса белгилегендей, Уюмдун катчылыгы ШКУнун ишмердүүлүгүн сапаттуу маалыматтык коштоо боюнча тийиштүү иштерди системалуу негизде жүргүзүүдө. ШКУнун Катчылыгына караштуу пресс-клуб ШКУга мүчө мамлекеттердин, диалог боюнча байкоочу жана өнөктөш өлкөлөрдүн, ири маалымат агенттиктери менен ырааттуу байланыштарын колдоого алат.

ШКУнун Катчылыгы менен Синьхуа, ТАСС, Казинформ маалымат агенттиктери ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү. Аны менен бирге ШКУнун Катчылыгы бардык кызыккан ЖМК менен иштөөгө даяр экенин баса белгиледи.

«Кыргызстан негиздөөчү мамлекет катары ШКУнун өнүгүшүнө бараандуу салым кошууда. Кыргызстандын Уюмдагы төрагалык кылуусу ийгиликтүү өтүп, көп сандаган маанилүү расмий иш-чаралар жана ири окуялар менен коштолууда — Ысык-Көл марафону, Аялдар форуму, Бизнес-форум, бүгүнкү Медиафорум», — деп айтылат кайрылууда.

Медиафорум ЖМК кызматташуусуна кеңири жол ачты

Ошондой эле Форумдун жүрүшүндө «ШКУ өлкөлөрүнүн медиа ресурстар каражаттары аркылуу ШКУнун платформасын динамикалуу илгерилетүү» жана «ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын өз ара эффективдүү аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү» темалары боюнча сессиялар өткөрүлдү. Алардын жыйынтыгы менен атайын резолюция кабыл алынды. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ар тараптан кызматташуусу, тажрыйба алмашуу, маалымат айдыңында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ШКУга мүчө өлкөлөргө журналисттердин иш сапарларын уюштуруу маселелери камтылды.

“Шанхай кызматташтык уюмунун келечегин, мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүксүз изилдеп, жазып, чагылдыруу натыйжа берет. Бирок, ошол эле учурда окурман, угарман, көрүүчүлөргө кызыктуу көрүнүштөрдү тандоо зарыл. ШКУга мүчө ар бир өлкөнүн баа жеткис маданияты бар. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын күчү менен өлкөлөрүбүздү, элдерибизди жакындата алабыз. Бул үчүн уюмдун ишмердүүлүгү ар бирибиздин назарыбыздан чыкпашы керек”,-деп билдирди “МОНЦАМЭ” маалымат агенттигинин бөлүм башчысы Юмсурун Дэлгэрмаа.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Казакстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү мүчөлүк кылат. Ал эми Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу макамына ээ болсо, Азербайжан менен Түркия диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр.