Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик: «Канткенде чыныгы кыргыз боло алабыз?»

Буга чейинкисин бул жерден окуңуз

Маданий жардылыктын дагы бир белгиси – амалпороздук менен ка рьеризмден даана байкалат. Мансап куучулук менен бийликке умтулуучулук адамды барып келип, акыр түбү ыймансыздыкка, эки жүздүүлүккө түртөт. Мындай кишилерде көбүнесе тигил же бул турмуштук маселелер, кубулуш – окуялар боюнча өз көз караштары болбойт, принципсиз келишет. Алар “жогору жактагыларга” карап, айлана-чөйрөсүнө ылайыкташып жашашканды артык көрүшөт. Карьерист адам өз кызыкчылыгы үчүн жолдошжоролорун, тууган-уругун, эл-журтун да сатып жиберүүдөн кайра тартпайт. Өз максатын жүзөгө ашыруу үчүн алар ар кандай антисоциалдык күчтөр менен да биригип кетүүгө даяр турат.

Инсан мүнөзүнө дал келбеген дагы бир жаман көрүнүштөрдүн катарына кайдыгерликти кошоор элем. Себеп дегенде кайдыгерликтин сазына баткан адам боорукерликтен, өзгөлөрдү сүйүү, аео сезимдеринен ажырайт. Мунун өзү таш боордукту, зыкымдыкты, кара мүртөздүктү пайда кылат. Ал эми кара мүртөз, таш боор адам башкалардын тагдырына көңүл кош келет да, жан-жакасындагы болуп жаткан мыйзамсыздыктарга, ыпласчылыктарга эч кандай реакция жасабайт. “Мага тийбеген куйрукту ит жесин”, – принциби менен күн кечирет.

– Агай, Сиз менен бу турмушта жеткен илимий да, коомдук да, мамлекеттик да бийиктигиңиз тууралуу сүйлөшсөк да болот эле… Бирок Сиздин ал бийиктигиңизди эл жакшы билет. Сиздин адамдык ой-толгооңуз – азыркы күндө өтө баалуу. Сиздей акылгөй адамдардын барктуу кеби, таамай сөзү ар бир адамдын жүрөгүндө ташка тамга баскандай жазылып калат. Аксакалдан акыл алып калуу – илгертен келген көөнө салт. Салт демекчи, соңку жылдары Сиз улуттук салт тууралуу бир нече макалаларды жазып, атуулдук позицияңызды билдирип келесиз. Айрыкча, ысырапкорчулук боюнча. Жараткан адамды сыноо таразасынан өткөрөрдө “Ал дүйнөнү ысырап туттубу же сарамжал болдубу?” – деп сынайт экен. Деги эле азыркы кездеги салтыбызга көз карашыңыз?

– Элдин турмушу качан гана колундагы байлыкты үнөмдүү пайдалана алса, иштете алса, соода-сатык иштеринин ыкмаларын үйрөнүп-билсе, куру намыска алдырып ондогон жылдар бою топтогон дүйнөсүн бир күндө чачып жибербесе гана өлкөдө экономика көтөрүлөт, мамлекет бакубат болот.

Ушуга байланыштуу жалпы элге кайрылаар элем, элден суранаар элем: ашыкча, жараксыз үрп-адат, салт-санаабызга чектөө коёлу, тыюу салалы. Биздеги той, кара аш, маркумду узатуу сыяктуу салттар өтө эле көп чыгымга турат. Ушул маселеде атаандашуу, эрегишүү, жарышуунун кереги жок. Бир жөнөкөй эле мисал келтирейин. Мен депутат болуп өткөн айылдардын биринде той болуп, ага ондогон торпоктор “чоң улакка” алып келинип, тойдун насибине даярдалган тамактан кийин конок болуп, конокто алиги торпокторго кошумча кой козулар, ящик- ящик арак-шараптар таркатылып, эртеси чоң улак болуп, андагы соорундарды айтпай эле коёлу (машина, төө, жылкы, телевизор, жандыктар, акчалар ж.б.). Кыскасы, топтолгон дүйнө ачылды да, чачылды. Мындай ашыкча ысырапчылык боло берсе биздин топтогон дүйнөбүз көпкө жетпейт. Мамлекетибиздин экономиканы чыңдоо боюнча жасаган аракеттери да эч нерсeге турбайт. Ушинтип өзүбүздү-өзүбүз мактап, жарнама кылып мал-мүлктү чача берсек, малдын баарынан ажырайбыз. А мал болсо, бир жылда, же беш-он жылда эле көбөйүп ордуна келип калбайт да. “Бай кудайга, кул байга жетем дейт”, – дегендей, куру намыска алдырып жүрө берсек турмушубуз оңолмок турсун, жакында эптеп-септеп колго тийген, жерибизди кучактап жатып калабыз (ошол жерди да жакшы иштете алсак мейли эле го…), Дагы бир нерсе “маркумду” узатуудагы салттарыбыз турмуш-шартыбызга, ал-ахыбалыбызга жараша болуш керек да. Биздечи!? Жаш болобу, кары болобу, ошол өлүм болгон күнү союштар союлуп, чучуктар жасалып, ичимдиктер даярдалып, бир жакта ый-кайгы болуп жатса, экинчи жагында казан-казан тамактар даярдалып, мейман үйлөр такталып, ал гана эмес ичимдиктери да камдалып, …кыскасы абдан эле ашыкча чыгымдар болот. Мындай чыгымдар ар бир пайшамбада “кыркына” чейин өткөрүп турушу кыйын болсо да, көп эле адамдарды аргасыздан аткарууга мажбур кылат. Ислам дининин мыйзамдарында деле мындай ашыкча ысырапчылыкка жол берилбесе керек. Ушул маселелер боюнча биз өзүбүздүн эле “исламдымусулманчылыкты” бизден кем эмес кармаган өзбек-тажик туугандардан үйрөнсөк, алардын салтынан үлгү алсак жаман болбойт эле. Аларда ичкилик мындай турсун “маркум” чыга турган үйдө бир нече күн тамак даярдалбайт, бата кылуучулар чайпайга киришпейт. Кийинчерээк бир эле союш менен бардык тамак-аш уюштурулат. Ушундай салттын айрым бир жышаандары – башталып жатканы жакшы нерсе. Элден бөлүнүү, чыгып кетүү абдан кыйын. Бирок акыл менен иш кылса болот экен. Мисалы, бир-нече жыл мурда Аксы районунун чоң бир айылында “маркумдун” сөөгүн койгону барганыбызда союш союлуп, коноктоо болбой тургандыгын эскерткенин баарыбыз туура эле кабыл алдык. Мындай элибиздин турмушун, кырдаалды эске алуу менен жасалган кадамдарды колдоо гана керек.

Убакытты үнөмдөө чоң ысырапкорчулукка жол бербөөнүн каражаты экенин унутпообуз керек.

Өлкөнүн экономикалык абалын баалоонун негизги белгиси – бул калктын жашоо деңгээли. Экономиканын оорусу – бул калктын оорусу. Калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу мамлекеттин, анын башчыларынын, жер-жерлердеги бийликтердин эң негизги милдеттери болгону менен, жашоо турмушубуздун оңолушу, негизинен, өзүбүздүн колубузда. Биринчиден, куру намыска алдырбай, үнөмдөөнү, сода кылууну үйрөнсөк, көнсөк, экинчиден, эң негизгиси жерди натыйжалуу иштетүүгө жана чарбабызды өнүктүрүүгө үйрөнсөк, кыскасы бекерчиликке, жалкоолукка алдырбай, убакытты эч бошко кетирбесек, дайыма кыймылда, аракетте болсок. Татыктуу, үлгүлүү, үзүрлүү иштесек, келечегибиз жакшы болот. Кайсы эл бай? Үнөмдүү эл – бай! Кайсыл мамлекет бай? Пландуу иш жүргүзгөн, үнөмдүү жашоону жолго салган мамлекет бай. Эли бай – мамлекет бай.

– Бектемир агай, азыркы кезде интеллигенция тууралуу ар кандай пикир айтылып келет. Сиз “Интеллигенция бар, интеллигенттүүлүк жок”, – деген бүтүмгө кандай карайсыз?

– Интеллигенция – бул элдин илимбилимдүү катмары. Бул мааниде алганда, бизде интеллигенция бар. Алар билим берүүдө, илимде, өлкөбүздөгү ар түрдүү тармактарда эмгектенип, иштеп жатышат. Канчалык элдин бул катмарына сын айтып жатканыбыз менен алар кайсы-бир деңгээлде өз милдеттерин аткарууга аракет көрүп жатышат. Мисалы, мектептердеги эле мугалимдерди эле алалы. Айлыктын аздыгына, моралдык колдоонун жетишпегендигине карабай, өз милдеттерин колунан келишинче аткарып эле жатышпайбы. Эгер ушул мугалимдер өз кызматтарын аткарбай, жапырт иштен баш тартып коюшса, эмне болмокпуз? Азыркы мектепте иштеп жаткандарды бүгүнкүнүн Дүйшөндөрү деп тартынбай эле атоого болот. “Интеллигенция бар, интеллигентүүлүк жок”, – деген сөздүн кайсы бир деңгээлде чындыгы болгон менен мен буга анчалык кошула бербеймин. Интеллигенттүүлүк бир гана интеллигенцияга таандык сапат эмес. Мен карапайым адамдардын арасынан көп эле интеллигенттүү инсандарды жолуктурдум. Менин түшүнүгүмдө ыймандуу, калыс, таза, сабырдуу, жагдайга жараша аракет кылып, сүйлөй алган, өзүнүн ордун билген, топуктуу, ач-токко чыдаган, эмгекчил адамдарды интеллигенттүү адам деп атай берсек, жаңылышпайбыз го.

Интеллигенттүүлүк – бу табигий касиет, ошо табигий касиети бийик адам гана интеллигенттүү, ал адамдын нукура ички дүйнөсүнөн куралат.

– Сиз интеллигенциянын азыркы саясий кырдаалдагы пассивдүүлүгүн эмнеден көрөсүз? “Интеллигенция – коомдун башкы авангарды”, – деген сөз да маанисин жоготуп баратат. Анын себеби эмнеде?

– Эми бул сөздүн чындыгы бар. Бирок бул жерде анын себеби эмне? – деген суроо өзүнөн-өзү келип чыгат. Бир учурда Ленин “Коомдо жашап туруп, коомдон сырт калууга болбойт”, – деп белгилегени эске түшөт. Бул ойдун тууралыгын бүгүнкү күнүбүз ырастоодо. Интеллигенция эмне үчүн пассивдүү, эмне үчүн коомдо болуп жаткандарга үн кошпой, сыртта байкоочу болуп калды? Биз бүгүн “базар экономикасында” жашап жатабыз. Бир кездеги: кесипкөйлүк, чынчылдык, адилеттик, калыстык сыяктуу баалуулуктар көмүскөдө калып, байлык, бийлик биринчи орунга чыгып калганы жашыруун эмес. Аны шайлоолор, кызматка дайындоолор ачык эле көрсөтүп жатат. Ак эмгеги менен жашаган, жарыбаган айлык алган интеллигенциянын сөзүн ким угат. Бүгүнкү күнү жаратылыш экологиясы гана эмес, адам экологиясы кыйрап баратканына өзүбүз күбө болуп жатпайбызбы? Адам экологиясынын ушунчалык ыпластыкка тушукканын Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты жеп койгону, мейли жарды болсо, жетишпесе, бирок жер жайнаган байлыгы бар, ЖКга эл өкүлү, биринчи вице-премьер болгон адамдын жийиркенээр кылыгы ташка тамга баскандай көрсөткөн жокпу?!

Менимче, качан чыныгы интеллигенция өкүлдөрү бааланып, айткан-дегендерине кулак салынганда гана, коомубуз алга жылат, интеллигенттер да активдүү болуп, элибиздин алдыңкы катарында болот деп ишенемин.

Адам өзү бу турмушта, өз позициясы, өз көз карашы, өз принциби менен адам.

– Сиз бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты болдуңуз. Депутат – элдик адам, депутат болбой туруп эле элдик адам болсо болобу?

– Бул сурооңо акылгөй атабыз Жусуп Баласагындын:

“Төрдөн орун тийип калса нааданга,
Улагада калганыңа арданба.
Улуу адам улагада калса эгер,
Ошол жайды ыйык жай деп биле бер”,– деген саптары менен жооп берсем жаңылбайм го.

Депутат болбой эле элдик адам болууга болот. Бирок депутат болсоң, элдин көйгөйлөрүн көтөрүп чыгууга, тиешелүү бийлик бутактарына жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болот. Азыркы депутаттардын көпчүлүгү кандай максатка олчойгон акчаларын чачып шайланышууда. Алар элдин эмес, жеке өзүнүн кызыкчылыгын (бизнесин, жакындарын кызматка көтөрүү, баюу ж.б ) көздөп барышканын турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы? Ошондуктан коркок билиш болуп, жогору жактан кандай “өтүнүч” болсо, “ляппай” дешип колдошууда. Ырас, булардын арасында элин ойлогон, таза, мекенчил депутаттар бар. Бирок аларды санасаң, беш манжаң ашыктык кылат. Айрыкча, Мыктыбек Абдылдаев, жаштардан Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Курманкул Зулушев, Жамангулов д.у.с. жигердүүлүгүн мен эле эмес, бүт эл көрүп-билип жатат.

– Кыргыз элинин келечеги эмнеде? Сизге үмүт байлаган жана сизди кооптондурган маселе эмне? – Кыргыз элинин келечеги, менимче, билимде, билимдүүлүктө. Көп жыл жогорку окуу жайында иштеген, аны жетектеген, депутат катары эл ичин көп аралаган жаран катары байкаганым биздин эл – жаңыга умтулган, ошонун ичинде илим-билимге, “атка жеңил, тайга чак” эл. Ошондуктан жаныбыздагы тилдеш, диндеш коңшуларыбызга караганда демократияга тез жүз бурдук, үй-бүлөлүк башкарууну жок кылуу үчүн революцияларды жасадык. Бирок аларыбыз эл күткөн натыйжаны берген жок. Бүгүнкү эл башчыбызга баарыбыз үмүт артып турабыз.

Мени үмүттөндүргөн нерсе – бул жаштардын илим-билимге умтулуп, Кыргыз Республикасында гана эмес, дүйнөнүн төрт тарабына бет алып кетишкендиги. Анткени алар ал жактан мыкты адис гана болуп келишпейт, ошол элдин жетишкендиктерин, баалуулуктарын, жаңылыктарын алып келишет. Демек, кыргыз элин ар тараптан байытат, дүйнө таанымын, көз карашын кеңитет. Каалоом, тилегим ушулардын ичинен таланттуулары, кыйындары Кыргызстаныбызга келип өздөрүн көрсөтүшсө, ошого жараша татыктуу маяна алышса, бийлик аларды баалашса…

(Уландысы бар)