Парламентте жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊы депутат Айнура Аскарова ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Ал жакында Улуттук Энергохолдинг компаниянын башчылыгына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Айтмамат Назаровдун ордуна келди.

Айнура Аскарова буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгын жетектеп келген. Жогорку билимдүү, 1998-жылы Улуттук университетинен «журналист» адистиги боюнча билим алган. 2008-жылы Башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган. Ал эми 2015-жылы Арабаев атындагы университеттин «саясат таануу» адистиги боюнча аспирантурасын бүтүргөн.