Зейнеп ШАКЕЕВА, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: «Актрисалык – кыялымдагы кесип бойдон калды»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу»


Сүрөт: Спутник.кж

“18 жаш”, “Чагылган”, “Элмира”, ж.б. ырлары менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шакеева быйыл 70 жашка толуп, балпайган байбиче болуп, бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдө.

– Быйыл 70 жашка чыгыптырсыз, эже, куттуктайбыз.

– Чоң рахмат! Балдарым юбилейиңизди өткөрөлү дешти. Бирок, мен каршы болдум. Мага анын зарылчылыгы деле жок. Андай аш-тойлорду көрүп эле жүрөбүз. Анүстүнө убарасы да көп. Уул-кыздарымды убарага салгым келген жок.

– Карылыктын кантип келип калганын байкабай деле калсаңыз керек?

– Ананчы. Жаш кезде туулган күн деп ырдап-чордоп, тим эле жыргайт экенбиз. Убакыт өтүп, картайып жаткан менен ишибиз жок. Көрсө, жыл сайын өмүрүбүз өтө берет экен. Биз кааласак да, каалабасак да мезгил өз энчисин алат тура. Бирок, карылыкка жеткен бар, жетпеген бар дегендей. Кудай кут кылсын, ушул жашымды.

– Өткөнгө кылчайып, өмүрүңүзгө далай ирет саресеп салсаңыз керек, жаштыгыңыз менен курчтугуңузду кандай пайдаланыптырсыз? Эмнени колдон чыгарыпсыз?

– Негизи өткөнгө өкүнүп, өзүмдү кыйнай бербейм. Өкүнгөн менен пайда жок да. Жаш кезде анча-мынча каталарды кетирген чыгармын. Бирок, бармак тиштегидей окуя деле болбоптур. Болгону, ырчылыкты, жумушумду эрте таштап койгонумду эстегенде ичим тызылдай түшөт. Союз тараган учурда, үйдө да кыйынчылыктар болду, балдарым удаа-удаа эле. Андан сырткары, өйдө жактагылар менен пикирим келишпей калды. Ошо менен иштен чыгып кеттим…

– Чыгармачылыгыңыздын кайсы жылдарын жемиштүү болгон деп эсептейсиз? Дегеле, канчанчы жылдары тынымсыз иштедиңиз?

– 1966-жылдан союз тараганга чейин тынымы жок иштедим. Турмушка чыгып үйбүлөлүү болгондо деле отуруп калган жокмун. Кош бойлуу кезимде 8-9 ай болгонго чейин ойго десе ойго, тоого десе тоого барып ырдап жүрдүм. Кийин төрөп түшүп, балдарым 2 айлык болгондо эле кайра жумушка чыкчумун. Балдарым кымындай, ороодо кезинде өзүм менен кошо гастролдорго чыгып жүрүп чоңоюшту. Андайда жаныма чоң таштек, ток чайнек ж.б. дайыма алып жүрөр элем. Барган жерден суу сайып ысыта коюп балдарымды жуунтуп, кир-когун жууйт элем. Бактыма жараша кыздарым, уулдарым көп ыйлачу эмес. Ошондо да артисттердин айрымдары сүйчү эмес. Төрөгөн сайын көздөрүнүн кыйыгы менен карап: “Ии дагыбы”,-дешип жаман көрүшчү. Ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалованын айтканы али күнчө эсимден кетпейт. Экинчимди төрөгөндөн кийин Москвага гастролго чыгыш керек болуп калды. Төрөттөн кийин кичине толуп кеткен элем. Мени тигиле карап: “Кыйратып тыштагансып семирип. Жогот алдагы курсакты, сен эле жалгыз тууп атсаң дагы”, – деген. Костюмершага кайрылып: “Зейнептин формасын 3 размерге кичине тиккиле”, – деди эле жарыктык киши. Ал кишинин сөзү биз үчүн мыйзам болчу да, бир айдын ичинде 3 размер кичине тигилген көйнөккө баткыдай болуп арыктагам.

– Жашоонун өзү жеңүүдөн жана жеңилүүдөн турат дешет, сиздин жеңишиңиз эмне болду?

– Менин жашоодогу жеңишим – үйбүлөлүү, балалуу-чакалуу болгонум. Кыздарым турмушка чыккан, уулдарым үйлөнгөн. Бардыгы өз ордунда. Жараткан жалгап кызы деле, эркеги деле жакшы жерге туш келишти. Куда-кудагыйларым, келиндерим, күйөө балдарым жакшы чыкты. 15 неберелүү, 4 чөбүрөлүү болдум. 4-чөбүрөмдүн төрөлгөнүнө 2-3 күн эле болду. Жараткан өмүрүн берсин. Тилегеним эле, ушулардын жамандыгын көрбөсөм экен дейм.

– Кандай кайнене боло алдыңыз?

– Жакшы эле кайненемин деп ойлойм. Менин эң жакшы касиетим, өздөрү кеңеш сурамайынча эч кимисинин жашоосуна кийлигишип акыл үйрөтпөйм. Сураса айтам, сурабаса унчукпайм. Атасы да балдарын эркине койчу.

– Сиз бала кезиңизде врач, анан актриса болгуңуз келчү экен?

– Ооба, мектепте окуп жүргөндө врач же актриса болом дечүмүн. Ырчы болом деген ойдо да жок. Айылдагылар мени: “Доктур кыз”,-деп коюшчу. Кичинемде камыштан же чийден шприц жасап алып, көчөдөгү өткөнкеткендерге ийне сайып берейин дей берчү экемин. Кийин ошол доктур кыз, ырчы кыз болуп кетти. Ал эми актрисалык – менин кыялымдагы кесип бойдон калды. Бир сапар “Жамилага” тартылуу боюнча сунуш болгон. Бирок, анда мен турмушка чыккан кезим эле. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу тартылган жокмун. Андан кийин эч ким мени тартам деген жок. Мен да киного түшөм деп аракет кылган жокмун.

– Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

– Азыр неберелеримди багышам. Чакырган жерге барып, анда-санда ырдап коем.

– Концерт же чыгармачылык кечеңизди өткөрүү планыңызда барбы?

– Жок. Өткөргүм да келбейт. Жана айткандай майда-чүйдөсү, артындагы сөзү көп…

– Демек, азыркы максатыңыз үлгүлүү таэне, үлгүлүү чоң апа болуу турбайбы.

– Туура айтасың, Кудайдан тилегеним эле балдарымдын бактысы. Ушулардын жамандыгын көрбөй кетсем экен дейм.

– Кайсы бир учурда топту жарып чыккан таланттуу, белгилүү ырчы катары өзүңүздү керексиз сезбейсизби?

– Эч качан. Менин да өз күйөрмандарым бар. Алар да мендей болуп 70-80ге чыгып карып калышты. Жакшылыктарда суранып калышат. Андайда ырдоого туура келет.