Байтемир АСАНАЛИЕВ: «Бала – үйдүн чырагы, Бала – өмүрдүн булагы»

БЕШИК ЫРЫ

Даяр болду бешигиң,

Кел, бөлөйүн, кешигим.

Таңга чейин ойгонбой,

Таттуу уйкуга көшүлгүн.

 

Эмчегимди берейин,

Эркем, тегеренейин.

Эсен жүрүп, эр жетип,

Элге тийсин керегиң.

 

Бешик ырын ук, жаным,

Берекем, тез уктагын.

Ойгонбой уктап калышты

Ойногон оюнчуктарың.

 

Ачкын, балам, гүлүңдү,

Алып өскүн тилимди.

Ачкан сырын ааламдын,

Адам болгун билимдүү.

 

Бешигиңди терметем,

Укта, уктай гой, берекем.

Ак сүтүмдү актайсың,

Аман-эсен эр жетсең.

ЭНЕ ТИЛИ

Бала тили чыкканда, —

Алгач айтат ЭНЕни!

Абдан туура андыктан –

ЭНЕ ТИЛИ – дегени!

 

Мына ушуну баарыбыз,

Көңүлгө бек түйөлү!

Энебизди сүйгөндөй –

Эне тилди сүйөлү!

СҮЙӨМ
ЭНЕ ТИЛИМДИ

Эне тилим – кыргыз тили,

Энем, атам сүйлөгөн.

Баалап анын ар бир сөзүн,

Бала чактан үйрөнөм.

 

Арнап ага жан-дилимди,

Алам окуп, билимди.

Сүйлөп,

Ырдап,

Жомок айтып,

Сүйөм эне тилимди.

 

Эне тилде эркин сүйлөө,

Менин максат-тилегим!

Көңүл коюп, башка дагы,

Көп тилдерди билемин!

НЕБЕРЕ

Сүйлөп жатса небере,

Сөзү ширин эң эле.

Айтып бүткүс кубаныч,

Ата менен энеге.

 

Аздан-аздан кас туруп,

Ыйлап… кайра каткырып,

Үч көтөрөт тим эле,

Үйдүн ичин шат кылып.

 

Аракетин карагын,

Ал жасоодо кадамын.

Жарык болот үй ичи,

“Жарк” эттирсе кабагын.

 

Ай, небере, небере,

Мынча ысыксың сен неге?

Айтып бүткүс бакытсың,

Чоң ата, чоң энеңе.

ЖАЙ

Жай мезгили келгенде,

Жайнады гүлдөр бүт жерде.

Көпөлөктү “кон-кон” деп,

Бөбөктөр ойнойт күн кечке.

 

Алыста тоолор керилет,

Алдында айыл көрүнөт.

Ак кайың желге термелип,

Айлана тынч мемиреп.

 

Күмүштөй мөңгү жаркырап,

Агууда суулар шаркырап.

Жайлоого барып эс алсаң,

Жакшы экен жайкы убак.

ЭКИ СӨЗ

“ЭНЕ” деген ыйык сөз –

ЭНЕ ТИЛ болуп угулат.

“АТА” деген сөздү айтсак –

АТА ЖУРТ өңдүү туюлат.

ЭНЕ, АТА – ушул эки сөз –

Жашоону турат сулуулап.

 

ТУУРА ЖООП

– Апаң сага алма берсе,

Айтчы, эмне деш керек?

– Ага айтып ыракмат,

Анан гана жеш керек!

КИЧИНЕКЕЙ
ЖООКЕР

Алты жашаар Апсамат,

“Жоокермин!” – деп мактанат.

Анткени, ага атасы,

Сатып берген автомат.

 

Автоматы “татырап”, –

Желим октор атылат.

“Алга!”, “Алга!”, “Алгалап!”,

Ал досторун чакырат.

 

Эр жеткенде Апсамат,

Эл ишенчин аткарат!

Четте тураар “честь” берип,

Чек араны сак карап!

БАЛАЛУУ ҮЙ – БАЗАР

Бала – үйдүн чырагы,

Бала – өмүрдүн булагы.

Эркелесе таркайт го,

Эне-атанын кумары.

 

“Балалуу үй – базар” деп,

Бабалардан калган кеп.

Бактылуу болот ата-эне,

Балдарын сүйүп, жыттап-өөп.

 

Эңсейт, тилейт ата-эне,

Эр жетсе деп бат эле.

Акылдуу бала эр жетип,

Ак кызмат кылат эл-жерге!

КИМ БИЛЕТ?

(Ыр-табышмак)

“Ав!”, “Ав!” – деп күчүк үрөт.

“Мяу”, “мяулап” мышык жүрөт.

Чардаса бака саздан,

Баары ага кулак түрөт.

А балык кантип сүйлөйт,

Кана, балдар, ким билет?

АПА

Апа бизди төрөгөн,

Ал – күн!

Тийген төбөдөн.

Ашкан камкор,

Боорукер,

Мээримине бөлөгөн.

 

Апабызды сүйөбүз!

Ал – теңдешсиз,

Билебиз.

Кайгы-муңсуз эркелеп,

Каткырабыз,

Күлөбүз!

ОЙЛОНОМ

Эртең менен ойгоном,

Эмне иш жасайм? –

Ойлоном…

Жардам берем Апама,

Анан жагат ойногон.

БИЛИМ ҮЙҮ –
АК МЕКТЕП

Мектеп – билим үйүбүз,

Биз доордун гүлүбүз.

“Мекеним!” деп ырдасак,

Шаңдуу чыгат үнүбүз.

 

Тарбия, билим алабыз,

Таланттуу кыздар, балдарбыз.

Эже, агайлар үйрөтөт,

Эгерде болсо, чалабыз.

 

Билим үйү – ак мектеп,

Биз келебиз сага эңсеп.

Күндөй жаркып алдыда,

Күтүп турат келечек.

АК КАЛПАК

Алтын энем мага арнап,

Жасап берди ак калпак.

Кир кол менен кармабай,

Кийип жүр деп ардактап.

 

Ушул айткан сөзүмдү,

Көңүлгө бек түйгүнүң.

Ала-Тоонун үлгүсү –

Ак калпакты сүйгүнүң.

 

Апакемдин айтканын,

Көңүлдө сактайм ар дайым.

Барсам да чет өлкөгө,

Башымдан түшпөйт калпагым.

АЛА-ТООЛУК
БАЛДАРБЫЗ

Ала-Тоонун балдарыбыз,

Ажайып кооз аймагыбыз!

Алоолонуп кызгылт кечтер,

Аппак атат таңдарыбыз.

 

Ысык-Көлгө чөмүлөбүз,

Ыкчам сүзүп көнүгөбүз.

Күнгө күйүп,  сууну сүйүп,

Күзгү кылып көрүнөбүз.

 

Булгап суусун, атып кушун,

Учурбайлы жердин кутун!

Баатыр Манас урпагыбыз,

Бастырбайбыз жаттын бутун!

 

Ала-Тоонун балдарыбыз,

Ата-эненин ардагыбыз.

Күнөстүү тоо коюнунда

Күлүп, ырдап жайдарыбыз!

БАЛАЛЫК

“Балалык” деген – бал убак,

Бактарга турган ак бубак.

Балапан издеп кетсе да,

Баарынан кымбат ал курак.

 

Изин кууп, чалгын чаласың,

Издесең кайдан табасың?..

Оромпой тээп, чүкө аткан, –

Ойнуна канбай каласың…

 

Көк желе сымал кубулат,

Көзгө нур болуп куюлат.

Кайрылгыс алыс кетсе да,

Каткырык, ыйы угулат.

МУРАС

Ата-баба мурасы:

Боз үй,

Комуз,

Ак калпак.

Унутпастан буларды,

Уруналы ардактап.

 

Ар бир кыргыз баласы,

Ак калпакты кийишсин.

Ак боз үйдө олтуруп,

Комуз черте билишсин!

Элин-жерин сүйүшсүн!

ТЕНТЕК УЛАК

(Тамсил-ыр)

 

Үйүмдө бар улагым,

Так секирген чунагым.

Тентектенсе тилди укпай,

Чоюп коём кулагын.

 

Айталбаймын улактын,

Мындан ары угарын…

 

ТУШОО КЕСҮҮ

Алихан чыгып бир жашка,

Жаңыдан баса баштады.

Боюн бир аз токтотуп,

Алга кадам таштады.

 

Кана, Алихан, кас-кас!

Бали, Алихан, бас-бас!

 

Кана, кана, бөбөктай,

Дагы кадам таштагын!

Акырындап көнөсүң,

Ашыкпагын, шашпагын!

Кана, Алихан, кас-кас!

Бали, Алихан, бас-бас!

 

Тай-тай, бөбөк! Тай, бөбөк,

Эне-атага Ай бөбөк!

Жүгүрүп кет батыраак,

Жүрө бербей жөргөлөп.

 

Тай күлүк, Али, тай күлүк,

Ойноп кетчи жүгүрүп.

Бүгүн тушооң кесилди,

Колдосун Теңир өзүңдө!

КИМ БОЛОТ?

– Чоң ата деген ким болот?

– Ал – атаңдын атасы!

Тилин алып, сыйлап өс,

Тийет берген батасы.

 

– Чоң эне деген ким болот?

– Ал – атаңдын энеси.

Сен болосуң алардын

Сүйкүмдүү небереси.

 

– Таята деген ким болот?

– Ал – апаңдын атасы.

А сен анын жээнисиң,

Маанисин сөздүн байкачы.

 

– Таене деген ким болот?

– Ал – апаңдын энеси.

“Бабушка” деп шашылбай,

Байкоо керек эмеспи…