Айсулуу Тыныбекова күчтүү балбандардын тизмесинде 3-орунга илинди

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күчтүү балбандардын дүйнөлүк тизмесинде 3-орунга көтөрүлдү.

Тизменин жаңыланган рейтинги 6-июнда Индияда өткөн Азия чемпионатынын жана Азербайжандагы Ислам тилектештик оюндарынын жыйынтыгы менен жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекова Делидеги Азия чемпионатында эки алтын медалды катары менен тагынган. Ал эми Бакуда дагы бардык спортчулардан күчтүүлүгүн көрсөткөн.

Балбан кыз бир аптанын ичинде эки алтын медалды багынтуу менен 58 кг салмак категориясы боюнча 4-орундан 3-орунга көтөрүлгөн.

Тизмеде Айсулуу Тыныбекованын алдында, 1-орунда япониялык спортчу, 4 жолку олимпиада чемпиону Каори Ичо турса, 2-орунда тунистик балбан  Марва Амри бар. Ал эми, 4-орунду орусиялык спортчу Валерия Жолобова ээледи.