Чуйковдун сүрөтүндөгү кызыл жоолукчан кыздын апасы: «Балакетиңди алайын Чүйкөп Айымжамалды Москвага алып кетип окутайын десе…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


50 жылдан ашуун өмүрүн жалаң музей тармагына арнап келе жаткан, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрүп, эмгек жолун Пржевальск шаарындагы “Край таануу” музейинин директору катары баштап, 1995-жылдан бери Бишкек шаарынын мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын директору Арман МОМАХАНОВА айым бизге музей ишинин түгөнбөгөн түйшүктүү иштери жана андагы өтө кымбат, табылгыс баалуулуктар тууралуу айтып берди.

– Арман эже, сегиз мемориалдык музейге кайсылар кирет?

– Кыргыз сүрөт өнөрүн негиздеген Семён Чуйковдун, ошондой эле 1939-жылы келип, Кыргызстанды өмүрүнүн акырына чейин сүйүп жашаган скульптор Ольга Мануилованын музейи, сүрөтчү Гапар Айтиевдин музей-өнөрканасы, Исхак Раззаковдун музейи, Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи, Токтогул атындагы адабият жана искусство музейи, Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы, булардан сырткары Эркиндик бульварындагы ачык асман алдындагы айкелдер музейи. Ушунун баары чогулуп келип бир бириккен дирекцияны түзөт.

– Кайсы музейдин көрүүчүлөрү көп?

– Ар бир музейдин өз көрүүчүлөрү бар. Мисалы, Исхак Раззаков музейин алалы. Бул музейге экономикага, агрардык маданиятка кызыккан, ушул тармакта окуган студенттер, илимпоздор, өнөр адамдары байма-бай келишет. Айрыкча, жогорку окуу жайдын мугалимдери үчүн Раззаковдун музейи абдан таасирдүү окуу куралы болуп саналат. Мына жакында эле салттуу музыка жумалыгы болбодубу, ошондо биз И.Раззаковдун кыргыз искусствосуна, өнөр адамдарына, билим берүү тармагына канчалык эмгек кылганын чагылдырдык. 1958-жылдагы декаданы Москвага Раззаков өзү жетектеп барып, ийгиликтер менен келишкен. Так ошол жылдары кыргыз искусствосунун гүлдөгөн доору болгон.

– Алим Токторовдун Раззаков тууралуу тарткан киносу анын образын ачып бере алганбы?

– Тасманын көп эпизоддору дал ушул биздин музейде, анын өзүнүн кабинетинде тартылды. Раззаков дун өзүнүн кийимдерин кийгиздик, үстөлүнө отуруп, 40-жылдардагы сыя челектерин, телефондорун колдонду. Кино бүткөндөн кийин ар бир эпизодду талдап көрдүк. Ал кезде бир топ улуу муундагы инсандардын көзү тирүү эле, жакпаган жерлерин: “Бул жери окшошпой калыптыр”, – деп алдырып салдык. Тасма жакшы тартылды. Азыр бизде тасманын бир көчүрмөсү сакталып турат. Каалоочуларга байма-бай көрсөтүп турабыз.

Раззаков жубайы жана уулдары менен

– Музей качан уюштурулган?

– Бул имарат адегенде кыргыздын биринчи секретарлары үчүн резиденция катары курулуп, жетекчи болгондордун баары ушул үйдө жашаган, эң акырында Исхак Раззаков үй-бүлөсү менен турган, ал киши кеткенден кийин БКда иштеген кызматкерлердин балдары үчүн бала бакчага айланган. Кийин бул имаратта ПРООН отурган. Ошентип, 1997-жылдан баштап И.Раззаков фондун жетектеген А.Масалиев баш болуп, Кондучалова сыяктуу бир топ инсандар колдоп, ПРООНго улам келе берип, 2005-жылы алганбыз.

– Музейдин материалдарын канча убакытта, кантип чогулттуңуз?

– Архивде көп отурдук. Андан сырткары Раззаковдун кызы – Элмира эже агайдын буюмтайымдарын, кийимдерин, столунда турчу түнкү шамдарын берди. Турмуш деген ар кандай болот да, көчүп-конуп жүрүп жоголуп кеткендери да болуптур. Анын үстүнө Лейлектеги музейи мурда ачылгандыктан, көп экспонаттар ошол жакка кетип калган. Алардан биз орден, медалдарын сурап алдык. Калган буюм-теримдер ошол 40-жылдардагы колдонулган, эл ичиндеги баалуулуктар. Эч жерде жок сүрөттөрдү чогулттук. Мисалы, үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттө – өз уулу Эркинбек, балдар үйүнөн багып алган уулу – Эмил.

– Эмилди эмне себептен багып алышыптыр?

– Жубайы экөө тек гана балдар үйүнө барышса, төрт жаштагы кичинекей эркек бала алда кайдан кыйкырып ыйлап: “Ата, апа, мен силерди сагындым! Эмнеге көпкө келбей жаттыңар?!” – деп чуркап келип эле Раззаковду кучактап калыптыр. Мойнунан бекем кучактап алып, көпкө чейин кое бербей: “Болду, мени эми таштабагыла! Мен эми силерден калбайм!” – деп буркурап ыйлаган экен. Ошондо Разза ков жубайына карап: “Биз уулубузду жоготуп, таппай жүрсөк бул жакта турбайбы. Алып кетели”, – деген экен. Бирок эки уулу тең оорудан жаш эле каза болуп калышкан.

– Абдан кызык маалыматтарыңыз бар экен. Айтмакчы, ачык асман алдындагы музей тууралуу да кеп кыла кетсеңиз?

– Ачык асман алдындагы, тактап айтканда, бульвардагы айкелдер музейинин күйөрмандары абдан көп. Себеби, биринчиден – акысыз. Экинчиден, кызыктуу. Ар бир айкелдин, мисалы коомдук ишмер Аммосовдун, М.Ауэзовдун, Саякбай атабыздын, Курманжан датканын, ж.б. тарых-таржымалы абдан кызык. Ошондой эле бул айкелдер кимдин эмгегине таандык экенин, андан сырткары, ошол тегеректеги ар бир бактын тарыхы тууралуу айтып берүүгө туура келет.

Сүймөнкул Чокморовдун музейине көрүүчүлөр көп келет.

Чуйковдун музейине кызыккандар да көп. Анткени ал киши кыргыз сүрөт искусствосунун башында турган талант, ошондой эле ал азыркы Г.Айтиев атындагы музейди уюштурган. Ал өзү Пишпекте туулупөскөн. Мына бул темир жолдун тегереги ал кезде таштак талаа, ээн жер болчу экен. Кой-козу кайтарган кыргыз балдар, кыздар менен ошол жерлерде кошо ойноп чоңойгон. Кызыл жоолукчан кыз – Айымжамал Огомбаеваны тартуусуна да ошол себеп болгон.

– Музейде Айымжамал Огомбаева тууралуу маалымат барбы?

– Бар. Аны атайын издеп, таап барып жолугуп келгенбиз. ЫсыкАтага бараткан жолдо Карагайлаасында, токой чарбасында эмгектениптир. 1988-жылы Айымжамалдын сүрөтүнүн тартылып бүтө элек алгачкы үлгүсүн таап алып, баалуу экспонаттардын катарын толуктаганбыз.

– Кантип таап алдыңыз?

– Бульварда өтүп баратсам эле бир орус киши: “Токтосоңуз, сиз музейде иштейсиз да?” – дейт. “Ооба”. “Илгери менин атам Чуйков менен жакшы мамиледе экен. Ошол Чуйковдун сүрөтү деп айтышат, биздин үйдүн чатырында бир сүрөт бар. Аласыңарбы?” – дейт. “Э, кокуй, албай анан!” – деп барсам, ак материалга көмүр менен тартылган, Айымжамалдын эң биринчи сүрөтэскизи. Кирдеп калыптыр, реставрацияга берип, тазалап, музейге сактап койдук. Мындан сырткары, Чуйков абдан мыкты ырдаган экен. Алматыда сүрөтчүнүн окуусунда окуп жүргөндө казак опера-балетинде хордо ырдаптыр. Баарынан кызыгы, бул киши үйүндө кыргыздын шырдагы менен ала кийизин жерге салбай: “Бул деген нукура искусство!” – деп дубалга илчү экен. Андан сырткары жазуучу катары үч китеби жарык көргөн.

А.Момаханова
Чуйков жана Айымжамал