Панфилов районунун акими алмашты

Чүй облусунун Панфилов районунун акими Өмүр Ногоев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда кол койду.

Премьер-министрдин башка буйругуна ылайык, аталган райондун администрация башчылыгына Дамир Кулубаев дайындалды.