ӨКМ: Бүгүн дагы катуу шамал болушу ыктымал

ӨКМ бүгүн, 7-июнда дагы өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөөрүн эскертет.  Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы,  айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарында +20…+25, тоолуу райондордо +7…+12, бийик тоолуу райондордо 0…+5 гардус жылуу болот.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.