Казакстан: Экономикалык өнүгүү жолундагы инвестициялык жагымдуу шарттар

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”


 Учурда Казактан экономикалык жактан өнүгүү боюнча айтарлыктай жетишкендиктерге ээ болуп отурат. Жакында эле борбор шаар Нур-Султанда өткөн XII Астана экономикалык форумунда сөз сүйлөгөн дүйнөнүн белгилүү экономисттери өздөрүнүн баяндамаларында Казакстандын жетишкендиктерине да токтолуп өтүштү. Форумга 74 өлкөдөн 5600 делегат катышты. Форумдун жыйынтыгында Казакстан тарап жалпы көлөмү 8,7 млрд. доллар болгон 43 инвестициялык келишимге кол койду.

 Казакстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекеттердин ичинен азыркы убакытта ички дүң продукциясынын өсүмү, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү жана интеграциялануу боюнча Россиядан кийинки экинчи орунду ээледи. Статистикалык даректерге таянсак, эгемендик жылдарынан бери Казакстандын экономикасы 20 эсеге өсүп, жакырчылык 40 пайыздан 3 пайызга чейин кыскарган.

Учурда дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кошулган Казакстан 2050-жылы бакубат 30 өлкөнүн катарына кирүүнү мерчемдеп отурат.
Өлкөдө тышкы соода жүгүртүүсү 9 эсеге өскөн. 2018-жылы Казакстан менен Россия ортосундагы товар жүгүртүү 17,6 миллиард долларга жеткен. «EXANTE» эл аралык инвес­ти­циялык компаниясынын рейтингинде Казакстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинде товар жүгүртүү үлүшү 20,3 пайызды түзгөн.

Соңку жылдары Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-сатык байланышы арткан. 2017-жылга караганда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коңшу өлкөлөр менен соода жүгүртүү, жалпысынан, 18,4%га өсүп, 4,3 млрд. долларды түзгөн. Булардын ичинде Кыргызстандын үлүшү: 13,1% — $865,3 млн., Өзбекстан: 25,3% — $2,5 млрд., Тажикстан: 8% — $845,9 млн. болгон.

Экономикалык өнүгүүнүн башкы кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири ишкердикти өнүктүрүү экени маалым. Ал эми бизнести өнүктүрүү үчүн ага ылайык шарттарды түзүү абзел. Бул жаатта да Казакстандын алга илгерилөөсү байкалды. Бүткүл дүйнөлүк банктын бизнести жүргүзүү боюнча рейтингинде Казакстан дүйнөдөгү 190 өлкөнүн арасынан 36-орунду ээледи.

Казакстан экспортко багытталган индустриялаштыруу маселесин экономикалык саясаттын негизги элементи катары кароодо. Өкмөт кайра иштетүү өнөр жайындагы экспортчуларга колдоо көрсөтүп жатат. Бул максатта агымдагы үч жыл ичинде 500 млрд. теңге бөлүү каралган. Улуттук банкка артыкчылыктуу долбоорлор үчүн ишкерлерге 600 млрд. теңге насыя берүү жөнүндө тапшырма берилген.
Өлкөдө 2010-жылы «Бизнестин жол картасы – 2020» программасы күчүнө кирген. Ал 2025-жылга чейин узартылды. Аны жүзөгө ашыруу үчүн мамлекет жыл сайын 30 млрд. теңге каржы бөлүү чечимин кабыл алды. Ошондо 3 жыл ичинде 22 миң адам үчүн жаңы жумуш орду ачылат. Программаны ишке ашыруунун аркасында үч жылда куну 3 триллион теңге болгон продукцияны сатыкка чыгаруу пландаштырылууда.

Кайсыл өлкөнүн экономикасын мисалга алсак да, анын өнүгүүсүндө чет өлкөлүк инвестициянын тартылуусу чоң мааниге ээ. Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Нур Отан партиясынын XVIII съездинде эгемендик жылдарында Казакстанга 320 миллиард долларга жакын түз инвестиция тартылганын айтып өттү. Албетте, бул инвесторлор тарабынан Казакстандын туруктуу өнүгүп жатканына билдирилген ишеним да болчу. Ошол съездде эл башчы белгилегендей, экономикалык өнүгүүнүн аркасында жарандардын кирешеси жыйырма жылда 16 эсеге көбөйгөн. Эгемендик жылдарында инфратүзүмү ыңгайлуу 141 миллион чарчы метрден ашуун турак-жай үйлөрү салынган. 1400 заманбап саламаттыкты сактоо объектилери, 2865 жаңы мектеп, колледж жана бала бакча пайдаланууга берилген.

Экономика тармагы боюнча Казакстан баскан кадамынан жазбай , алга илгерилеп келет. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айынын жыйынтыгын чыгарган өлкөнүн статистика комитети экономикалык өсүштүн өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,1 пайызга өскөнүн жарыялады. Негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 2 триллион 914,4 млрд. теңгени түзгөн. Пайыздык көрсөткүч боюнча биринчи орунду курулуш тармагы ээлеп, анын 8,4%га өскөнү тастыкталган. Экинчи орунду соода тармагы ээлеген (+7,3%). Үчүнчү орунга 5 пайыздык көрсөткүч менен байланыш тармагы чыккан. Март айында жарандардын орто эсеп менен алганда, айлык эмгек акысы 98566 теңге болгон, бул 2018 жылдын ушул айына салыштырганда 15%га жогорулады деген сөз. Жумуш менен камсыз кылуу органдарында апрель айынын соңунда катталган жумушсуздардын саны – 160,7 миң адам. Бул өлкөдөгү жумушка жөндөмдүү адамдардын 1,8%ы.

Өлкөнүн жер астындагы пайдалуу кендеринин арбындыгы, алардын катарында мунай, темир, калайы, хром жана башка кен байлыктары Казакстандын экономикасынын өсүүсүнө чоң таасирин тийгизүүдө. Ал эми айыл чарбасы боюнча Казакстан буудайын экспортко чыгарган өлкөлөрдүн бири. Мал чарбачылыгы да жакшы өнүккөн, сүт-эт азыктарын өздөрү камсыз кыла алышат. Электр энергиясын өндүрүү боюнча башкаларга көз карандысыз өлкө болуп эсептелет. Экспортко, негизинен, газ, мунай, көмүр жана машина куруу жана металлургия өндүрүмдөрү чыгарылат. Учурда Казакстан даяр чийки заттарды экспорттоодон көрө, аларды кайра иштеп чыгып , продукция түрүндө экспорттоону колго алды. Казакстандын эл башчысы Нурсултан Назарбаев бир нече жылдан бери кен байлыктарын сарамжал пайдаланалы, анын запастары сакталганы жөн деп айтып келет.

Кийинки он жылда Казакстандын экономикасына салынган түз инвестициянын негизги бөлүгү чийки зат тармагына (пайдалуу кендерди казып алуу) тиешелүү болгон. Бирок, соңку убакытта өлкө өнөктөштөрүнө инвестиция мейкиндигин индустриялык долбоорлор жана кайра иштетүү өнөр жайы аркылуу кеңейтүүнү сунуш кылууда.

Өлкөдө агроөнөржай тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык жасалууда. Бул үчүн Казакстан долбоорлорду ишке ашыруучуларга инвестициялык жана тарифтик субсидиялоодон тартып салыктарды азайтууга чейин жеңилдиктерди бермекчи. Эгерде инвестор продукция өндүргөнгө кошумча аны кайра иштетүү менен алектенсе, мамлекет ага мүмкүнчүлүктү толук түзүп бере алат.

Инвестициялык жагымдуу маанай өкүм сүрүүсү үчүн Казакстан инвесторлордун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону кепилдейт. Казакстанда мамлекет менен инвесторлордун кызыкчылыктарын жуурулуштура турган, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иш алып барган бир катар органдар бар, алар: Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөлүк инвесторлор кеңеши, «Казак Инвест» улуттук компаниясы, Тышкы иштер министрлиги (инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу), Улуттук экономика министрлиги (инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу), Премьер-министрге караштуу Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңеш, облус акимдерине (жетекчилерине) караштуу Инвесторлор кеңеши, улуттук өнүктүрүү институттары.

«Казак Инвест» улуттук компаниясы инвес­тициялык долбоорлорду тейлөөлөрдү «бир терезе» принциби боюнча башталышынан ишке ашырылышына чейин толук камсыз кылат жана Казакстандын эркин экономикалык аймактары боюнча бирдиктүү координациялык борбору катары иштейт. Ал, ошондой эле, инвес­тициялык долбоорлорду ишке ашырууда макулдашылган шарттардын аткарылышын көзөмөлдөйт жана инвестор менен келишим түзүү учурунда Казакстан Өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргойт, ошондой эле инвесторду мамлекеттик тейлөөлөр системасынын кызматтары менен камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 11 эркин экономикалык аймак (ЭЭА) иш жүргүзүүдө. Жеңилдиктер белгиленген ченемдер боюнча казакстандык мыйзамдар менен бекитилген. ЭЭАнын бардык катышуучуларын корпоративдик киреше салыгынан, жер салыгынан жана мүлк салыгынан бошотуу каралган.

Эркин экономикалык аймактын территориясында товарлардын сатылуусунан кошумча нарк салыгы (КНС) алынбайт. Мындан тышкары, алардын экспортко чыгарылуусу бажы алымынан жана КНСтен, ташып кирүүсү бажы алымынан бошотулган.

2018-жылы «Kazakh Invest» компаниясынын катышуусу менен 3,1 млрд. доллар чет өлкөлүк капитал аркылуу 27 инвестициялык долбоор пайдаланууга берилген. Компаниянын 2019-жылдын январындагы мониторингдик тизмесинде жалпы көлөмү 39,6 млрд. доллар болгон 157 долбоор бар.

Ал эми, Казакстан боюнча, жалпы алганда, 2018-жылы 24 млрд. доллардан ашуун көлөмдө чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Бул Борбордук Азия өлкөлөрүнө келген инвестициянын 90 пайызы.

Казакстанда инвесторго ишке киришкен күндөн баштап кол кабыш жасалат. Бизнести баштоо, ачуу, андан ары жүргүзүү, виза алуу, мамлекеттик колдоону көрсөтүү боюнча бардык маселелерди чечүүгө жардам берилет.

Экономиканы өнүктүрүү жана чет өлкөлүк капиталдын келишин өбөлгөлөө, алдыңкы технологиялар аркылуу иштеп жаткан өндүрүш орундарын кеңейтүү жана жаңылоо, казакстандык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн жагымдуу маанайды түзүү максатында инвестициялык ишмердикти мамлекеттик колдоонун комплекстүү системасы киргизилген. Учурда мамлекет инвесторго кез келген объектке жана ишкердиктин бардык түрүнө инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берген.

Казакстан инвесторлорго (анын мамлекеттик же башка макамына карабастан) бир топ кепилдиктерди берет. Эң башкысы – жасалган келишимдердин Казакстандын мыйзамдарынын өзгөрүүсүнө көз карандысыз туруктуулугу жана сакталышы. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын Казакстандын мыйзамдарына ылайык келбеген актыларды чыгарганына, ошондой эле мамлекеттик кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетине (аракетсиздигине) байланыштуу инвесторлордун чеккен зыяндарынын ордун толтуруу укугу камсыздалган.

Улутташтыруу же реквизициялоо зарылчылыгы жаралган учурда инвесторго келтирилген чыгашалар толук кайтарылат жана төлөм мүлктөрдүн рыноктук баасы боюнча жүргүзүлөт.

Инвесторлорду мамлекет тарабынан толук колдоо, бизнести жүргүзүүнүн бардык этаптарындагы өзгөчө жагымдуу шарттар жана өлкөдөгү саясий туруктуулук чет өлкөлүк ири корпорациялардын Казакстандагы ишмердигине жакшы өбөлгө түзүүдө.

“Астана” эл аралык каржы борбору (AIFC) ишкерлерди капитал жана чет өлкөлүк инвестициялар менен камсыз кылуучу координациялык мекеме катары милдетти аткарууда. Мында борбордун англиялык үлгүдөгү көз карандысыз арбитраждык соту өздөрүндө жаралган талаш маселелерди өзү чечет.