Кыргызстан хоккей курамасы биринчи жолу Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы биринчи жолу Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык хоккей федерациясынын конгрессинде Бириккен Араб Эмиратында болгон квалификациялык турнирдеги чыр боюнча териштирүүнүн жыйынтыгыа Кыргызстандын пайдасына чыккан.

Кыргыз хоккейчилери үчүнчү эмес, төртүнчү дивизиондо Дүйнө биринчилигине катышат. 2020-жылы Дүйнө чемпионаты Бишкек шаарында 2 – 8-мартта өтөт. Ага Кувейт, Малайзия жана Филиппиндин курама командалары катышат. Бул турнирдин жеңүүчүсү кийинки этапка өтүп, Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгат.

Эске салсак, 2019-жылдын 31-мартынан 6-апрелине чейин Абу-Даби шаарында Кыргызстан бардык оюндарында жеңишке жетип, биринчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок БАЭ Хоккей боюнча эл аралык федерацияга арызданып, Хоккей боюнча эл аралык федерация Кыргызстанга 4 техникалык жеңилүүнү жазган.