Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды

Кыргызстандык чек арачылар өзбекстандык эки автоунааны токтотуу үчүн ок атып, Өзбекстандын жараны жаракат алды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя 31-майда Ош облусунун Араван районундагы Тогуз-Булак жергесинде болгон. Чек ара нөөмөтү чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасы чек арачылардын токтоо талабына баш ийишкен эмес. Эскертүү иретинде абага ок атылганына карабастан, автоунаалар жолун улап, Кыргызстандын чек ара нөөмөтү автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында, Өзбекстандын бир жараны жаракат алган. Ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары – МККнын чек ара аскерлеринин командири менен телефондук сүйлөшүү болгон. Анда чек ара мекемелеринин башчылары, биргелешкен иликтөө жүргүзүү үчүн окуя жерине чек ара өкүлдөрүн жөнөтүүнү чечишкен.

Учурда болгон окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн КРнын Ош облусу боюнча чек ара өкүлү менен Өзбекстандын МКК Чек ара аскерлеринин Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуусу өтүүдө.