Чүйдө жоголуп кеткен үч бала Өзгөндөн табылды

Чүй облусунда жоголгон үч бала Өзгөндөн табылгандыгы тууралуу аймактык ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык 5-июнь күнү Чүй облусунун Панфилов районунан бир маалда үч бала жоголуп кеткен. Окуя кечки саат 18.30дар чамасында болгон. Жоголгондор 12 жаштагы Рамазан, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбековдор жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова болчу.

Балдар Ош облусунун Өзгөн районунан табылды. Көрсө алар туугандарынын үйүнө кеткен экен. Окуучулар кантип республиканын бир жагынан экинчи жагына жеткендиги азырынча белгисиз. Үчөөнүн тең акыбалдары жакшы.