Баткен өрүгү Американын дүкөнүндө сатыкка чыкчудай

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Баткен районунун Кара-Бак айылындагы кургатылган мөмөжемиштерди кайра иштетүүчү «Алтын Аймак» компаниясы АКШдагы жаңы сатып алуучу менен 3 тоннадан ашык кургатылган өрүк боюнча келишим түздү. Эми Баткендин өрүгү «Кыргызстанда жасалган» деген белги менен АКШнын «KD» аттуу соода дүкөнүндө да сатыкка чыгууда. Бул тууралуу маалыматты аталган компания менен өнөктөш болуп иштеп келе жаткан USAID “Агро горизонт” долбоорунун өкүлдөрү билдиришти.

«Алтын Аймак» жаңы сатып алуучуну Амирабай уулу Жыргалдын (сүрөттө) жардамы аркылуу тапты. Ал USAID Агро горизонт долбоору боюнча өткөн жаштардын айыл чарбасындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Жаштар үчүн стажировкалар» программасынын катышуучусу. Анын айтканына караганда, USAID «Алтын Аймак» компаниясына 2017-жылдан бери колдоо көрсөтүп келет. Анын негизинде компания өнүккөн өлкөлөрдүн рынокторунун талаптарына жооп берген жогорку сапаттуу продукцияны чыгарууга мүмкүндүк алды. 2018-жылдын апрель айынан баштап «Алтын Аймак» АКШдагы башка сатып алуучуга 30 тоннадан ашык кургатылган мөмө-жемиштерди жеткирүүгө жетишти.

— Мен бул стажировкадан ишкананын жүрүшү боюнча маалыматтарга ээ болуп, аны тажрыйбада колдоно алдым. Стажировканын башында иш-кагаздары менен иштөө жагын тандап, баарын ирети менен үйрөнө баштадым. Анда товарларды экспорт кылганга керектүү документтерди топтоо жана жөнөтүү жолдору жана дагы башка талап кылынуучу шарттары менен таанышып, иш жүзүндө колдондум.

Ошондой эле, тамак-аш ишканасындагы технологдордун ишине да кызыгып, HACCP тамак-аш коопсуздугун башкаруу системасы туурасында түшүнүк алууга да жетиштим.

Тамак-аш продукциясынын сапатын, товардын маркировкасында кандай маалыматтар камтылышы керектигин жана анын этикеткасын карап-көрүүдө эмнелерге көңүл буруу керек экендигин үйрөнө алдым. Мындан тышкары, чийки заттарды кабыл алуу, жууп-тазалоо, упаковкалоо жана сактоо процесстери менен таанышып чыктым, — дейт Жыргал.

Белгилей кетчү жагдай, Баткен районундагы Кара-Бак айылындагы «Алтын Аймак» компаниясынын директору Курбанбек Обозовдун айтымында, бул кыргызтажик ишкерлер биргелешип түптөгөн ишкана. Айырмасы, бул ишкананын жардамында кургатылган мөмө-жемиштер Кыргызстанда кайра иштетилет. Мурун, дээрлик бардык продукция кошуна өлкөдө акыркы этаптарына чейин кайрадан иштетилчү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *