Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик: «Канткенде чыныгы кыргыз боло алабыз?»

Буга чейинкисин бул жерден окуңуз

Кооптондурганы – азыркы мектептердин абалы. Билим берүү, тарбиялоо жаатында аныкталган көз караштардын жоктугу, кеңешчилердин көзүн карап, улуттук кызыкчылыкка дал келеби, келбейби ойлонулбай, талкууланып, изилденбей эле ар түрдүү жарамсыз чечимдердин кабыл алынгандыгы. Эгер биз, мектепти, мугалимдерди сактап кала албасак, анда көзкарандысыздыгыбыздан кол жууп, күчтүү мамлекеттердин жүгүрүк баласына айланабыз. Элибиздин келечеги – сапаттуу билимде.

– Агай, кыргыздын айыгышкыс душманы бар, ал – кыргызчылык. Аны кандай жеңүүгө болор эле?

– Кыргыздын айыгышкан душманы – кыргызчылык дегенге анча эле кошула бербейм. Бул кайсы-бир даражада кыргызга анчалык эле күйө бербеген жандын айтканыбы? – деп да ойлоп кетемин. Кыргыздай жоомарт, берешен, улууну урматтаган, “байлык – колдун кири”, – деп, адамгерчиликти, боорукерликти, күйүмдүүлүктү, уят, намысты, абийирди жогору койгон эл дүйнөдө аз эле болсо керек. Албетте, кемчиликтери да бар. Кемчилиги жок ким, эмне бар дейсиң? “Кадалып карасаң, сүттүн да карасы бар” – дегенди унутууга болбойт.

Азыркы учурда, менин оюмча, кыргызчылыкты жеңүү эмес, аны бекемдөө маселеси өтө актуалдуу. Кыргызчылыкты бекемдөө дегенди мен тилди, каада-салтты, улуттук дөөлөттөрдү, улуттук адабият менен маданиятты эске алып жатамын. Болбосо, ааламдашуунун селинде көзгө илинбеген бир чамындыдай агып, улуттугубуздан да, мамлекеттүүлүгүбүздөн да ажырап калышыбыз ыктымал…

Өзүбүздөгү “Кыргызчылыгыбызды” жеңгенде гана, чыныгы кыргыз боло алабыз!

– Сиз табыгий илимдин адамысыз. Кудайга ишенесизби? Диндин мамлекет турмушундагы орду? Кыргызстандын келечеги светтик коомдобу?

– Бул суроого жогорудагы “Динсиз илим – коркунучтуу, илимсиз дин – түркөйлүк”, – дегенди кайталап, жооп бергим келди. Анткени дин адамдын ишенимин, жан дүйнөсүн, ыйманын калыптандырса, илим аалам сырын, адам сырын ачып берет. Бири-бирисиз дин менен илим майып адамдай болуп калат. Биз Совет доорунда 70 жыл динге каршы күрөштүк, бирок адамдардын жүрөгүнөн алып сала алдыкпы? Жок. Себеби ар бир жарыкка келген пенде үчүн керек, зарыл. Дүйнөнү дүңгүрөткөн окумуштуулар, жазуучулар Кудайга ишенишкен. Ага мисал өтө эле көп. Мен да ошолордун биримин. Диндин ырым-жырымдарын толук аткарбасам да, “Алхамдулла мусулманмын, Аллахтын кулу, пайгамбардын үмөтүмүн” деген пенделердин катарына кирем.

Кийинки кездерде светтик коомбузбу, диний коомбузбу? – деген суроолор көп коюлуп калды. Бирин тандашыбыз керек деген радикалдар да чыгууда. Экөө бирибирине каршы келбейт, бири-бирин толуктайт, – дегендер да бар. Мен да дин менен илимди, светтик коом менен диний коомду бири-бирине каршы койбой, экөөн ыктуу жуурулуштуруп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу керек дегендерди колдоймун. Адамга светтик билим да, диний билим да керек, зарыл. Бирок, Кыргызстандын келечеги светтик коомдо деп айтаар элем.

Адам бу жашоодо дайыма ишеним менен жашашы керек. Ишеним – Жаратканга болгон сүйүүнүн эң башкы өзөгү…

– Акыркы суроо: Сиз ата-энеңизди түшүңүздө көрөсүзбү?

– Мен бүгүн эмнеге жетишсем, кандай бийиктиктерге чыксам – баары үчүн, өйдөдө айтканымдай, ата-энеме милдеттүүмүн деп эсептеймин. Жогоруда белгилегенимдей, алар жөнөкөй, ак эмгеги менен күн көргөн, бизди да ак эмгекке тарбиялаган, эл алдында жер карабай турган кылып эрезеге жеткирген карапайым асыл жандар эле. Өзүм ата, чоң ата, таята болуп, чеберелерди көрүп жашым да бир топ барып калганыма карабастан, кубанганымда, капа болгонумда ата-энемди эстеймин. Арбак сезет деген чынбы, ошондой ысыксууктарда дайым түшүмө кирет. Жүзүмөн сүйөт, кеңеш айтат, маңдайымдан сылайт, бирдемелерди айткылары келет, баталарын беришет. Андай учурларда жеңилденип, мокосом, курчуп, өчүп турган ындыным жаркып, көңүлүм көтөрүлүп калат. Чай ичсем да, арбактарына арнап куран окуймун. Баарыбыздын эрте-кеч барар жагыбыз ошол жак деп, өзүмдү өзүм сооротомун. Түш да адамдын жашоосу…

Маектешкен Нурлан АСАНОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *