Кымбатчылык башталды

Өткөн аптанын аягында “Газпромдун” мунайзат куйчу жайлардагы солярканын бир литринин баасы 55 сомго дейре көтөрүлдү. Күйүүчү май кымбаттаган соң бизде жалпы кымбатчылык башталары шексиз.

Анткени өлкөбүздөгү жүктөрдүн дээрлик басымдуу бөлүгү автоунааларда ташылат. Бизде темир жол, суу жолу, учактарда ташуу өнүккөн эмес. Демек, иликтеп көрсөк ар бир килограмм азык-түлүккө же мөмө-жемиш менен жашылчага жол киреси кошулат. Бишкектеги саналуу автобустардагы жол акысы арга жок кымбаттайт. Россия менен Казакстандан, Өзбекстан менен Кытайдан ташуулардын баасы жогорулайт. Акыбетинде базардагы баа кыска аралыкта көтөрүлөрүн күтө бериңиздер.

Деги эле биз мыкты жаратылыш шартыбыз бар болуп туруп өзүбүздү өзүбүз азык-түлүк менен камсыз кыла албаган жарым жан мамлекет экенбиз. Жыл сайын чет жактардан 300 миң тонна буудай, 110 миң тонна ун, 25 миң тонна өсүмдүк майын жана эң өкүнүчтүүсү – 60 миң тонна кумшекерди жана 50 миң тоннадай этти импорттоп сатып алабыз. Ушуну өзүбүз өндүрсөк болбойт беле? Болот эле. Республикабыздын экспортунун көрсөткүчү 1,9 млрд. доллар болсо, импорттуку 5,7 млрд. доллар экен. Биз “бейиштин төрүнөн” орун алганыбыз менен башкалардын эсебинен күн көргөн жан бакты өлкө экенбиз. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи кварталдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыздын көлөмү 4,45 млрд. долларды түзгөн, же 6,4 млн. калкыбызга бөлө келгенде орточо 702 долларды түзөт. Мамлекеттик карыз республикабыздын ички дүң продукциясынын 51,4 пайызына жетти.

Кыргызстандагы банктардын 25-40 пайыздык насыяларынан таптакыр пайда жок. Америкада, Европада насыянын пайызы 2-3төн ашпайт. Банкирлер ишкерге жардамга келишет. Биздечи? Бизде Бишкектеги банкирлер чет мамлекеттерден карызга акча алышып дубандарга 14-16 пайыз менен таркатышат. Алар район-шаарларга дагы 7-8 пайызды кошушат. Акырында бечара элдин колуна 21-24 пайыздан тиет.

Калааларда жол киренин наркы арзан деп келебиз. Эми күйүүчү майдын шылтоосу менен баанын жогорулашы шексиз. Маселен автобустардагы жол кире 8 сомдон 12-15 сомго өйдөлөшү мүмкүн. Ошондо троллейбустардагы жол кире да параллелдүү түрдө көтөрүлөт деп ойлойм. Анткени булардагы жол кире бирдей эле.

Күйүүчү майдын наркын кармап туруунун жолу бар беле? Бар болчу. Мына, Казакстанда күйүүчү майдын наркы биздин акчага которгондо орточо 26 эле сомду түзөт экен. Биз эмне үчүн коңшулаш казак боордошторду аттап өтүп алыскы Россиядан ташып жатабыз, таптакыр түшүнбөймүн! Мүмкүн бул жерде коррупциянын элементтери бардыр.

Адылжан ЖАЖАНОВ, Бишкек шаары