Эл кызы эс алууда

Кыргыз Республикасынын эл артисти, легендарлуу “Кыз Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА Европанын 5 өлкөсүндө эс алып кайтты. Ар дайым эмгектин үстүндө болуп, “Кыз Брактын”  жеңилин жерден, оорун колдон алган бул инсан жыл сайын чет жерлерге чыгып эс алууну салтка айланткан. Быйыл Португалия, Испания, Италия, Франция, Түркия мамлекеттеринин борбор шаарларына барып, он күн эс алуу менен бирге аталган өлкөлөрдүн маданияты, тарыхы менен жакындан таанышып, айрым искусство чөйрөсүндөгү инсандар менен баарлашып, чыгармачылык жаатында тажрыйба алмашып келди.