Маданиятка салым кошкон бир катар кызматкерлер сыйланды

Маданиятка кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Ардак грамотасы менен, Дүйшембиева Гүлназ Карыбековна – А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет артисткасы, Абышев Кубанычбек Насырович – Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Музыка жана ырдоо» кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, Базылов Данияр Мурзабекович – Чүй облусунун Жайыл районунун райондук маданият үйүнүн башчысы сыйланды.

Ошондой эле премьер-министрдин энчилүү сааты менен А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепкананын кызматкерлери Шабданова Чолпон Кемелбековна жана Тагаева Динара Сатыбековна сыйланды.

Ал эми, «Маданияттын мыкты кызматкери» тɵш белгиси менен россиялык скульптор Дубровин Иван Юрьевич сыйланды