«Кураторго» да кезек келип жетти…

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


3-июнь күнү УКМКнын басма сөз борбору “Чет элдик инвесторлордун ишкердик объектилерин рейдерлик басып алууну ишке ашырышкан айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгында кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган иш чаралардан улам, КРнын КЖКсынын 319-бер. (“Коррупция”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин (КЖБР) автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн оперативдүү тергөө иш чараларынын жүрүшүндө М.Арабаевдин жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарга тиешелүү экендиги аныкталганын жана 2-июлда М.Арабаев КРнын УПКсынын 98-бер. каралган тартипте кармалганын жана УКМКнын ТИЗОсунун УКИсине киргизилгенин” билдирди.

Буга чейин ага 200 миң доллар пара берүүгө байланышкан кылмыш ишинин фигуранты экендиги жөнүндө маалымат да чыгып кеткен. Бирок, УКМКдан аны жокко чыгарышкан.

2016-жылы ноябрда парламентарий Канат Исаев судьялар Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас менен УКМКнын Ак үйдө отурган Алмаз аттуу кызматкери айткандай чечим чыгарып калышканын айтып чыккан. 2018-жылдын 17-апрелинде дагы бир парламентарий Тынчтык Шайназаров соттук чечимдерди чыгарууда Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымов кийлигишип жатышканын айткан. А бир айдан кийин — 15-майда М.Арабаев кызматынан бошотулган.

Убагында Индира Жолдубаева Башкы прокурор болуп кеткенден кийин, анын ордун баскан М.Арабаев жөнүндө А.Атамбаевдин бийлиги убагында ар кандай сөздөр айтылганы менен Атамбаев дагы, ал өзү дагы аларды карамандай танып келишкен.

Мисалы, Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун мурдагы төрайымы Максуда Оморова Фейсбукка анын кызы Гүлчехра Оморованы Октябрь райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулгандыгын М.Арабаев менен байланыштырып жазып чыккан. Анын айтымында, А.Арабаев райсоттун ошол кездеги төрагасы (азыр издөөдө жүргөн) Эркин Чоткараевге телефон чалып, прокуратуранын чуулгандуу кызматкери Жаныбек Салиевди кызматына кайра коюуга буйрук берген. Г.Оморова ал буйрукту аткарбагандан улам кызматынан кетирилгени айтылган. Ош прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин кылмыш иши боюнча да М.Арабаевдин жогоруда аты аталган Э.Чоткараевге катынан кийин кылмышкердин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Бул биз эстегендердин чети эле. Кырктын кырынан жаңы ашкан М.Арабаев жөнүндө сөздөр өтө көп. Анын өмүр баянынын өзү көптөгөн суроолорду жараткан. Ошентсе да А.Атамбаев бийликте турган убакта диплому жок адамдардын атайын кызматтарда иштеши, өмүр баянында көптөгөн “кара тактары” бар адамдардын жогорку бийлик бутактарында отурушу кадимки көрүнүш болуп калбады беле.

Кыскартып айтканда, мурдагы мамлекет башчысынын “айдоочусунан” кем калышпаган “куратордун” кармалышы өткөн бийликтин дагы бир топ “быкыйларын” ачыктай турганында шек жок. Биз дагы окуялардын жүрүшүнө көз салып турмакчыбыз.