Аймактар өнүксө өлкө өнүгөт: Президент таза суу көйгөйүн көзгө сайып көрсөттү

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстан дүйнө суктанган суу башындагы өлкө. Өкүнүчтүүсү дарыяларыбыз көз алдыбызда аркырап агып жатканы менен ичүүчү таза суу менен толук камсыз болгон эмеспиз. Бүгүнкү күндө таза суу көйгөйү эбегейсиз каражат жумшоону талап кылган, өтө олуттуу маселеге айланды. Андан да күйгүзгөнү эгемендиктин эртеси эле башталган “Таза суу” долбоору, канчалаган каражаттын башын жегени менен аягына чыккан жок. Тескерисинче, коррупциянын уюгуна айланып, ызы-чуусу басылбай келет. Учурда “Таза суу” долбоорунун биринчи этабынын алкагында бүткөрүлдү делген 47 долбоор текшерилип, анын 18и боюнча Баш прокуратура башын катырып иштеп жатат.

Былтыр болгону 42 айыл таза суу менен камсыз болуптур

Жакында өткөн Өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын калкынын 35,5 пайызы таза суу менен камсыз болбогондугу айтылды. Былтыр эле бул көрсөткүч 40 пайызды түзчү. Кичине болсо да жылыш бар окшойт. Аталган жыйында айтылгандай өлкөдө 1819 айыл болсо, анын 267си баягы союз кезинде, тагыраагы алтымышынчы жылдарда курулган суу куурларын пайдаланып жатышыптыр. Ал эми 386 айылдын жашоочулары таза суу деген жакшылыктан таш жалак калышыптыр, башкача айтканда арыктын суусун пайдаланып келишет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2023-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагын таза суу менен камсыз кылуу талабын коюп жатат. Ал жакында эле болуп өткөн “Аймактар үчүн Таза суу” Форумунда бул маселеге кенири токтолуп, жасалуучу иштерди ыкчамдатууну тапшырды. “Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду. Бүгүн “Таза суу” долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд. 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылууда. Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны – кредиттик түрдө 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат”, – деди ал.

Көрүнүп тургандай таза суу менен камсыз кылууга ири каражаттар тартылган. Ошого карабастан бул багытта бүткөрүлгөн долбоорлор чеке жылытпайт. Фактыга кайрылсак былтыр таза суу көздөн учкан 653 айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин,17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болуптур (экөөнү кошкондо 42). Республикалык масштабдан алганда мен муну “жыргаткан” көрсөткүч эмес деп айтаар элем. Төмөн, абдан эле төмөн! Анткени, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиясында өлкөнү 2026-жылга чейин таза суу менен камсыз кылуу каралган болчу. Президент бул мөөнөттү кыскартып 2023-жылда аякташыбыз керек деп жатат. Мындай тейибиз менен жүрүп отурсак бул мөөнөттө үлгүрбөй калышыбыз толук мүмкүн. Жогорку көрсөткүчтү “жыргатпайт” деп жатканымдын себеби ушул.

Муну кандай түшүнөбүз?

Муну Президент дагы белгилеп, көп жумуштар, анын ичинде донорлордун жакшы демилгелери, борбордук органдардын жана жергиликтүү бийликтин ыкшоолугунан аткарылбай калганын ачык айтты. Көрсө, долбоорлорду даярдоо мөөнөтүнөн баштап, даярдалган кредиттик жана гранттык келишимдерди Жогорку Кенештен ратификациядан өткөрүүгө чейинки убакыт эки, үч жылдын башын жейт экен. Бул эмне деген шалаакылык?! Донорлор “айланайындар, акча мына долбооруңарды бере салгыла” деп турса, кыймылдагандын ордуна элди таза сууга мукуратып жаткан эмне болгон мамлекеттик бийлик структуралары?!

Баарыдан мурда таза сууга элет эли, аймактардагы калктуу пункттар, шаарлар муктаж экени белгилүү. Президент аталган форумда айрым аймактардагы шаарларда мындай көрүнүш төрт, беш жылга чейин созулган фактыларды келтирди. Айтылгандай таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүдө айрым министрликтер жана ведомстволор берилген материалдарды (долбоорлорду) өз убагында карашпай создуктуруп отуруп алышыптыр. Ошондой эле көпчүлүк мэриялар донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын ар кандай шылтоолор менен саясаттын куралына айландырып, өз мөөнөтүндө өздөштүрбөйт экен. Бул эмне саботажбы же шалаакылыкпы? Кандай деп түшүнсөк болот?

Каралбаган Кара-Балта, Токмок… Жалтактаган Жалал-Абад… Өздөштүрбөгөн Өзгөн… Президент буга байланыштуу бир катар мисалдарды айтты.. “Чүй облусунун Кара-Балта жана Токмок шаарларында долбоорлордун башталышы 2012-2015 жылдарга таандык болгондугуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин толук күчүнө кире элек. Жалал-Абад шаарынын өз алдынча башкаруу органдары мурунку чакырылыштагы шаардык кенештин чечимин негизсиз четке кагышкан. Донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражатын алаарын же албасын ачыктабай, экинчи этаптагы (2016- 2023-ж.ж.) инвестиция тартуу мөөнөтүн 8 айга создуктуруп жиберишкен. Ал эми, Өзгөн шаарынын мэриясы шалаакылык кылып, 2017-жылы шаарга тартылып берилген 11 млн. евро акча каражатынын бүгүнкү күнгө чейин 1 сомун дагы өздөштүргөн эмес»…

Сооронбай Жээнбеков тарабынан эки жылдан бери “Аймактарды өнүктүрүү” маселеси курч коюлуп келет. Тилекке каршы Кыргызстандын экономикалык өнүгүү багытын аныктаган Президенттин бул саясатын жергиликтүү бийлик жеткиликтүү түшүнө албай жаткандай таасир калтырат. Болбосо, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу аймактарды өнүктүрүүнүн ана башы экенин жогоруда Президент мисалга келтирген жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери билишпейби? Же билгиси келишпейби?! Башкасын коелу Өзгөн шаарынын мэриясы оозуна жөн акча эмес, 11 млн. еврону шыкап берсе дагы, таза суу менен камсыз кылууда кылдай иш бүтүрбөй жатканы кечиримсиз иш! Кечирип койгула, мындай мэриянын жетекчилигин желкеге чаап эле айдап ийсе болоор эле!

Инвестиция тарткыла! Инвестиция!

Өлкөнү таза суу менен камсыз кылууда сырттан инвестиция тартып келмейин ишибиз жүрбөй турганы да белгилүү. Бирок, Президент күйүп-бышып айткандай айрым министрликтер жана ведомстволор бул багытта инвестиция тартууга кайдыгерлик кылып, бул маселенин чечүү жолдорун издешпей жана аны аткарбай жатышыптыр. “Мисал катары айтсам, менин 2018 — жылдын июнь айындагы Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарымда 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант алуу маселеси чечилген. Акча каражатын тартуу маселеси боюнча Экономика министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлгөн эмес”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жакында эле Экономика министри О.Панкратов кызматынан кетти. Анын кызматтан кетишине Президенттин жогорку айткан сыны толук таасир бериши мүмкүн. Ошону менен Президент Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук администрациялар жана айыл өкмөттөр, мамлекетти эле карап отура бербей,өздөрү да бул маселени чечүүдө сырттан инвестиция тартуусун катуу талап кылып буларды айтты: “Бюджеттик эмес фонддордун жана башка булактардын эсебинен да айылдын таза суу маселесин чечүүгө багытталган аракеттерди күчөткүлө. Мамлекет тарабынан курулуп, эксплуатацияга өткөрүлүп берилген таза суу курулмалары жергиликтүү жамааттар тарабынан туура пайдаланылбай, белгиленген тартипте техникалык жактан каралбай калууда. Бул маселеге жергиликтүү бийлик кайдыгер мамиле жасап, көзөмөлдүн жоктугунан, таза суу курулмалары 50-60 жылдык иштөө мөөнөтүнүн ордуна, 5-6 жылга чыдабай иштен чыгып калган учурлар ондоп саналат. Мындай мамилени кескин түрдө оңдош керек».

Таза суу саясаты тамаша эмес!

Сооронбай Жээнбеков көзгө сайып көрсөтүп жаткандай өлкөнү таза суу менен камсыз кылууда тийиштүү айыл-кыштактарга, элдүү пункттарга таза сууну жеткирип коюу менен эле иш бүтпөйт. Аны дайыма күтө билиш да керек. Ушул өңүттөн алганда жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмаларын реабилитациядан өткөрүү зарылчылыгы турат. Демек, калкты сапаттуу таза суу менен туруктуу камсыздап туруу жергиликтүү болобу, шаардык болобу бийликтин эң негизги милдети!

Кошумчалай кетсек акыркы жылдарда Кыргызстандын таза суу көйгөйүн чечүү үчүн Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да каражат бөлүнүп келет. Алсак, 2014-жылы бюджеттен 25 млн. сом бөлүнсө, 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Өкмөт бул сумманы дагы 500 млн. сомго чейин жеткирүүнү көздөөдө.

Ошону менен Кыргызстанды таза суу менен камсыз кылуу саясаты жаңы деңгээлге чыгып, өлкөнүн бардык деңгээлдеги тиешелүү бийлик органдарынын өлүпталып иштөөсүн талап кылууда. Башкысы мындан ары элдин көңүлүнө көк таштай тийген таза суу маселесин чечүүдө мурдагыдай шалаакылыкка, кайдыгер мамилеге жол берилбей тургандыгы ачык-айкын болуп калды.