Мирхамид ТОКТОГУЛ: «Калпак кийүү менен, мурасты башыма көтөрүп жүргөндөй сезем»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил» каналындагы «Тоолуктардын ток-шоусу», «Байыркынын издери» берүүлөрүн алып барып, унутта калган улуттук каада-салтты, тамак-аш, оюн-зоок, үрп-адаттарыбызды чечмелеп элге таанытып жүргөн «Кыргыз таануу» көрсөтүүсүнүн автору Мирхамид Токтогул жана жубайы «Кыргыз таануу» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Шаакан Токтогулду маекке тарттык.

— Сиздерди журналисттерден турган өзгөчө үй-бүлө катары билем. Чыгармачыл түгөй болуунун оор-жеңили тууралуу айтып берсеңиздер?

М.Т.: Деги эле түгөй болуу, ириде окшоштукту, үндөштүктү талап кылат эмеспи. Эгер жубайлардын көп жагы төп келсе, анда алардын жашоосунда кыйынчылыктар азыраак болот дешет. Ал эми биз көп тараптан кызыкчылыктар дал келгендиктен, турмуштук кыйын кырдаалдардан тез чыгып кетебиз.

Ш.Т.: Ооба, экөөбүз тең бир тармактын кишилери болгондуктан, көрсөтүү жасайбызбы, макала жазабызбы, бири-бирибизди дайыма толуктап турабыз. Бул жагынан жеңил десек болот. Ал эми оорчулугу, күнүмдүк турмуштун көр оокаты мени кээде аласалдырып жиберет. Ошол учурда түгөйүм дагы чыгармачыл адам болгондуктан турмуштун жүгүн анчейин этибарга ала бербейт да, жашоонун майда маселелери менен жеке калгандай болом. Экөөбүз узакка маектешип, айрым бир түшүнүктөрдү талкуулайбыз же жер-сууну тайып келебиз, анан жашоодогу чыныгы ордумду сезгендей болом.

— Мирхамид, сизди ар дайым калпакчан көрөбүз. Экөөңөрдүн экранда дагы стилиңер өзгөчө, бул атайын имиджпи?

М.Т.: Калпакты кичинемден кийип чоңойгондуктан, көнүмүш нерсе, ал нерсе туруктуу дресс-кодго айланды. Кайсы бир деңгээлде имидж десе да болчудай. Анан калса калпак кийүү менен, мурасты башыма көтөрүп жүргөндөй сезем.

Ш.Т.: Айткан сөзүбүзгө кылган ишибиз дал келиши керек да. Улуттук баалуулуктар менен аң сезимдин деңгээлинде аракет кылган соң, жүргөн-турганыбыз дагы ал нерсеге ылайык келиши керек деген ойдобуз.

— Теледе, радиодо алып баруучу болуу балалыктан келген кыялыңыздарбы?

М.Т.: Менин кичинемден кыялданганым башка нерсе болчу. Ал эми телерадиодо иштейм деп эч ойлогон эмесмин. Бирок бул тармакта эмгектенүү түпкү мүдөөлөрүмө төп келет.

Ш.Т.: А мен кичинекей кезимден бери кыялданып жүрчүмүн. Турмушка чыккандан кийин, бар дараметимди үй-бүлөгө жумшайм деп, ал максаттарыман баш тарткамын. Бирок кийин жолдошумдун демилгеси, колдоосу менен кыялым ишке ашты.

— Экөөңүздөр тең улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен алексиздер, буга кандайча келип калдыңыздар?

М.Т.: Мектептин соңку класстарында окуп аткан кездерде эл, улут, кыргыз, улуттук аң-сезим, келечек деген түшүнүктөр бар оюмду ээлей баштады. Атүгүл бул багытта Каракол шаарында жаштар уюмун ачтык. Анан ошол дем менен мектепти бүтүрүп шаарга келдик. Шаарда улуттук баалуулуктар дээрлик унутта калган болчу. Көптөгөн жыйындар, жолугушуулар, талкуулардан өттүк. Бирибиз батышчыл, бирибиз чыгышчыл, бирибиз динчил, бирибиз улутчул болгон жаштар агымдары пайда боло баштады. Бул 2000-жылдардын башы эле. Анан окшошту окшош тартат болуп, кыргызчыл, мекенчил балдардын баштары бириге баштады. Ошентип 2004-жылы салттуу баалуулуктарды, улуттук дөөлөт-мурастарды жайылтуу максатында “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмеси уюшулду. 2005-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ошол жылдан тарта “Кыргыз таануу” аталышында талкуулардын концепциясын иштеп чыгып Бишкектин ЖОЖдорунда өтө баштадык. Кийинки жылдары Ош, Жалал-Абад, ТашКөмүр, Талас, Нарын шаарларында уюмдун өкүлчүлүгү, талкуулар ачылды. Жыл сайын улуттук майрамдар белгиленип турду. Аталган уюм жаңы жаштар менен жаңыланып азыркы күнү да иштеп келе жатат. Уюмдан көптөгөн балдар өсүп чыктык. Баары өз багытында улуттук көрөңгөнү уютуу менен иштеп жүрүшөт.

Ш.Т.: Шаарга келгенде эле жакшы чөйрөгө туш келдим. Дал ошол уюмга келип, өзөгүмдөгү нерсени тапкандай болдум. Кыргыздын керемет дүйнөсүн улам билген сайын, элдин тамыры өтө тереңде экенине, элдик билимдердин аалам чындыгына шайкеш келерине ынана бердим.

— Журналистика — төртүнчү бийлик, элдин үнү, бийлик менен калктын ортосундагы көпүрө деген аныктамалар айтылып жүрөт. Сиздерге ушулардын кайсынысы жакыныраак?

М.Т.: Журналистикада руханий, улуттук, адамзат баалуулуктар багытында эмгектенип жүргөндүктөн, мамлекеттин идеологиялык нугун карманганга аракет жасайм. Мен үчүн азыркы тапта бул кесипти, коомдун баалуулуктарын калыптандыруучу тармак катары көрөм.

Ш.Т.: Мен өзүм чынында журналистиканы элди агартуучу күч катары көрөм.

— Учурда жаштарга эмне жетишпейт жана сиздер аларга кандай кеңештерди бересиздер? — М.Т.: Менимче жаштар үчүн баары жетиштүү. Каражаты, мүмкүнчүлүгү, шарттары, эң башкысы тандоо эркиндиги. Болгону өлкөнүн деңгээлинде муунду тарбиялоочу туруктуу улуттук баалуулуктар тутуму жетишпей турат. Себеби, ар кандай саясий, руханий, диний, адептик экспансиялар азыркы муунду туш тараптан тытмалап салды. Өз элинин өзөгүнө каршы чыккан, өзгөнү туу туткан манкурттар пайда болду. Аларга сөз жетпейт, кеп жебейт. Айрымдар үчүн Кыргыз жок, “Манас” жок, комуз жок. Бул кейиштүү жагдай. Бирок сырттан караганда бул биздин замандын көйгөйү. Болгондо да сырткы миссионерлердин кайырмагына илинип, өз тамырына балта шилтегендердин жоопкерчилигинде. Туруктуу саясий эрктин жетеги менен мамлекеттик деңгээлдеги ири чечимдер жана өзөктү карманган атуулдардын көмөгү менен жеңсе боло турган иш.

Ш.Т.: Азыркы жаштар ата-бабасынын баалуу кеп-казынасын, өнөр-кенчин, улуттук өзөгүн таанып, анан замандын техникалык жетишкендиктерин пайдалануу менен элге пайда алып келе турган ийгиликтерге жетишине тилектешмин.