Турмуштан каржалгандарга кол сунган Имамидин

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Расмий маалыматтарга таянсак Кыргызстанда 200дөн ашуун бай адамдар бар. Бирок алардын баары эле кайрымдуулук жасай беришпейт. Учурда өзүлөрүнө бата, сооп алууну көздөп, тааныш-билиштерине кымбат тойканаларда ооз ачтыргандар көбөйдү. Каражатын кандай чачууну ар бир бардар адам өзү чечет деңизчи. Бирок 2 000 же 500 кишиге ооз ачтырууга караганда жардамга муктаждарга даректүү жардам берсе, жараткан анын сообун эселеп бермектир. Ансыз да зулумдук менен каражаты барлар бийлеген доор агымында оорукчан майыптар эмес, жашоо катардагы адам үчүн да барган сайын кыйындап баратканда коомдун аяр катмарына кайдыгерлик менен карабай даректүү колдоо көрсөткөн берешен адамдардын кайрымдуулук иштери алкоого аларлык.

Адам атпайдын баары эле жумшак сөзгө, жылуу мамилеге муктаж. Ал эми турмушунан кыйналып, жетишсиз жашаган адам мындай мамилени эки эсе зарыгып күтөт. Анткени атам замандан бери эле кыйналганга боор тартып, жылуу сөз айтып, маўдайынан сылап, колунда барын берген март адамдар болуп келген. Ишкер Имамидин Ташов турмуштан каржалган адамдарга кол сунуп, жакшылыкка үмүт берип келген берешен жигиттердин бири. Ал муктаждарга берген тамак-аш коробкасы 5-6 күнгө азык болуп берер, бирок кеп мында деле эмес. Сезимдерге жакшылыктын нурун себелеп, жашоо кара мүртөз, алдым-жуттум, өзүмчүл гана адамдардан турбасына ишеним, үмүт бергендиги менен да баалуу.

Кайрымдуулук иш-чарага чакырылгандардын жүзүнөн мен мына ушуну сездим. Бул күнү 350дөй адам Имамидин Ташовдон жылуу сөз угуп, анын колунан 12 киллограммдан азык-түлүк алышты. Алардын баары компания менен мурдатан бери байланышта болуп, колдоо алып келгендер. Айрымдары бир убакта ар кандай жагдайдан улам компанияга Турмуштан каржалгандарга кол сунган Имамидин өзүлөрү жардам сурап кайрылып калышкандар болсо, айрымдары мамлекеттик социалдык коргоо мекемелери тарабынан компаниянын кайрылуусу менен сунушталган коомдун аяр катмарынын өкүлдөрү. Ошондой эле дүлөйлөр жана дудуктар коомдорунун өкүлдөрү да жардам алышты.

Ишкер Имамидин Ташовдун мындай кайрымдуулук иш-чарасына көп убакыттан бери күбө болуп келебиз. Ал дайыма “Биздин тилек мамлекетибиз өсүп-өнүп, жарандарына толук камкордук кылган, элибиз кайрымдуулукка муктаж болуп, кыйналып-кысталып жашабаган күнгө жетсек дейбиз. Кудай буюруса, андай жашоо-турмушка да жетебиз”, – дейт. Ооба, “жакшы тилек – жарым ырыс” дейт эмеспи. Мамлекетибиз өсүп-өнүп, элибиз бакубат жашаган заман да болор. Бирок адамдагы боорукердик, берешендик, жылуу сөз жана жумшак мамиле ар убакта эле актуалдуу бойдон кала берери шексиз.

Төрт жылдан бери көп балалуу үй-бүлөлөргө жана Кыргыз эл артисти Чоро Дубанаевге, журналист маркум У.Эгизбаевдин жубайына бекер батир берип, оорукчан, майып балдардын үйүнө жана жоокерлерге 2 миллион сомдон ашык колдоо көрсөткөн Имамидин жакында эле жарыкка келген төрт эм баланын ата-энесин батирлүү кылууну, аны менен катар Москвада жашаган коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызын өз мекенине алып келүүнү көздөгөнүн айтат. Ал: “Бул белекке берчү батирибиздин биринчиси эмес. Кыргызстандын демографиялык өсүшүн колдоону көздөп, көп балалуу үй-бүлөлөрдү камкордукка алуу максатында кайрымдуулук иретинде төрт жылдан бери бекер батир берип келатабыз. Көп балалуу жаш үйбүлөлөрдүн материалдык абалына ыктабай, ар бир төрөлгөн баланын ырыскысына жараша колдоо көрсөтүүдөбүз. Андыктан компаниябызды акыркы эки-үч жылдан бери эл кайрымдуулук компаниясы катарында да тааныды. Кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө муктаж болгон калктын аяр катмарына бир эле жыл жардам көрсөтпөстөн, аны салтка айландырып, жыл сайын материалдык колдоо көрсөтүп келатабыз”, – дейт.

Анын мындай кайрымдуулук иштери алкоого арзыйт. Анткени 200дөн ашуун байлардын арасында мындай жыл сайын бекер батир бергендер болгон эмес. Андыктан демократиялык түзүлүштүн шарапаты менен бизге келген капиталисттик-монополисттик рынок шартында амалкөйлүк менен бакубат жашоого жетишкен байларыбыздын жүрөгүнө жараткан боорукердик менен мээрим берсин. Алганды эле эмес, бергенди да билген, жүрөгүнө ыйман менен берешендик байырлаган, колунда бар оокатын муктаждар менен бөлүшкөн Имамидиндей инсандар көп болсун дейли…