Артыбызда кандай муун өсүп келатат?..

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Орустун улуу акыны Ю.Лермонтов өз мезгилинде өз мууну тууралуу: “Печально я гляжу на наше поколенье! Его грядущее — иль пусто, иль темно, Меж тем под бременем познанья и сомненья, В бездействии состарится оно”, — деп жазганы бар. Сыягы, бардык замандарда бул маселе курч бойдон кала берет окшобойбу. Биз да убагында, өткөн кылымдын 80-90-жылдарда орус акынын “туурап”, өз муунубуздун жүзүнө муңайым тиктеп, атажурттун тагдыры кандай болор экен, биз атабабалардын көчүн татыктуу улантып кете алаар бекенбиз, бизден кийинки муун бизге наалат айтпас бекен деп санаа тарткан элек.

… Бүгүн да заман ырайы бузулуп турат. Келечегибиз болгон жаштар, асыресе өспүрүмдөр, 20-30 жаштагылар турмуш жолунда жаза басып, калпыс кадамдарга барып, адам акылына сыйбаган жоруктарды жасаганын көргөндө, жүрөк тилинет. Мектеп рекэти айыккыс дартка айланды. Аны айтпаганда, мектеп окуучуларынын ортосундагы чыр-чатактар он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек өспүрүмдөрдүн өлүмү менен аяктаган фактылар күн санап арбып барат. Алыс барбай, кечээ жакында болгон окуяларды айталы. 28-май күнү таңкы саат 7де Бишкектеги балдар ооруканасында №48-мектептин окуу­чусу ур-токмок жеп каза тапты. Кылмышка 9-класстын окуучусу шектелүүдө.

9-класстын окуучусунун мээсине кан уюп, дарыгерлер аны ажалдан арачалап кала алган эмес. №3-шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери: «Бала кечинде өзү келген. Түнү менен дарыгерлер текшергенбиз, таңкы саат алтыда туруп, анализин тапшыргандан кийин комага түшүп калды. Мээсине кан куюлуп кетиптир. Биз адатта балдарга «баш сөөгү чайкалган» деген диагноз коюлганда кетирбей, дароо ооруканага жаткырабыз. Анткени байкалбаган симптомдор болушу мүмкүн. Бул жолу ошондой болду. Бала өзү басып жүрүп эле ооруканада каза болгондой болуп жатат. Анын мээсине кан куюлуп кетиптир. Башынан оор сокку алган. Менимче, аны спортчу же күчтүү адам урган” дейт. Ошентип, бир өспүрүм өмүр менен коштошту. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү Жазык кодексинин 138-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады.

Минтип, бир өспүрүмдүн денеси муздай электе, Базар-Коргондо да жүрөк титиреткен окуя болду. 28-майда Интернетте катар тизилген окуучуларды белгисиз бирөө четинен уруп жатканы тартылган видео тарады. Көрсө, бул окуя Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагындагы мектептердин бириндеги окуучулардын арасында болуп, 9-класстын окуучуларын уруп жаткан 11-класстын окуучусу экен. “Отелло” жактырган кызын кызганып, балдарды урган имиш.

Мүмкүн, айрымдар өспүрүмдөрдүн көкүрөгүнөн ыйман кетти, балдар дин жолуна түшсө, мүмкүн мындай болбос эле дешээр. Антейин десең, 30-майда Ошто 15 жаштагы Саматты медреседе окуган теңтушу сайып салганы, 15 жаштагы 8-класстын окуучусу Ош облустук ооруканасында алган жаратынан улам көз жумганы белгилүү болду. Окуучулар арасындагы мындай зордукзомбулук жана биринин өлүмү менен аяктаган окуяларга кандайдыр бир комментарий берүү, кимдир-бирөөнү күнөөлөп, ким-бирөөнү жактап сөз кылуу өтө кыйын. Буга ким күнөөлүү? Коомбу, ата-энеби, жетишпеген турмушпу? Ким, эмне?!! Жооп да, сөз таба албайсың. Минтип, каны суюк өспүрүмдөрдүн жоругу жолдо калсын дейин десең, акыл-эси токтолуп калгандарынын жоруктары андан укмуш, акылга сыйгыс. 28-майда Ат-Башыда жүрөк титиреткен окуя катталган. Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 25 жаштагы Б.у.К. аттуу жигит 36 жаштагы И.Ш. аттуу аялды Ат-Башы айылынын жашоочусунун үйүнө алып барып, оболу сабап, анан зордуктап салыптыр. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, ойду омкоруп, тоону томкорор жигиттин жасаган иши ушул.

Төбө чачты тик тургузган окуялар муну менен бүтүп калбайт, мындай фактылар четтен чыгат. Жакында эле Нарында шаардык сот мурда соттолгон 21 жаштагы Д.у.Д. кылмыш иши боюнча чечимин чыгарып, 20 жылга эркинен ажыратты. Сот өкүмүндө, күнөөкөр Нарын шаарындагы автобекет аймагынан У.М. менен таанышып, чогуу арак ичип, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Д.уД. У.М. өлтүрө сабап, анан жансыз денени зор дуктап салганы айтылат.

Мына ушундай. 20 менен 30 жаштагылардын кылган кылыктары ушул. Артыбызда өсүп келаткан жаш муундун арасында адамдык бийик касиетти эмес, аңгиликти, айбандыкты туу тутуп жашагандар кездешет экен. Мүмкүн ошондон улам, айрым жазмакерлер: “кыргыз – кулдук психологиядан кутулбаган калкпы?” деп күлүп, элдин элдүүлүгүнө шек келтирип күлүп жатышкан чыгар. Ырасында, тигилер табасы канып күлгөндөй эле бар.

Кытай булактарынан 5 миң жылдык тарыхыбыз табылганын айтып, дүйнөгө мактаныч кылгыбыз келет. А тигиндей айбандык ишти 5 миң жылдык тарыхы бар эл жасайбы, же жасабайбы, муну да ойлонуп койсок, ашыкча болбос эле. Мындан 10-15 жыл мурда, экономикабыз артка кеткенин айтып намыстанчу элек. Бүгүн, адамдык нарк-насилибиз тепсендиде калды. Өз кан-жанынан жаралган кызын зордуктаган аталар чыгып жатат! Эмнеси болсо эле, экономикабы же башкасын күнөөлөйбүз, аңгиге айланган аталар үчүн да экономика күнөөлүүбү?

Келечек муундун кебетеси бул болсо, тиякта, 2010-жылдагы түштүктөгү июнь окуяларынын учурунда милиционерди өлтүргөндүгү жана улуттар аралык жаңжалды козутканы үчүн өмүр бою эркинен ажыраган Азимжан Аскаров абакта жатып алып, эртели-кеч кимдерге наалат айта турганын жар салды. Кылган күнөөсү үчүн башын жерге салып, өкүнүп калбай, тескерисинче кайра тишин кайрап жатат. А анын наалатын Интернет сайттары элге “сүйүнчүлөп”, алды комментарий бергенге үлгүрдү. Бул эмнени түшүндүрөт? Интернет сайттар качан мамлекет ичиндеги мамлекетке, абакта жаткандарды мамлекетке каршы тукурган шыкакчыга айланды эле? Арийне, буга таңгалбаса болот. Улуттар ортосундагы жаңжалды козуткан А.Аскаровго АКШнын мамдепартаменти адам укугун коргоо тармагындагы сыйлыгын ыйгарганда эле көп нерсе түшүнүктүү болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *