“Кыргыз Туусуна” – 95 жыл: «Кыргыз Туусу» менин тагдырымда

Азыр ойлосом, “Кыргыз Туусу” гезити чынында эле менин тагдырым болуптур. Анткени, 1966-жылдан берки өмүрүм ушул гезит менен бирге өтүп келатканы буга күбө. Көп нерсе ойго келет. Редакцияга биринчи келген күндөр, чыгармачылыктын алгачкы чыйырлары. Журналист катары тушоом кесилип, анын сыймыктуу да, түйшүктүү да, ысык-суугу, ачуу-таттуусу көп тирлигине аралашканым. Ошол жылдары эмгек жамаатынын эң жашы мен элем. Эми минтип 82 жашка чыгып, эң улуусу болдум.

Ооба, мен өзүмдү азыр да чыгармачылык жамааттын мүчөсүмүн деп эсептейм. Туу тутуп каниет эткеним – редакциянын жалпы жамааты мени ардагер катары ызааттап турганы. Ошого жетине албай кубанам. Ушул тууру бийик туңгуч гезит менен, анын улуу-кичүү эмгек жамааты менен тагдырлаш болуп калганым үчүн кубанам.

Кээде улуттук китепканага барып, библиография бөлүмүнөн картотекаларды карап калам. Анда Б.Алыкулов деген атайын уяча бар. Анда эмнелер гана жок. Алгачкы аңгемелеримен тартып, ушул күнгө чейинки жазгандарым… Карап отуруп таң калам. Өткөн күндөр, түркүн тагдырлар шурудай тизилип, көз алдыман чубурат. Бирде жазгандарымды жыйнап, китеп кылып чыгарсам канча том болор эле? Эми минтип жазгандарым гезит беттеринде гана калган тура деп ойлосом, бир туруп мезгил менен адымдап, анын ыргак күүсүн жазып гезит бетине калтырыпмын деп сыймыктанам.

Ушинтип картотекалардан көзгө урунган ар кыл жанрдагы макалалардын аталыштарынан эле өзүбүз жашаган, кызмат өтөгөн заманыбыздын күү-шоокуму угулгандай, ыргагы туюлгандай агым-арымы сезилгендей болот. Демек, өткөн кылымдын биринчи чейрегинде Кыргыз мамлекети менен бирге көз жарган улуттук туңгуч гезит “Эркин тоо” азыркы “Кыргыз Туусу” мамлекеттин руханий туусун көтөрүп, очогуна от жандырган ыйык коломтосу катары ак кызматын азыр да өтөп жатат. Мындан туура 95 жыл мурда 1924-жылы “Эркин тоонун” биринчи санынын жарык көрүшү менен улуттук басма сөздүн тарыхы башталган. Ошол тарых мына. Кылымга тете мезгил бою үзгүлтүккө учурабай чыгууда. Убакыт өткөн сайын даңазасы, кадыр-баркы артууда. Анын зоболосунун жогорулашында, анда иштеген калемгерлердин ар биринин энчилүү эмгек үлүшү бар. Азыр 50 жылдан ашуун убакытка созулган журналисттик жолумду эскерип жатып, калем кайраткерлеринин бири, сүйүктүү устатым – Дүйшөнбай Айткуловго агыман жарылып ыраазычылык айтуу атуулдук парзым деп билем.

Дүйшөнбай ага менен көп жыл бою бир бөлмөдө отуруп, өрнөгүн көрдүм. Таалимин алдым. Ал ички тазалыгы менен сырткы тазалыгы айкалышкан, адамдарга бирдей мамиле жасаган, тубаса мырзалык сапатка ээ, түз ойлоп, түз сүйлөгөн, керек учурда кемчилдикти бетке айткан ачык-айрым инсан болгон. Ал чыныгы гезитчи-журналист болгон. Өзү кызмат өтөгөн “Советтик Кыргызстан” гезитин ак дилинен кастарлап, баалай турган. Бир сөзү эсимден эч кетпейт. “Гезитибиз – замандын санжырачысы. Аны биз журналисттер таржымалайбыз. Ошондуктан, жазгандарыбыз алакандагыдай даана, акыйкат болуш керек. Күндүн күрөө тамырын кармап, жүрөк кагышын тыңшап, мезгилдин алдыңкы сабында, күрөштүн чордонунда жүргөнүбүз кажет. Анткени, бул гезит – биз үчүн, кыргыздар үчүн ыйык басылма. Мамлекетибиздин идеологиялык байрагы. Жакшылыктын жарчысы, жамандыктын камчысы. Демек, баарыбыз гезит бетине калемибизди төшөп, өлкөбүз үчүн ак кызмат өтөшүбүз керек”, – деп айткан. Дүйшөн ага өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин ошол кызматты ак аткарды…

Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет болушу менен аң-сезимибизде, турмуш-тиричилигибизде кайра жаралуунун жаңы өнүмү, кыртышы пайда болду. “Советтик Кыргызстан”, – “Кыргыз Туусу” болуп өзгөрүп, мамлекеттин ички-тышкы саясатын дүйнөгө тааныткан улуттук санжыргалуу басылмага айланды. Алдыга коюлган максат – 95 жыл мурда “Эркин тоодон” башталган чыгармачыл салтты улантуу, эл биримдигине көпүрө болуу, тарых-маданиятыбыз тууралуу талыкпай жазуу, жаңы муундун жан дүйнөсүндө атуулдук сезимдин ойгонушуна үлүш кошуу эле. Анын үзүрү азыр ачык байкалууда. “Кыргыз Туусу” аркылуу ар бир окурман, азыр өзүнүн ким экенин аңдап сезип жатат. Ушундан туңгуч гезиттин тагдырындагы даңазалуу эрөөл майданы, аткарар озуйпасы ачык көрүнүүдө. Ошентип, “Кыргыз Туусунун” менин тагдырымдагы орду опол тоодой. Чыгармачылыгымдын алгачкы барагын ушул куттуу гезиттен ачтым эле. Буюрса, дагы деле улантып келе жатам. Ошого ыраазымын.

“Кыргыз Туусу” жашоодогу тагдырым,
Сенден алдым жеткенимдин бардыгын.
Калемгердик сындан өтчү жарышта,
Өзүң болдуң эң биринчи маалимим.
Кыйма-чийме журналисттик жол менен,
Кыйыр басып, ашуу ашып мен келем.
Кыйын кезең ошол сынчы сапарда,
Мен өзүңө уул болгон өңдөнөм.
Айтсам азыр жүрөгүмдүн талабын,
Ар убакта сенден кубат аламын,
Курчуйт андан журналисттик каламым,
Сага келүү, кайра үйгө барарым,
Болоор соңку жашоодогу кадамым!

 

Бекбай АЛЫКУЛОВ, “Кыргыз Туусунун” Ардактуу кабарчысы,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер