Кадамжайда жибек өндүрүлүүдө

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кадамжай районунда жибек өндүрүлүп, алгачкы түшүм 1 килограммы 150 сомдон сатылды. Кадамжайга Өзбекстандан 35 куту жибек курту алынып келген. Алар Алга, Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак, Майдан, Масалиев жана Үч-Коргон айыл аймактарындагы 22 адамга таратылган. Бүгүнкү күндө 35 кутудан 1800 кг жибек алынды.

Жибек курттары май айынын башында айыл өкмөттөрдөгү жибекчиликти жакындан түшүнгөн каалоочуларга таратылган. Минтип, 20-25 күндүн ичинде өз түшүмүн берип отурат.

– Буюрса, бул демилге мындан ары өнүгөт. Райондо жибек куртун багууга толук шарт бар. Бизде өндүрүлгөн пилла (диаелет — жибек куртунун сыртынан оролгон ичке жиптен чырмалган калың тор) калың болуп, сапаты да жакшы болот. Мунун себеби кошуна өлкөгө караганда аба ырайы салкын болуп, тыт жалбырактары бат эле куурап калбайт. Кантсе да калкыбыз жумуш орду менен камсыз болууда. Жибек куртун баккандар, тыт дарагынын шагы менен отундуу да болуп калышат. Жибек курттары кант диабети сыяктуу ооруларга дары дешет. Айтор, бул демилге калкыбызга ар тараптуу пайда алып келет», – деди район акими Ж.Исаков.

«Кадамжай Жибек Сервис» кооперативинин башчысы Муроджан Икрамовдун айтымында, келээрки жылы жибекчиликти 2-3 эсеге көбөйтүү колго алынат. Жибекти кайра иштетүүчү кичи фабрикаларды Кадамжай районунда ачуу күтүлүп жатат.

Фергана облусунун «Агропилла» бирикмесинин жетекчисинин орун басары Абдулатив Ботобаевдин айтымында, бул жибектерден ар кандай кездемелер жасалат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *